00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Всемирный день чистоты: как Кыргызстан готовится к большому субботнику?
12:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Майыптарды реабилитациялоо борбору кандай кызматтарды көрсөтөт? - Аларды акысыз пайдалануу үчүн эмне кылуу керек?
13:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
"Үлүштүк курулуш" турак жай каржылоо механизми кандай жеңилдиктерди берет?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Ежедневная авторская программа
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жерге мунапыс берүү ишин аяктоого кандай тоскоолдуктар жаралууда?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Экономический обзор недели
18:06
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстандын бильярд ардагерлери дүйнө чемпионатын багындырышты — кий чеберлеринин ийгиликтери
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Жерге мунапыс берүү ишин аяктоого кандай тоскоолдуктар жаралууда?
23:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Муниципалдык инспекция 7-августтан 21-августка чейин Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга карата 484 протокол түздү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 млн 680 миң 500 сомго жетти. Анда көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн 263 протокол, турмуш-тиричилик жана башка буюмдарды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн 108 протокол түзүлгөн. Белгиленгендей, борбор калаада көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга каршы рейддер күн сайын өткөрүлүүдө. Аныкталган ар бир факты катталып, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында ар кандай мектеп предметтери боюнча 1мин 300дөн ашык мугалим жетишпейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кадрдын жетишсиздиги эң көп Бишкек шаарында. Ошондой эле Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында мугалимдердин олуттуу жетишсиздиги бар. Нарын,Талас, Ош облустарында жана Ош шаарында абал жакшы. Мугалимдерге эң чоң муктаждык орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде, өзгөчө математика, орус жана англис тилдери, информатика, физика боюнча жетишсиз болууда. Башкармалык ушул жылдын 15-августунан тарта орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын түздөн-түз тапшырмасы менен жаш мугалимдерди мектептерге кабыл ала баштаганын баса белгиледи. Белгилей кетсек, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мектептер дагы бош орундарга мугалимдерди тартуу боюнча иш алып барууда.
Улуттук банктын башкармалыгынын токтомунун долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, мобилдик тиркемелер менен интернет-банкинг аркылуу акча которууларда комиссиялык төлөмдөрдү жокко чыгаруу сунушталууда. Мунун ичинде банктар ортосундагы транзакциялар дагы камтылган. Кеп банктык эсептерди, карталарды жана электрондук капчыктарды колдонуу менен жасалган которуулар жөнүндө болуп жатат. Кыргызстандын Улуттук банкы накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иштер көптөн бери жүрүп жатканын белгиледи. Эсептешүүнүн бул түрү өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун өнүктүрүү факторлорунун бири болуп саналып, каржы операцияларынын ачыктыгын камсыз кылат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетти байытууда, коррупцияны алдын алууда жана адам факторунун таасирин азайтууда маанилүү ролду ойнойт. Белгиленгендей, продуктуну ишке киргизүү баскычында мобилдик тиркеме аркылуу сунушталган бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт жана ар кандай лоялдуулук программаларын камтыйт.
Бир мандаттуу № 13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоого катышуу ниетин 15 талапкер билдирген. Анын 12си эркек, үчөө аял. Төрт талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Эске салсак, аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0