00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:57
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Что делать если стройкомпания нарушила сроки сдачи квартир — советы юриста
14:08
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Курчаган тоолор жана аба коридорлорунун орду өзгөчө - Эмне үчүн Бишкек ыштан арыла албай жатат?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От подвига к наследию: музеи и образовательные проекты, посвящённые памяти Победы
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Поэзияда жаңы ысымдар, жаңы дем – Жаштарга жол ачкан “Жаш акын” сынагы өттү
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как регулируется туристическая сфера в КР и нужен ли ей более жесткий контроль
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
2025-жыл. Кыргызстан эл аралык экономикалык алакаларын кандай түздү?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Курчаган тоолор жана аба коридорлорунун орду өзгөчө - Эмне үчүн Бишкек ыштан арыла албай жатат?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргызстандыктар 29,9 миллиард сомдук микрокредиттерди алды. Насыя алган адамдардын саны 561 миңди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматта алты айда калкка берилген насыянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,6 эсеге көп экендиги айтылат. Микрокредит алуучулардын эң көбү Бишкек шаарында, насыя алгандардын 22 пайызы борбор калаада жашайт. Андан кийин эле 16 пайызы Ош шаарында, 15 пайызы Жалал-Абадда, Ал эми 14 пайызы Чүй облусунда жашайт. Микрокредиттердин 50,7 пайызы керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген. Ал эми 22 пайызы айыл чарбасына, 12 пайыз соодага жана 5 пайыз курулуш багытында берилген.
Жаңы окуу жылынын алдында УКМКнын кызматкерлери Бишкектеги бир катар мектеп, бала бакчалардын директорлору менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул иштердин билим берүү системасындагы коррупцияны алдын алуу үчүн жасалганы айтылды. Тагыраагы, балдарды 1-класска киргизүүдө, башка мектептерге которууда жана бала бакчаларга орноштуруудагы мыйзамсыз иштерге жол бербөө боюнча кадамдар жасалып жатканы белгилүү болду. Комитеттин кызматкерлери билим берүү тармагында акча берген жана алган учурлар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишкен.
Эми коммуналдык төлөмдөрдү "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүүгө болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Бул функция колдонмонун жаңы версиясында жеткиликтүү. Ал "Газпром Кыргызстан", "Тазалык", НЕСК, "Бишкек жылуулук энерго" жана "Бишкек суу канал" сыяктуу кызмат көрсөтүүчүлөрдү бириктирет. Башкача айтканда, шаардыктар газ, электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана таштанды чыгаруу үчүн төлөй алышат. Эскерте кетсек, бул тиркеме аркылуу коомдук транспорттун кыймылына да көз салууга болот.
Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын салттуу баалуулуктарын сактаган чет элдиктерди колдоо боюнча жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтар жарыяланчу расмий порталга жайгаштырылган. Анда өз мамлекетиндеги деструктивдүү неолибералдык түзүмдөрдү таңуулаган саясатка макул болбой чыгып кеткен чет элдиктер жана жарандыгы жоктор Россияда убактылуу жашап турганга уруксат ала алышары айтылган. Муну менен катар эле Россия мыйзамдары менен орус тилин билерин тастыктап, тапшырган документтери жана өкмөт бекиткен квота эске алынбайт. Путин, мындан сырткары, Тышкы иштер министрлигине неолибералдык баалуулуктарды таңуулаган мамлекеттердин тизмесин түзүүгө тапшырма берген. Аны өкмөт бекитет.
Жаңылыктар түрмөгү
0