00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өлкө транспорттук туңгуюктан чыгат. Президент темир жолчуларды куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Садыр Жапаров
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2024
Жазылуу
Президент темир жол тармагы чыгашалуу болуп, жарым миллиард сомдон ашык карызга батканын белгилеген.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өлкөнү транспорттук туңгуюктан чыгарат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктоосунда айтылат.
Президент аталган тармак чыгашалуу болуп, жарым миллиард сомдон ашуун карызга батканын белгилеген. Анын айтымында, темир жол тармагын өнүктүрүү жаатында реформалар жүргүзүлүүдө.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктоосу

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктоосу - Sputnik Кыргызстан
1/2

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент аталган тармак чыгашалуу болуп, жарым миллиард сомдон ашуун карызга батканын белгилеген.

Президент аталган тармак чыгашалуу болуп, жарым миллиард сомдон ашуун карызга батканын белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Президент аталган тармак чыгашалуу болуп, жарым миллиард сомдон ашуун карызга батканын белгилеген.

1/2

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктоосу

2/2

Президент аталган тармак чыгашалуу болуп, жарым миллиард сомдон ашуун карызга батканын белгилеген.

"Советтер Союзунан 424,6 чакырым темир жолду мурастап калганбыз. Эгемендик жылдарында бир метр дагы темир жол курулган эмес. Мамлекетке бул тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү жана зарыл экенин түшүнүп, 2022-жылдан баштап улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн зор стратегиялык мааниге ээ, амбициялуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик. Анын ичинде кыргыз темир жолунун транзиттик потенциалын кеңейтүү пландалууда", — деген Жапаров.
Президент эки жыл мурда башталган Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал долбоору илгерилеп, учурда 43 чакырым жол курулганына токтолду. Бул жол Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу менен байланышып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүдө негизги ролду ойной турганын белгиледи.
"Түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу байланышып, өлкө ичинде оор жүктөр, жүргүнчүлөр поезд менен ташылат. Бул көптөгөн чыгымды сарамжалдоого жол ачат. Ал эми Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Кыргызстанды транспорттук туңгуюктан алып чыгып, төрт миллиардга жакын адамды байланыштырат. Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага чейин жүк ташуулардын географиясын кеңейтет", — деген мамлекет башчы.
Соңунда президент темир жолчуларга чың ден соолук, кажыбас кайрат, жаңычыл аракет жана бакубат турмуш каалаган.
Бишкек – Балыкчы — Бишкек поездинин VIP-купе вагону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2024
Бишкек – Балыкчы — Бишкек поезд каттамы боюнча VIP-купе ишке кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0