00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Стоп-кадр
15:04
43 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Жыл башынан бери 97 адамга мекендеш макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, былтыр марттан бери мекендеш макамын алууга арыздар кабыл алына баштаган. Жарандыктан чыгып кеткен кыргызстандыктар, алардын балдары жана неберелери "Мекен-карт" ала алат. Бул документ аларга Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды алууга жол ачатЖалпы 187 киши мекендеш макамын алууга арыз берип, 150сүнө берилген. Анын 97си ушул жылда алган.
Ала-Арча капчыгайынын төрүндөгү Адыгине жана майда көлдөрдүн дамбасынын жырылуу коркунучу жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, калк арасындагы кооптонуудан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жерине барып, аталган көлдөрдө суунун деңгээли жылдык нормага ылайык болуп, дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экенин билдиришти. Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгине жана башка майда көлдөр бар. Алар деңиз деңгээлинен 3580 метр бийиктикте жайгашып, "Ала-Арча" улуттук паркынан 10 чакырым алыс. Бул көлдөрдө суу дамбасын жырып, төмөн жагын капташы мүмкүн экени айтылган. Мындан улам Бишкек мэриясында жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйыны өтүп, мүмкүн болгон суу каптоого даярдыктар талкууланган.
10 россиялыктын 8инде мигранттарга карата терс сезимдери жок жана алардан кооптонбойт. Бул тууралуу Бүткүл россиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун саясий изилдөөлөр департаментинин жетекчиси Михаил Мамонов билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 12 пайызы гана терс сезимдери бар экенин белгилешкен. "Биз мигранттарга карата жаман көрүү жоктугун байкоодобуз. Респонденттердин 81 пайызы мигранттарга карата терс эмоциялары жок экенин айтышты. Бул чоң эле көрсөткүч. Дагы 12 пайызы гана терс сезимдерге дуушар болушарын билдиришти", — деген Мамонов. Изилдөөнүн негизги тыянагы: россиялыктардын арасында улуттар аралык мамиледе позитивдүү баа басымдуулук кылат. Ошондой эле ал россиялыктардын 79 пайызы башка улуттагы коңшулары менен алаканы дос, тынч, зыяны жок деп баа беришкенин белгиледи.
АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп президент болуп шайланып келсе аны "сагынган" Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен алаканы калыбына келтирерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Аны менен жакшы мамиледе болуп калган элем, Түндүк Кореянын ракеталарын кое беришин токтотууга жетишкенбиз. Эми КЭДР мурдагысын кайра баштады, кайтып келгенибизде кайрадан мамилени оңдойм. Келгенимди ал жактырарын, мени сагынып жатканына ишенем",— деген Трамп республикачылардын Милуоки шаарындагы съездинде сүйлөп жатып. Саясатчы ошондой эле атаандашы, демократ Байден башында туруп анын администрациясын алмаштыргандар тынчтык планетасын согуш планетасына айландырганын айткан. АБА ЫРАЙЫИшемби күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Кээ бир өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +31...+36, Ысык-Көл, Нарын облустарында +22...+27 градус жылуу болот. Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күндүн табы +32...+34 градус болсо, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0