00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
100 лет адвокатуре КР: почему важно выбирать квалифицированного защитника?
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Тулпар Моторс” заводу быйыл 3800 унаа чыгарат — кимдер сатып алууда?
09:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госорганы снова проверяют бизнес: чего ожидать предпринимателям?
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдин алкагында жүк ташуулар эркин жүргүзүлөт — автотранспортаркылуу жүк ташууну жеңилдетүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
"Кызмат" мекемесинин жаңы имараты курулат — калкты тейлөө борборлорунда эмнелер өзгөрөт?
13:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мөңгү ээрип, майда көлдөр көбөйүп сел коркунучу жаралууда - Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Аял затына караганда жүгөрүнүн сырын жакшы билем. Дайыма мол түшүм алган дыйкан менен маек
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Об итогах госвизита Эмомали Рахмона в Кыргызстан
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Улуттук Банктын "Санарип сом" долбоору кайсы этапта?
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мөңгү ээрип, майда көлдөр көбөйүп сел коркунучу жаралууда - Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Акыркы күндөрү Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы көтөрүлүүдө. Кечээ жалпыга маалымдоо каражаттары алтындын унциясы 2466 долларга жетип, баасы жаңы рекорддук көрсөткүчкө жеткени жазышкан. Баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын Лондон биримдигинин кечки баасы 2443 долларга 2 центке жетти. Мунун Улуттук банктын куймаларынын наркына дагы таасири бар. Улуттук банктын бир граммдык куймаларына баанын өзгөрүшү: 11-июль — 7 983 сом 50 тыйын; 12-июль — 8 038; 15-июль — 8 031; 16-июль — 8 070 сом 50 тыйын; 17-июль — 8 125 сом 50 тыйын. Ал эми 100 граммдык алтын куймалар ушул эле мезгилде 683 миң 200 сомдон 697 миң 800 сомго чейин кымбаттады.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көргөн жеке ассистент кызматы үчүн төлөм көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалымат боюнча 1-июлдан тарта жеке ассистент төлөмү 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин жогорулаган. Учурда өлкө боюнча 14 537 адам жеке ассистент кызматын көрсөтүп жатат.
Өлкөдө жыл башынан бери 95 миң тонна эт өндүрүлүп, былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу 563 тоннага көп болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул малдын көбөйүшү менен байланыштуу. 2023-жылдын аягына карата өлкөдө уй 18 миңге, кой жана эчки 15 миңге, жылкы 8 миң башка жана канаттуулар 620 миңге көбөйгөн. "Алты ай ичинде республикада 148 миллион жумуртка өндүрүлдү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 13 миллионго көбүрөк. Акыркы учурларда республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү көбөйүүдө", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле январь-март айында республикада 2,8 миллион тонна сүт өндүрүлүп, бул өткөн жылга караганда 5 408 тоннага көп экени айтылды.
Евро Биримдик жетекчилигинин Венгрия менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартышы жана коркутуулары Будапешттин Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча тынчтык миссиясын токтото албайт. Бул туурасында аталган өлкөнүн Тышкы иштер министри Петер Сийярто РИА Новостиге айтты. "Европанын согуштук маанайдагы саясатчылары тынчтык миссиясы башталары менен чыга калышты. "Бойкот жарыялайбыз, сүйлөшүүлөрдөн баш тартабыз, тоготпой коебуз" деп коркутушууда. Билесиздерби, мындай маанайдагы кадамдар тынчтык миссиябызды улантуудан баш тарттыра албайт. Алар бизди Украинадагы бул согушту тынчтык жол менен жөнгө салууга көбүрөөк күч жумшаганга жетелейт", — деген министр. Орбан жана ал жетектеген делегация 5-июлда Москвага келип, Владимир Путин менен жолуккан. Анда украин кризиси талкууланган. Венгер премьеринин айтымында, анын кадамы Украинада тынчтык орношун каалаган өлкөлөрдүн кызыкчылыгы менен да коштолгон. Чыгыш Европадагы чатакты чечүүнүн жолдорун издөөнү ал өзүнүн христиандык милдети деп атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0