https://sputnik.kg/20240716/1087062138.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ушул жылдын беш айында Кыргызстандан сыртка 205,6 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылган. Кеп акча которуу системалары... 16.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-16T13:00+0600
2024-07-16T13:00+0600
2024-07-16T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/07/10/1087062006_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7601c74c95ca5f7dc37cf13bead269dd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ушул жылдын беш айында Кыргызстандан сыртка 205,6 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылган. Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.Көрсөтүлгөн сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топко аз. Анда сыртка 5 айда 245 миллион доллар которулган. Белгилей кетсек, тышка которулганга караганда Кыргызстанга сырттан көп каражат жөнөтүлөт. Маселен, январдан майга чейин өлкөгө дээрлик 1,2 миллиард доллар кирген.
Ош менен Владивосток боордош шаар болушканын Россиянын алыскы чыгыш калаасынын администрациясы билдирди. Макулдашууга Красноярск шаарында өткөн россия-кыргыз аймактар аралык конференцияда Владивосток шаарынын мэринин орун басары Дарья Стегний менен Оштун вице-мэри Замир Юсупов кол койгон. “Владивосток үчүн Ош Кыргызстандагы, дегеле Борбор Азиядагы биринчи боордош шаар болуп калды”, — деп айтылат маалыматта.
Казакстандагы "Бірлестік-2024" эл аралык аскердик машыгууга катышып жаткан кыргыз жоокерлери спорттук мелдештер боюнча командалык эсепте 1-орунду алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында кол күрөш, гиря көтөрүү, футбол, аркан тартыш жана "Багдар" сынагы уюштурулган. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аскерлери 1-орунду алган.Эске салсак, аталган иш-чара Мангистау облусунда 8-июлдан бери Оймаша полигонунда жана Токмакка жакын деңиз зонасында өтүүдө. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышып жатат.Машыгууга Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыкчам тобу жана "Скорпион" атайын багыттагы отрядынын 50гө жакын өздүк курамы катышууда.
Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал эми оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт. Минкабдан түшүндүрүшкөндөй, күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылышына балбандар катышпайт. Мындан улам ачылыш аземде өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Ага катышуу үчүн учурда Кыргызстандын куржунунда 16 лицензия бар.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Йоркко келди. Ал 16-17-июлда аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинде министрлер деңгээлиндеги ачык дебатка төрагалык кылмакчы.РИА Новости 1-июлдан тарта БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир ай ичиндеги төрагалык Россияга өткөнүн жазды. Бүгүн Лавров көп тараптуу кызматташуу боюнча ачык дебаттарга катышмакчы. Эртең Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча министрлердин деңгээлиндеги ачык дебаттарга төрагалык кылат. Россиянын дипломатиялык ведомствосунан министрдин сапарынын программасын түзүп жаткандыктарын, бир катар мамлекеттер эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар болгондугун билдиришти.
Ушул жылдын беш айында Кыргызстандан сыртка 205,6 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылган. Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.Көрсөтүлгөн сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топко аз. Анда сыртка 5 айда 245 миллион доллар которулган. Белгилей кетсек, тышка которулганга караганда Кыргызстанга сырттан көп каражат жөнөтүлөт. Маселен, январдан майга чейин өлкөгө дээрлик 1,2 миллиард доллар кирген.Ош менен Владивосток боордош шаар болушканын Россиянын алыскы чыгыш калаасынын администрациясы билдирди. Макулдашууга Красноярск шаарында өткөн россия-кыргыз аймактар аралык конференцияда Владивосток шаарынын мэринин орун басары Дарья Стегний менен Оштун вице-мэри Замир Юсупов кол койгон. “Владивосток үчүн Ош Кыргызстандагы, дегеле Борбор Азиядагы биринчи боордош шаар болуп калды”, — деп айтылат маалыматта. Казакстандагы "Бірлестік-2024" эл аралык аскердик машыгууга катышып жаткан кыргыз жоокерлери спорттук мелдештер боюнча командалык эсепте 1-орунду алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында кол күрөш, гиря көтөрүү, футбол, аркан тартыш жана "Багдар" сынагы уюштурулган. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аскерлери 1-орунду алган.Эске салсак, аталган иш-чара Мангистау облусунда 8-июлдан бери Оймаша полигонунда жана Токмакка жакын деңиз зонасында өтүүдө. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышып жатат.Машыгууга Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыкчам тобу жана "Скорпион" атайын багыттагы отрядынын 50гө жакын өздүк курамы катышууда.Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал эми оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт. Минкабдан түшүндүрүшкөндөй, күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылышына балбандар катышпайт. Мындан улам ачылыш аземде өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Ага катышуу үчүн учурда Кыргызстандын куржунунда 16 лицензия бар.Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Йоркко келди. Ал 16-17-июлда аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинде министрлер деңгээлиндеги ачык дебатка төрагалык кылмакчы.РИА Новости 1-июлдан тарта БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир ай ичиндеги төрагалык Россияга өткөнүн жазды. Бүгүн Лавров көп тараптуу кызматташуу боюнча ачык дебаттарга катышмакчы. Эртең Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча министрлердин деңгээлиндеги ачык дебаттарга төрагалык кылат. Россиянын дипломатиялык ведомствосунан министрдин сапарынын программасын түзүп жаткандыктарын, бир катар мамлекеттер эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар болгондугун билдиришти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/10/1087062006_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_efc1ce1fc2934698c065b39576100910.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио