00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Спортбокс
Эркин күрөштүн келечеги кимдер? — Машыктыруучу менен маек
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Харри Холе: идеал детектива или реалистичный герой? Обсуждаем с Александром Зеличенко
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Бишкекте саат 11-00!Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы? Бул чыгарылышта:
Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырдыКөчмөндөр оюндарына бара турган улакчылар белгилүү болдуКыргызстан балды кымбат баада экспорттой баштады. Алдыда кененирек...
Кыргызстан балды кымбат баада көбүрөөк экспорттой баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында жазылган. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында жалпы суммасы 734,6 миң долларлык 138,7 тонна бал сыртка сатылган. Белгилей кетсек, былтыр ушул эле мезгил аралыгында өлкө сыртка 119,2 тонна чыгарган. Бал алган мамлекеттер: Кувейт — 31 тонна; АКШ — 27 Кытай — 26; Бириккен Араб Эмирликтери — 23; Казакстан — 8; Малайзия — 5; Япония — 5; Катар — 3,; Корея Республикасы — 2; Бахрейн — 1; Белгиленбеген мамлекеттер — 1 Индия — 1; Иордания — 1; Сауд Арабиясы — 8 тонна бал алган.
Шылуундар социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын жана Кыргызнефтегаздын атынан акча берилет, деп жалган билдирүүлөрдү таратып жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап колдонушууда. Анда алдамчылар Улуттук банк жана Кыргызнефтегаз менен биргеликте акционерлерге төлөм жүргүзүүнүн уникалдуу системасы иштелип чыкканын, шилтеме аркылуу катталса 50 миң сом берилерин айтып, элдин башын айлантууда. Катталган адамдардын жеке банктык маалыматтары алдамчылардын колуна түшүү коркунучу бар. Буга байланыштуу башкы банк элге мындай кайрылуу жолдоду. “Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин жазбаңыз. Баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!" - деп айтылат маалыматта.
Казакстанда 8-13-сентябрда өтө турчу V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 18 улакчы барат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, турнирде көк бөрү жана жер улак боюнча мелдештер өтөт. Анда бир улакчы спорттун эки түрүнө тең катыша алат. "Окуу-машыгуу учурунда өзүн мыкты көрсөткөн алты оюнчу спорттун эки түрүнө тең катышат", — деп айтылат маалыматта. Учурда улуттук курама команда Ысык-Көлдө машыгууда. Сентябрдын башында алар саяпкерлер, машыктыруучулар жана жетекчилердин коштоосунда Астанага барары кошумчаланды. Оюнчулардын минген аттары дагы жөнөтүлөт.
Лейбористтер партиясынын башчысы Кир Стармер расмий түрдө Улуу Британиянын 58-премьер-министри болгонун Букингем сарайынын билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды. "Падыша бүгүн Кир Стармерди кабыл алып, жаңы администрацияны түзүүнү суранды. Стармер анын өтүнүчүн кабыл алды", — деп жазылат. Британиянын жаңы премьери өлкөдө жаңылануу болорун убадалап, өкмөт саламаттык сактоо тармагын, чек ара коопсуздугун жакшыртуу, көчөлөрдөгү кылмыштуулукту азайтуу жана энергияга болгон төлөмдөрдү төмөндөтүү боюнча иш алып барарын айткан. Стармер кесиби боюнча юрист. Падышалыктын мурдагы жактоочусу жана прокурору. Британ парламентине шайлоо 4-июлда өтүп, анда Лейбористтер партиясы жеңишке жеткен. Консервативдик партиянын башчысы Риши Сунак шайлоонун жыйынтыгынан кийин Британиянын премьер-министрлик кызматынан кетерин айтып, Стармерге телефон чалып, жеңиши менен куттуктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0