00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Новости науки и новых технологий
20:55
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлик Европада ишке орноштурган компаниянын ишин токтоттуИндиялык ЖМКлар премьер-министр Моди Россияга барарын жаздыБаткенде сел жүрүп, Таласта мөндүр жаады. Республикада болгон соңку табигый кырсыктар тууралуу алдыда кененирээкБаткен, Лейлек жана Кадамжай райондорун сел каптап, беш жашар бара көз жумуп, миңден ашык адам коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, түнү менен аймактык Жарандык коргонуу кызматтары селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларын жүргүзгөн. Алдын ала маалымат боюнча 47 турак үй, 113 жер тилке, беш социалдык объект, бир кичи футбол аянтчасын суу каптаган. Мындан тышкары 17 ички чарбалык жол, 2,7 чакырым коргоо тосмо, бир көпүрө, 12 чарбалык курулуш, эки суу кампа, бир трансформатор зыян тарткан. "Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү. Тилекке каршы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү Жеңиш айылында 5 жаштагы бала каза болгон. Ошондой эле 70 жаштагы тургун ден соолугу начарлап, ооруканага жаткырылган. Абалы орто", — деп айтылат маалыматта. Сел 8 бодо мал менен 42 баш майда жандыкты агызып кеткени кошумчаланды.
Ошол эле учурда ӨКМ Талас облусунун Бакай-Ата районунда мөндүр аралаш жамгыр жааганын билдирди.Табигый кубулуштун кесепетинен Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи май айылдарында 50 гектардан ашык эгин талаасы зыян тартакан. Ал эми Боо-Терек айылында катуу шамал 15тен ашык үйдүн чатырын учуруп кеткен. Материалдык чыгымды аныктоо боюнча иштер бүгүн жүргүзүлөрү белгиленди.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору "Евро Хантер Компани" ЖЧКсынын ишин токтотту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, компаниянын лицензиясын токтотуу чечими жарандардан түшкөн даттануулардан улам кабыл алынды. Ага ылайык, компания элди көпкө күтүргөн."Борбор кырдаалга көз салып, жарандардын укуктарын коргоо үчүн чараларды көрүүнү улантууда. Ушундай көйгөйлөргө туш болгондорду керектүү маалымат жана жардам алуу үчүн борборго кайрылууга чакырабыз", — деп жазылат маалыматта.
Каракчылыкка айыпталган кыргыз жараны Варшавадан Бишкекке экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө ири өлчөмдө каракчылык боюнча кылмыш Кызыл-Кыя шаарынын ИИБинде тергелип жаткан. "2015-жылы Баткен облусунун аймагында шектүү башка шериктери менен бирге Ы.Ж. аттуу жаранга зомбулук көрсөтүп, 1 миллион 30 миң долларын тартып алышкан", — деп жазылат маалыматта. Учурда шектүү Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 8-июлда Москвага бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу Tribune басылмасы маалымат булагына таянып жазды. "Моди үчүнчү мөөнөткө өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин дароо эле Москвага барганы жатат. Муну жөн гана эмес, маанилүү жумушчу сапар катары кароо керек", — деген басылма. Гезиттин маалыматына караганда, Модинин Россияга сапары Дели менен Москванын ортосундагы тарыхый өнөктөштүктү бекемдей турганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0