00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Run the Silk Road - 2026: 3000 участников, Иссык-Куль и старт туристического сезона
08:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Илимий реформа жана Академиянын келечеги: каржылык автономиянын таасири — Канатбек Абдрахматов менен маек
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон против дорожных драчунов: что в нём не так - объясняет юрист
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаратылыштан жаралган мода: Keshteнин жаңы коллекциясы коомго сунулду
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосунда Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул өзгөчө мамилени, абийир алдындагы жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылган кызмат экенин белгилеген. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда бул кесиптин маани-маңызын түшүнө билген, моюндарында кандай жоопкерчилик бар экенин сезе билген жарандар иштеп жатат деген ишенимин билдирген. “Бир максатта жаңы форматтагы мамлекеттик, коомдук системаны куруу, коррупциялык көрүнүштөрдөн арылуу, коомдук аң-сезимди калыптандыруу, улуттук идеологияны камсыз кылуу менен элибиздин ишенимине ээ болууга умтулалы. Сиздердин Ата Мекен алдындагы жоопкерчиликтүү ишиңиздерди аткаруудагы ой-максаттарыңыздар орундалсын. Кесипкөйлүгүңүздөр артып, журт алдында жүзүңүздөр жарык болсун. Талбаган эмгегиңиздерден баар таап, эл уулу атанышыңыздарга тилектешмин», - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Бишкекте күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. “Жер титирөө саат 23:10до болуп, Бишкекте 3,5 балл, Кант шаарында 3 баллга сезилген”, - деп айтылат маалыматта. Башкы сейсмолог Канат Абдрахматов бардыгы жайында экенин жазды. Анын айтымында, бул кадимки нормага ылайык "сейсмикалык аба ырайы" болуп саналат.
БРИКС оюндарында Кыргыз күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Аталган оюн Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп жатат. Анда кыргызстандык спортчулар татар улуттук күрөшү боюнча мелдешке чыгышып, эки күмүш жана үч коло медаль алышты. 75 кг салмак ченинде Хабибулла Тынчтык уулу, 130 кг салмак ченинде Баяман Мыктыбеков экинчи орунду ээлесе, 65 кг салмак ченинде Арлен Эстебесов, 80 кг салмак ченинде Эрбол Турапбаев жана 85 кг салмак ченинде Анвар Муратбек уулу коло медалга татыган. Курама команда машыктыруучулар Аскар Өмүрканов жана Туратбек Тойчубековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.
* АКШ Украинага америкалык ыраакка атуучу куралдарды колдонуу боюнча чектөө койгондуктан Киев Россиянын маанилүү аэродромдоруна чабуул жасай албайт. Бул тууралуу Washington Post гезитинин маалыматына таянып РИА Новости жазды. Буга чейин Мамлекеттик департамент өкүлү агенттикке АКШнын президенти Жозеф Байден Харьковдун кооптуулугуна коркунуч жараткан Россиянын аймактарындагы буталарды америкалык курал менен контрбатареялык күрөш жүргүзүү үчүн аткылоого Украинага уруксат бергенин, бирок ыкчам-тактикалык ракеталарын жана алыска атылуучу башка каражаттарга салынган тыюу күчүндө калганын билдирген. Алардын айтымында, АКШ чек арадан 100 чакырым аралыкка чейин гана сокку урууга уруксат берген. Америкалык аткаминерлер чектөөнүн аралыгын тактоодон баш тартышып, Киевдеги булактардын маалыматы туура эмес деп билдиришкен. Президент Владимир Путин май айынын соңунда НАТО өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Россиянын аймагына сокку урууга Киевге уруксат берүү тууралуу сүйлөп жатканда "ким менен ойноп" жатышканын ойлонушу керектигин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0