00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Новости науки и новых технологий
20:55
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстандагы мамлекеттик компаниялардын чыныгы потенциалы дагы деле ачыла элек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде айтты. Жапаровго жакында түзүлгөн Улуттук инвестициялык фонд тууралуу суроо берилген. Президенттин айтымында, фонддун максаты дүйнөлүк практикадагы тажрыйбаларды колдонуп мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулугун арттыруу, кирешесин көбөйтүү, алардын наркынын өсүшүн камсыз кылуу, толук потенциалын ачуу, ички жана сырткы булактардан инвестицияларды тартуу болуп саналат.Ал айрым мамлекеттик ишканалардын 20 пайыздан 100 пайызга чейинки мамлекеттик үлүшү аталган фондго өткөрүлүп берилерин белгилеген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайкысын сууга түшүүдө сак болууну эскертти. Эс алуунун мындай түрүн тандагандар төмөнкү эрежелерди сакташы керек: массалык эс алууга ылайыкталбаган жайлардагы сууларга түшүүгө болбойт. сууга мас абалда түшүүгө болбойт; "Сууга чумкуганга, түшүүгө, секиргенге тыюу салынат " деген жазуулары бар жерлерге барууга болбойт; бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтыруу өтө кооптуу; саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынат; скутерлерге, моторлуу кайыктарга, сууда көңүл ачуучу жабдыктарга чейин сүзүп барууга тыюу салынат.
Бишкектин борборунда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды.Аземге министрлер кабинетинин мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлдөрү жана башкалар катышты. Эстелик "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына, Чүй менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүнө орнотулган.
Ош облусунун Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы 750 АКШ доллары өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен 19-июнда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалым болгондой, Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Кыргызстандын паспортторун берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылган. Бул фактынын негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө «опузалап пара талап кылуу» ылайык кылмыш иши козголду.
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңылоо иштери боюнча жыйын өткөрдү. Биримдиктин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин орун басары Айбек Абдымомунов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жана Жеңил атлетика боюнча федерациясынын өкүлдөрү да катышты. Жыйында реконструкция маселелери каралып, стадиондун эскиздик долбоору сунушталды.Бул иштерди «Кыргыз курулуш» мамлекеттик уюму ишке ашырууда. План боюнча реконструкция толуг
Жаңылыктар түрмөгү
0