00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
2 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: Бишкек канча каражат салат?

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүТемир жолдун курулушу. Архивдик сүрөт
Темир жолдун курулушу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2024
Жазылуу
Темир жолду иштете турган биргелешкен ишкана түзүү үчүн Кытай насыя берери белгиленди.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Ал депутаттарга темир жолду куруу боюнча келишимди ратификациялоо мыйзам долбоорун сунуштады.
Маалыматка ылайык, долбоордун баасы 4 миллиард 700 миллион долларды түзүп, анын 50 пайызын Кытай насыя түрүндө бөлөт. Калган сумма биргелешкен ишканадагы үлүшкө жараша ар бир мамлекетке бөлүнөт.
"Биргелешкен ишкананын үлүшү: Кытайга 51 пайыз, кыргыз жана өзбек тарапка 24,5 пайыздан туура келет. Кытай банктарынан насыя алуу мерчемделүүдө. Кыргызстан өз каражатынан (Кытайдан ала турган кредитти эсепке албаганда — ред.) 700 миллион доллар чыгарышы керек", — деди Сакиев.
Депутат Бактыбек Сыдыков бийлик курулушка 1 миллиард долларды кайдан табарын сурады. Сакиев Кытай тарап биргелешкен ишкана куруу үчүн Кыргызстанга кредит берүүгө милдеттенме алган деп жооп берди.
"Биргелешкен ишкана түзүлүп, курамына үч тарап кирет. Башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат. Каржы булактары, эксплуатациянын мөөнөтү көрсөтүлгөн инвестициялык келишимди талкуулап жатабыз. Кытай менен Өзбекстан тарап бул жол келечекте, мисалы, 30 жылдан кийин "Кыргыз темир жолу" ишканасына өтөрүн түшүнүүдө", — деп жооп берди Сакиев.
Сыдыковдун айтымында, документтерде "31 жылдан кийин Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жолу кыргыз тараптын башкаруусуна өтөт" деген сөз жок.
"Кагаз жүзүндө тастыкталган эмес. 31 жылдан кийин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын аймагынан өткөн темир жол бизге тиешелүү болорун билишибиз керек. Бул макулдашуу менен бекитилиши зарыл", — деди эл өкүлү.
Темир жол курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2024
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Макулдашуунун урунттуу жерлери
Жаңылыктар түрмөгү
0