00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:55
4 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго электрондук жана аралыктан добуш берүү системалары прензентацияланды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүчү жабдууларды жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жаңыртуу боюнча иштер башталганын белгиледи. Анын айтымында, көп компоненттүү идентификациялык жабдуулар алмаштырылат. Шайлдабекова 2023-жылдын апрель жана октябрь айларында электрондук жана аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөнүн эске салды.Жапаров идентификациялык жабдууларды, электрондук жана аралыктан добуш берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул шайлоо процессинин сапатын камсыз кыларын, ошондой эле жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин кошумчалады.
Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады. Документ башкы банктын сайтына жайгаштырылган. Буга чейин 50 миң сомдон ашык насыя алганда аялынын/күйөөсүнүн макулдугу талап кылынчу. Учурда бул суммага чейинки насыялар күрөөсүз берилгендиктен сумманы 100 миң сомго чейин чыгаруу максатталууда. "Учурда кардардын жолдошунун/жубайынын кредит алууга макулдугу 50 000 сомдон жогорку суммада талап кылынат. Мында кредиттөө системасын өнүктүрүүгө жана оптималдаштырууга байланыштуу, анын ичинде кредиттерди берүүдө автоматташтырылган системалар колдонулуп жаткандыктан кардардын жолдошунан/жубайынан макулдук алынуучу кредиттердин суммасын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда", — деп жазылат маалыматта. Чектөө жубайлардын биринин күнөөсү менен үй-бүлө финансылык оор абалга кабылган учурларды токтотууга багытталганы кошумчаланды.
Бул жайда майыптыгы бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана ата-энеси жок миңдей баланы Ысык-Көлгө эс алууга жиберүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров быйыл мындай балдардын эс алуусуна каржылоону үч эсе көбөйтүп, 15 миллион сом бөлгөн."Балдар Ысык-Көлгө алтыга бөлүнүп барып, "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алышмакчы. Биринчи агым менен Баткен, Талас жана Ош облустарынан келгендер жөнөп кетишти", — деген министр. Министрлик мындай эс алууну жылда уюштуруп келет.
Кийин адамдар мобилдик телефонду колдонбой калышат. Баарлашуу үчүн мээге имплант койдуруш керек болот. Бул тууралуу америкалык ишкер Илон Маск билдиргенин РИА Новости жазды.Илон Маск эмес аттуу тамашалуу аккаунттун автору "мээңизге акылыңыз менен башкарууга мүмкүндүк берген Neuralink интерфейсин орнотмок белеңиз" деп суроо узатып жазган.Маск өзү да бул постко билдирүү калтырып, келечекте мобилдик аппараттардын таптакыр кереги жок болуп каларын жазган. Буга чейин Маск адамдын мээсине Neuralink компаниясы койгон имплант жакшы камдашып кеткенин, ал адамдын абалы жакшы экенин кабарлаган.Анын айтымында, тажрыйба жасалган адамга жүргүзүлгөн байкоолор чиптин болочокто жакшы жыйынтыктарды берерин көрсөтүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0