00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду акысыз алмаштыруу боюнча алгачкы операция ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, операция 8-9 саатка созулуп, ага министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлердин тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да көрсөткүчтөрү туруктуу экени айтылды. "Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан", — деп белгиледи саламаттык сактоо министри. Учурда бейтаптардын абалы көзөмөлдө, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кошумчаланды. Белгилей кетсек, буга чейин эки аялдын органы алмаштырыларын, аларга кыздары донор болору кабарланган.
Венада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын курамына Дүйнөлүк банк, ОПЕК фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башкалар кирген. Комитеттин биринчи жыйыны күзүндө өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча жылыш бар экенин белгилеп, долбоордун ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артты.
Кыргызстанда кара металлдын сыныктарын, калдыктарын, уютмаларын ташып чыгууга алты айга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү токтом добоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Документтин максаты — темирдин тартыштыгын алдын алуу жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү. "Токтом күчүнө киргенден кийин үч күндөн кечиктирбестен темирдин экспортуна убактылуу тыюу салынганы тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна, Евразия экономикалык комиссиясына жана КМШнын Аткаруу комитетине кабарланышы керек. Ал эми Бажы жана Чек ара кызматтары аталган товардын мыйзамсыз экспортуна бөгөт коюу үчүн зарыл чараларды көрсүн", — деп жазылган документте. Токтом расмий жарыяланган соң жети күндөн кийин күчүнө кирет.
* Кытай андан Тайванды бөлүп кетүүгө жол бербейт. Бул туурасында Кытайдын Вашингтондогу элчилигинен билдиришкенин РИА Новости жазды. Элчиликтен АКШнын Тайванга курал сатуусу Кытайдын суверендүүлүгүнө, коопсуздук боюнча кызыкчылыктарына доо кетирип, Пекин менен Вашингтондун ортосундагы мамилени суук селки кылат. Дипломаттар Америка бийлигин "бирдиктүү Кытай" принциби менен биргелешкен үч коммюникенин жоболорун сактап, Тайванга курал сатуу менен аскерий жааттагы байланыштарды токтотууга чакырды. Аны менен кошо Тайвань кысыгында чыңалган абалдын жаралышына шарт түзбөшү керектигин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0