Кыргызстандык дарыгерлер жайкы туура тамактануунун эрежелерин тизмектеди
© Photo / Unsplash / Annemarie GrudënТуура тамактануу. Архив
![Туура тамактануу. Архив Туура тамактануу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2024](https://sputnik.kg/img/07e8/06/07/1085901059_0:289:3072:2017_1920x0_80_0_0_e4347cf165d840196d59f034cc925d5f.jpg)
© Photo / Unsplash / Annemarie Grudën
Жазылуу
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жайдын аптабында организм стресске кабыларын Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Маалыматта дене тердеген сайын организмден керектүү микроэлементтер чыгып, жүрөк-кан тамыр системасына күч келери айтылат.
Адистер жайында туура тамактануу жана организмге жардам берүү жолдору менен бөлүштү:
суткасына 2-2,5 литр суу ичүү зарыл. Адатта таза суу, бал же жалбыз кошулган жылуу чай сунушталат. Күндө таңга маал бир стакан суу ичип оозду ачкан ден соолукка пайдалуу;
газдалган, таттуу суусундуктардан баш тартыңыз. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктер дагы сунушталбайт;
жайында жашылча, мөмө-жемиш көп жеңиз. Алар витаминдерге, минералдар менен антиоксиданттарга бай;
суу май, ашкөк, каймак кошулган салат жайкы рацион үчүн идеалдуу тамак деп саналат;
күндө йогурт, айран, быштак жеп туруңуз;
тузду азайтыңыз;
адам ысыкта кыйналып, жайында кара күч аз колдонулат. Андыктан калориясы аз тамак-аш жегенге аракет кылыңыз.