00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Аскерлер мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө жасалган ар кандай аракеттерди жана кол салууларды толугу менен жок кылууга даяр экенин көрсөттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 29-май — Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктоосунда жазылган. Мамлекет башчы аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди майрамы менен куттуктап, бул күндүн мааниси тууралуу сөз кылган. Анын айтымында, 1992-жылы улуттук армияны түзүү чечимин кабыл алуу менен эгемен Кыргызстанды коргоо боюнча жаңы институт пайда болуп, ага республиканын аскердик коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн сактоо жоопкерчилиги жүктөлгөн. Ошондой эле ал учурда армияны заманбап курал-жарак менен камсыздоого, жоокерлерди социалдык колдоого жана жогорку деңгээлдеги кесипкөй аскер кызматчыларынын социалдык статусун, коомдун ичиндеги кадыр-баркын көтөрүү зарылдыгы белгиленди.
Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге болгон жумушчу сапарында чек арачыларга 32 батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырып, №2022 аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб, казарманы, "Бөрү" атайын багыттагы отряды үчүн курулган имаратты көрүп чыккан. "Ташиев өткөн жылы аталган аскер бөлүккө жакын жайгашкан чек арачыларга 48 батир тапшырган. Быйыл дагы 32 батирдин ачкычы тапшырылды. Дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле ал учкучсуз учуучу аппараттардын иштөө режимин көрүп, чек арачыларга унааларды тапшырган.
10-июндан тарта Бишкектеги Чүй проспектинде реконструкция иштери башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Чүй проспектинин Манас проспектинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолмокчу. Биринчи этапта Манастан Панфиловго чейинки бөлүгү жасалат. Мындан тышкары, жакын арада Горький көчөсү. Манас проспектинен 7-Апрель көчөсүнө чейин; Юнусалиев көчөсү. Сухэ-Батордон Горький көчөсүнө чейин; Жибек Жолу. Курманжан даткадан Тоголок Молдого чейин жолдор жасалат.
Россиянын Федерация кеңешинин төрага орун басары Николай Журавлев бир катар өлкөлөр үчүн жарала турган жалпы финансылык кооптуулуктарды тизмектеп берди. Ал Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топко мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунда сүйлөгөн. Журавлевдун айтымында, акыркы жылдарда финансылык технологиялардын сапаты кыйла жакшырды, заман менен кадамдаш болуунун зарылдыгын азыр баары түшүнөт. Анткен менен бул жаңы финансылык өндүрүмдөрдү, технологиялардын пайда болушун эле шарттабастан, финансы системасынын туруктуулугун жана финансылык коопсуздукту камсыздоону да талап кылат. Журавлев ушу тапта жаңы технологиялардын жардамы менен жасалган кылмыштардын саны өсүп жатканын белгиледи. "Жалпы кооптуулуктардын катарына көзөмөлдөнбөгөн криптовалюталардын мыйзамсыз колдонулушун, каржы пирамидаларынын жайылышын жана интернеттеги шылуундук схемаларды кошууга болот", — деди төраганын орун басары. Иш-чарада тобокелчиликтерге каршы күрөшүүдө теске салуучу ыкмалардын маанилүүлүгү белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0