00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые нас удивили на этой неделе
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 1-октябрдан тартып пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмесинде айтты. Мамлекет башчы 2021-жылы пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу үчүн Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенин эске салды. "Мен мөөнөттү тездетүүнү өтүндүм. Кудай буюрса, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат. Бул багытта ишитерди уланта беребиз", — деди президент. Ошондой эле ал акырындан социалдык төлөмдөр жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан жогору турган чекке жеткирилерин кошумчалады.
Быйыл 100 ишкана ачуу пландалууда. Ошонун алкагында чет жактарда кара жумушта иштеп жүргөн мигранттардын саны эки эсе азаят. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмесинде айтты. Ал белгилегендей, учурда курулушта, тигүү цехтеринде жумушчу күч жетишпей ишкерлер ушул жагынан жардам сурашууда. "Быйыл 100 ишкана ачуу пландалууда. Ошонун алкагында чет жактарда кара жумушта иштеп жүргөн мигранттардын саны эки эсе азаят. Жалал-Абадда ипотекалык компания менен 12ден ашык үй курулууда. Ошол жерге ата-энелери кайрылып, чет жакта иштеп жүргөн курулушчулардын баары келди. Тигүү цехтерге дагы кайра келе баштады. Анткени экономика көтөрүлдү", — деди Жапаров. Ошондой эле ал мыйзамды бузбай иштеп жаткан чет элдиктерге сый мамиле кылуу зарылдыгын кошумчалады. Эскерте кетсек, "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме кечээ Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
Акыркы коңгуроо учурунда коопсуздук күчөтүлүп, шаарларга кирип чыгуучу жолдого атайын күзөт посттору коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ведомство кызматкерлери мектептерге бөлүнүп, коопсуздукту камсыздашат. "Бүтүрүүчүлөр эч кандай айдоого укугу жок болуп, атайын кымбат баалу унааларды жалдашып, ата-энелеринин коштоосу жок жаратылышка, эс алуу жайларына, түнкү клубдарга барып, мас болуп ар кандай укук бузууларга жол бербөө үчүн ЖКККББнын кызматкерлери азыртадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдыктар тарабынан болчу жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип чыгуучу жолдорго атайын күзөт посттору коюлуп, унаалар текшерилери кошумчаланды.
Юстиция министрлиги өлкөдөгү 976 адвокаттын лицензиясын токтотот. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, министрлик адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды системалаштыруу, актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. "Адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүүгө 976 лицензияны (аларга колдонуудагы жана токтотулган адвокаттык лицензиялар кирет) токтотуу маселеси каралды. Инвентаризациялоо процессинде адвокаттык этика жана мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери иликтенет", — деп жазылган ма
Жаңылыктар түрмөгү
0