Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуунун жаңы талаптары тууралуу айтып берди. Билим жайына кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, мектепте 6-8-класста “жакшы” жана “эң жакшы” баага окуган окуучулар катыша алат. Тандоонун жыйынтыгында лицейге 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу, 8-класстардын ичинен 48 окуучу кабыл алынат. Сынактын алкагындагы тестирлөөлөр 11-майда башталып жалпы үч тур менен өткөрүлөт. Маалымат алуу үчүн Telegram тиркемесиндеги “Акылман” кабыл алуу-2024” тобуна кошулуу керек же Билим берүү министрлигинин сайтына баш багуу зарыл.
Жеңиш күнүнө карата борбордо “Георгий тасмасы” акциясы башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди. Маалыматка ылайык, акция жыл сайын өткөрүлүп келет. Дүйнөдөгү миллиондогон адамдар мекенди коргоодо эрдик көрсөткөндөрдүн урматына кийимдерине лента тагып келишет. "Русский дом" шаардыктар лентаны акысыз алса болорун, бир колго 20 даанасы берилерин айтты. Ал эми 20дан көп тасма алууну каалаган уюмдар билдирме толтурушу керек. Лентаны 8-майга чейин күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Эркиндик проспекти, 2/1 дарегинен келип алып кетүүгө болот.
Улуттук статистика комитетинин быйылкы жылдын биринчи кварталына берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 88 соода борбору иштейт. Ага ылайык, бул соода борборлорунда жалпысынан 7 994 соода жайы бар. Алардын жарымынан көбү Бишкекте (42) экени айтылды. Ош менен Жалал-Абад облустарында 11ден соода борбору бар. Таласта эки гана соода үйү бар экени айтылды. Акыркы жылдары өлкөдө соода-көңүл ачуучу борборлордун саны өсүүдө. Мисалы, 2023-жылы алардын саны 72ден (биринчи кварталда) 82ге (төртүнчү) көбөйгөн.
Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелль согуштан кийин түзүлгөн эл аралык системанын доору бүткөнүн жана Америка өзүнүн гегемон статусун жоготконун билдиргенин РИА Новости жазды. "Согуштан кийинки биз жашаган эл аралык системанын доору бүттү. АКШ гегемон статусунан кол жууп, 1945-жылдан кийин түзүлгөн дүйнөлүк тартип позициясын жоготууда. Биз азыр Кытай өнүгүп, анын супердержавага айланып баратканына күбө болуудабыз", — деген ал. Боррель бул анча жакшы эмес көрүнүш экенин кошумчалаган.
Тиш дарыгери Алексей Антипенко Sputnik радиосунда адам тишин дарылатуунун алдында кандай эрежелерди сакташы керектигин түшүндүрүп берди. Айтымында, бейтаптын ага карата туура даярдыгы дарылоонун сапатына таасир берет. "Адегенде ойлорду иретке келтирүү зарыл. Тынчсыздануудан арылып, тиш дарылоо коопсуз жана натыйжалуу процедура экенине ишенүү керек. Мындан тышкары, процедуралар дайыма ооруну сездирбөөчү дары сайылгандан кийин аткарыларын эстен чыгарбоо зарыл. Туш келген тиш дарыгерине баргандан көрө тааныштар сунуштаган стоматологго барган оң", – деп белгилеген Алексей Антипенко. Адис эртең тиш дарыгерге барам деген түнү жакшылап уктап эс алуу зарыл экенин айткан. Ошондой эле адис тиш дар
Жаңылыктар түрмөгү
0