Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Ататүрк паркындагы мыйзамсыз курулган үйлөр буздурулат. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Ал буга чейин парктын 107 гектардык чек арасын бекиткен токтомго кол койгон.Токтом боюнча 43 гектар жерге турак жай курууга берген жергиликтүү бийликтин уруксаты жокко чыгарылып, жер паркка кайтарылышы керек. Учурда 43 гектарда 198 имарат бар."Бардык имараттарды бузуу башкы максатыбыз эмес. Мурда бекитилген 107 гектарлык чек арага кайтарып, мыйзамга ылайык келтирүү — негизги милдет. Ар бир маселени жекече кароого даярбыз. Токтомдо ишке ашыра турган кадамдар белгиленген. Анын ичинде бузуу, күнөөлүүлөрдүн эсебинен келтирилген зыянды калыбына келтирүү сыяктуу ар кандай механизмдер колдонулат. Балким, айрымдары боюнча сот, укук коргоо органдарына кайрылууга туура келиши ыктымал. Учурда жерлерди өз ыктыяры менен муниципалитетке өткөрүп берүү боюнча билдирүүлөр жиберилүүдө. Ал эми учурунда кабыл алынган чечимдерди мыйзамсыз деп эсептөөдөбүз, демек, кенемте боюнча маселе каралган жок", — деди Жунушалиев.Ошондой эле ал жер жеке жактарга өтүп кеткен учурдагы жетекчилердин жоопкерчилигин Башкы прокуратура карай турганын кошумчалады.
Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат. Бул тууралуу "Росатом" компаниясынын Кыргызстандагы кеңсесинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 100 мегаваттык станцияны куруу долбоору "Росатом" компаниясы тарабынан ишке кирген. Ушул жылдын февралында компания эксперименталдуу түрдө шамалдын кубаттуулугун текшерүүчү жабдуу орноткон."Кубаттуулукту ченөө иштери толук бир жылга, 2025-жылдын февраль айына чейин уланат. Ошол эле жылдын 1-кварталында станцияны куруу иштери толугу менен башталат", — деп билдирген компаниянын Кыргызстандагы кеңсесинин башкы директору Дмитрий Константинов.Станциянын инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга "НоваВинд" компаниясынын башчысы Григорий Назаров жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков 2023-жылдын октябрында кол койгону кошумчаланды.
Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. График министрлер кабинети бекиткен календарда көрсөтүлгөн. Эскерте кетсек, май айында үч майрам бар, 1-майда Эмгек күнү белгиленсе, 5-майда өлкөнүн Конституциясы кабыл алынган. Ал эми 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамдалат.Мындан улам 1-майдан 5-майга чейин катары менен эс алуу күндөрү деп кабыл алынган. Андан кийин 9-майда эс алабыз. 2-майдын ордуна 6-май, 3-майдын ордуна 11и иш күнү деп белгиленген. Мындан сырткары, беш кадимки эс алуу күндөрү бар. Бирок алты күндүк график менен иштегендер жекшембидеги эс алууну кошпогондо 1-майда, 6-майда жана 9-майда гана эс алат.
Тажикстанга түркиялыктар эми виза менен кирип калат. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды.Жаңы эреже бир нече күндөн кийин, тагыраагы, 20-апрелден тарта иштей баштайт. Тажикстандын ТИМи мындай чечим өз ара иштешүү принциби боюнча кабыл алынганын айткан.Буга чейин Түркия президенти Реже
Жаңылыктар түрмөгү
0