Өлкөдө көк бөрү боюнча республикалык турнир башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү боюнча турнир учурундагы спортчу. Архив
Көк бөрү боюнча турнир учурундагы спортчу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Жазылуу
Быйылкы оюндар Бишкекте "Аккула" ат майданында өтмөкчү.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата Кыргызстанда көк бөрү боюнча республикалык турнир башталганын спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Быйылкы оюндар Бишкекте "Аккула" ат майданында өтүүдө. Анда командалар төрт лигага бөлүнгөн. Алар:
Жогорку лига - 6 команда;
Биринчи лига - 12 команда;
Экинчи лига - 16 команда;
Легендалар лигасы - 6 команда.
Турнирдин расмий ачылышы 15-мартка белгиленген, финалдык оюндар 21-мартта, Нооруз күнү, болору кошумчаланды.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамында улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
2024-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Эмгек министрлигинин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0