Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шейшенов: дүйнөдө жүрөккө операция жасоого нанороботтор колдонула баштады

© Sputnik / Асель СыдыковаМедицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер, кардиохирург Жалил Шейшенов
Медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер, кардиохирург Жалил Шейшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
Медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер, кардиохирург Жалил Шейшенов кардиохирургиядагы жаңы технологиялар тууралуу айтып берди.
Мындан 30-40 жыл мурун медицинада минималдуу инвазивдик операциялардын кеңири колдонуларын элестете алган эмеспиз. Бирок бүгүнкү күндө бул кадимки эле көрүнүш экенин Жалил Шейшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шейшенов: дүйнөдө жүрөккө операция жасоого нанороботтор колдонула баштады
Анын айтымында, жетишкен өлкөлөрдө жүрөккө операция жасоо үчүн нанороботтор колдонула баштады.
"Миниинвазивдик операциялар кардиохирургия сыяктуу татаал тармакта жүргүзүлө баштаганы адамзат үчүн жакшы жетишкендик болду. Биз көптөн бери артерияга коюлган катетер аркылуу стент коюу жана башка операцияларды жасап келебиз. Операциялар кесилбей жасалгандыктан эстетикалык эффекти чоң. Мындай кийлигишүүлөрдөн кийин бейтап бат айыгып, көп кыйналбайт. Негизи кардиохирургияда көптөгөн инновациялар колдонулууда. Мисалы, 3D-принтер менен басып чыгарылган жүрөк клапанын алмаштыруу операцияларын жеке өзүм жасадым. Азыртадан эле инфаркттан кийин миокардды калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү технологиялар иштелип чыгууда. Балдардын түйүлдүк кезинде эле жүрөк кемтигин эрте аныктоонун технологиялары ишке киргизилди. Жүрөк кемтиги бар ара төрөлгөн ымыркайларды сактап кала турган көптөгөн инновациялар бар. Балким жакында жасалма интеллект диагностика жана дарылоо үчүн колдонулуп калар", — деди Шейшенов.
Ал балдар жана чоӊдор кардиохиругиясынын деӊгээли ар башка болорун жана Кыргызстанда балдардыкы артта калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0