Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган 5 өспүрүм алып келинди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар жакын туугандарына өткөрүп берилмекчи.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган жашы жете элек беш бала алып келингенин ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, булардын ичинен төртөө эркек бала болсо, бирөө кыз. Алар — 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр.
"Алдын ала маалымат боюнча, балдар Россияда туугандары менен жашап жатышкан. Өспүрүмдөр Москвада ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок калгандыктан Россия ИИМинин Москвадагы башкармалыгынын өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайында болушкан. Балдарды учак менен мекенине кайтаруу иштерин ушул мекеме аткарды", — деп айтылат маалыматта.
Өспүрүмдөрдү "Манас" аэропортунан ИИМдин кызматкелери тосуп алган. Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар жакын туугандарына өткөрүп берилери кошумчаланды.
Полиция кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
7-январдан тарта мигранттар Россияда иштей баштаганын ИИМге кабарлашы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0