00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жогорку окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге жеткиликтүү билим берүү
11:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Рекорд! РКӨФ быйыл өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салды
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
с Таалайбеком Ороскуловым
14:05
60 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эмил Жамгырчиев депутаттык мандатынан ажыратылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМандатынан ажыратылган Эмил Жамгырчиев. Архив
Мандатынан ажыратылган Эмил Жамгырчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
БШКга депутаттын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз бүгүн түшкөн.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Эмил Жамгырчиевди Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратты.
Маалыматка караганда, "Альянс" парламенттик фракциясынан эл өкүлү болуп шайланган Жамгырчиевден ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз бүгүн, 2-февралда, келип түшкөн. БШКнын жыйынында маселе каралып, мандатынан ажыратуу чечими чыгарылды.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия 9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген. Ошол эле күнү Жамгырчиев парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткен. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖК жыйынында Жамгырчиевди эч ким камабай турганын, ал айыпталып жаткан иш оор кылмыштардын катарына кирбестигин айткан. УКМК башчысы депутатты тергөөчүгө келип берүүгө чакырган.
Анын маалыматына караганда, Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге кайрылып, Ташиевге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Жамгырчиев Абдувалиевден эки досту (коомчулукта Жапаров менен Ташиев "эки дос" деп айтылып келет) жок кылууга жардам сураганын билдирген.
12-январда парламентарий УКМКга сурак берүү үчүн өзү барган. Кийин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Депутат Эмил Жамгырчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев бир айга камалды
Жаңылыктар түрмөгү
0