00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алдыңкы үч жылдан үмүтүм чоң. Садыр Жапаров энергетиктерди куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архив
КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Мамлекет башчысы алдыңкы үч жылда энергетикалык көз карандылыктан арылуу пландары тууралуу айткан.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, энергетика тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Энергетиктер күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы бул тармак мамлекеттин экономикасынын жогорулашына, калктын жашоо шартынын жакшырышына, өнөр жай, завод, фабрикалардын иштешине эң негизги өбөлгө болуп эсептелерине токтолуп, акыркы жылдары энергетика тармагында алдыга карай чоң жылыштар башталганын белгилеген.
"Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл энергетика тармагы атайын техника жана жабдуулар менен көбүрөөк жабдылып, калкты үзгүлтүксүз электр кубаты менен камсыздоого чоң күч-аракеттер көрүлүүдө. Мунун баарын энергетиктердин күн-түн дебей бел чечпеген эмгегинин үзүрү катары баалоого болот", — деген Жапаров.
Мамлекет бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, өлкөбүздүн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен Кыргызстанды электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кошуу максатында энергетикага "өзгөчө кырдаал режимин" киргизгенин белгилеген.
Ал Ат-Башы ГЭСи жана Токтогул ГЭСинин эки гидроагрегаты реконструкцияланганына, Үч-Коргон ГЭСте реконструкция иштери башталганына токтолгон.
"Муну менен ГЭСтердин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга чейин узартылып, кубаттуулугу көбөйдү. Ири ГЭСтерден тарыхый долбоор катары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча даярдык иштери алгылыктуу жүргүзүлүүдө. Кудай буюрса, жакынкы мезгилдерде жаңы курулган бир нече чакан ГЭС ишке кирет", — деген мамлекет башчысы.
Энергетика тармагынын ардагерлерине да ыраазычылыгын билдирген.
"Бизге кубаттуулугу 3 500 МВт болгон электр станцияларын мурас катары калтырган энергетика тармагынын ардагерлерине да ыраазычылык билдире кетейин. Энергетика тармагынын ардагерлери убагында эл камы деп жан үрөп, бул тармактын өркүндөшүнө өмүрүн арнашкан. Алардын кыраакылыгынын, билиминин, мол тажрыйбасынын аркасында бүгүнкү күндө өлкөбүз мыкты адистерден куру эмес", — деген Жапаров.
Мамлекет башчысы алдыңкы үч жылда энергетикалык көз карандылыктан арылуу пландары тууралуу айткан.
"Алдыңкы үч жыл аралыгында жаңы технологиялар менен заманбап электр станцияларын куруп, кубаттуулукту көтөрүп, энергетикалык көз карандылыктан арылабыз деген үмүтүм чоң. Мунун баары кесипкөй, намыскөй, эрки күчтүү, күнү-түнү ысык-суукка карабай эл камын ойлогон энергетиктердин аркасы менен ишке ашат деп ишенем", — деп билдирген ал.
Ал энергетика тармагынын кызматкерлерине жана кадырлуу ардагерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөсүндө бакубат жашоо каалаган.
"Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Элге тартуулаган жарык менен жылуулугуңуздар сиздерге эселеп кайтып келсин. Эмгегиңиздер акталып, элдин батасына ээ болуңуздар", — деп жыйынтыктаган куттуктоосун.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Өлкөбүздү сүрөгөн негизги күч. С.Жапаров жаштарды майрамы менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0