"Эр Табылды" дастаны тууралуу 12 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековКырчын капчыгайында улуттук кийимчен чабандес. Архив
Кырчын капчыгайында улуттук кийимчен чабандес. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Жазылуу
Элибиздин тарыхы узак кылымдар бою эркиндик үчүн күрөштүн тарыхы болду. Калк чачылды, чабылды, жер которуп, конуш оодарды, бүлүнүп, талоондо калды, кайра оӊолуп, эл ичинен эрлер, арстан жүрөк шерлер чыгып, чачылганды жыйнап, бүлүнгөндү чогултту.
Күрөш, жеӊиш жана жеӊилиш менен, кайгы-азап, ый-муӊ менен коштолуп келген эл турмушу элдик оозеки чыгармаларга өтүп, ырга, дастанга айланып, күү болуп чертилип, жомок, табышмак, макал-ылакап болуп төгүлүп, кылымдарды карытып жашап отурду. Алардын бири – "Эр Табылды" дастаны.
Дастан эмне жөнүндө? "Эр Табылды" – эл башына күн түшкөн узак тарыхтын бир көз ирмемин, бир үзүмүн чагылдырган эпос. Андагы окуялар болжол менен ХV-ХVIII кылымдардын ичинде калмактардын (тарыхта жуңгарлар, ойроттор деп да айтылат) басып кирүү мезгилинен алынган. "Эр Табылды" эпосунда баскынчы калмактарды эл-жерден кууп, тууган жерди боштондукка чыгаруу үчүн ошол айыгышкан кармашта Эр Табылды баштаган, Элдияр, Эрмек жана кырк жигиттин теӊдешсиз эрдиктери, ички душмандар Кудайназар, Алтыбай сыяктуу "өрдөк жокто чулдук бийлик" кылып, хандык талашып, элди кыйын күнгө салганы тууралуу кызыктуу окуялар баяндалат.
Дастандын бир нече варианты бар, алардын ичинде Актан Тыныбековдун айтуусундагы вариант кыйла толук жана көркөмдүк жагы жогору.
Чыгармага киришме. Өткөн замандардын биринде Кара-Тоо деген жерде алты миӊ үйлүү катаган деген бир уруу жашайт. Ат-Башы, Нарынды жердеген Омокан деген өткөн экен. Ошо Омокандын Ормонкан, Эрменкан аттуу эки уулу болгон. Экөө тең колуна найза алып, ат жалынан түшпөй катаган элин жоодон коргоп, элинин тиреги болуптур. Ормонкан туяксыз өтүп кетиптир. Эрманкан мурда калмак аял алат экен, андан Кудайназар деген бир уулу бар эле. Ал чоӊоюп бой тарткандан баштап калмактык канына тартып кыргыздарды көрө албайт. Алтыбай, Кенжебай, Олжобай, Аргынбай, Чаргынбай деген балдары да, дагы баары жети уулу, эрезеге жеткенден тартып, кырк каракчы атанып, ууру кылып, нар өлтүрсө пул бербей, эр өлтүрсө кун бербей зордукчулук менен жашады. Кудайназар балдарынын доорунда бөлөк айыл болуп, бөтөн сууга конуп, атасы Эрманкандан эл талашып, эрегишип, касташып, кармашчу болду. Эрманкан айласы кетип, калмак энесинин колуна берип, өзүн балалыктан кечтим деп, көп мал энчилеп эл-жерден кууп чыгат. Эрменкан элүү жашка келгенде нойгуттарга барып Ачаган деген аялга никесин байлайт. Ачаган ага алтымышка чыкканда бир эркек, анан бир кыз төрөп берет. Баланын атын Табылды, кызынын атын Кардыгач коюшат. Табылды он үчкө келгенде атасы каза болот. Эми Кудайназар алардан мал-мүлк талаша баштайт. Табылды он төрткө келгенде баатырдыгы билинет, атасынын казынасын ачып, жоо-жарагын алып, жоо кийимдерин киет. Кырк жигит топтойт, Элдияр, Эрмек деген эки досун эмчектеш кылып алат. Уруш өнөрүн үйрөнүп, жоо жолун торойт. Ошол күндөрдүн бирине атасына аш берүү үчүн аксакалдардан кеңеш сурайт. Алар макул көрүп казак, кыргыз, өзбектен, Анжиян менен Аркадан ашка конок чакырмак болот. Калмак катындан болсо да атабыз бир эмеспи деп Кудайназарды ашка чакырып, кат жиберет.
Ашка Кудайназарды чакыруу. Табылды катында каргадай жалгыз инисинин жалына кат жазганын айтат, ашта жанымда караан болуңуз, аксакалдык кылыңыз дейт. Кудайназардан атанын өчүн ала турганын, башын азапка сала турганын, журтту ээлеп кала турганын айткан кат алат. Табылды катты катагандардын жакшыларын жыйып окуп бергенде Уста аттуу карыя "Эрманкан ашсыз калабы, Табылды жаман балабы, ушунча журтка бир калмак, урушуп бузук салабы, камынып ишиӊ кыла бер, ойлобой, балам, санааны" деп тоотпой коёт. Кудайназар алтымыш уулу менен же айылга батпай, же ашка келбей эле үйүндө жатпай, же конокко бөлүнбөй, коктудан чыгып көрүнбөй, кайда барарын билбей Алтыбайга төрт уулун кошуп "эки семиз бээ алып келгин" деп аткарып, өзү төрдү карай бет алып барып, жатып алат.
Этнофестивалдын катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Курманбекке атасынын ат бербей коюшу. 40 жигиттин чыккынчылыгы. 7 факт
Аштагы ат чабыш. Аштын камы деп катаган журту кең Соң-Көлдүн боюна конуп, Эрманкандын малынан он миң кой, бир миң жылкы, бир жүз төөнү аттын байгесине арнап бөлүп коюп, кемеге казып, эт асып келген элди тосуп турат. Той башы – Уста карыя. Аштын көркү ат чабыш эмеспи. Эрменкандын ашынын ат чабышы башталат. Байгени Кызыл-Жарга коюп, Таш-Кечүүнү кечирип, Торпу менен түшүрүп, Кыргоонун аягынан атты коё берди. Убакыт өтүп аттар коё берилип Устанын уулу Элдиярдын Кертабылгы деген аты алдыда келет. Бир убакта салт бузулуп, нарк бузулуп Таш-Дөбөнүн оюнан, Моло ашуунун сайынан, Кудайназар, Алтыбайдын Алатоо деген атын ортодон кошуп ийишет. Калмактар аны жапырт сүрөөнгө алат. Буга Элдияр, Эрмек катуу ачууланат, намыс талашабыз дегенде Эр Табылды "атасынын ашында агасы менен урушуп, арсыз бала экен деп, мал талашып жулушуп, байкуш бала экен деп сөзгө калабыз, андан көрө баш байгеден кечели" дейт. Эки досту араң токтоткон Табылдыны эл "атадан уул туулса, ушундай туулсун" деп алкап, аш тарайт.
Кудайназардын чыккынчылыгы. Бир күнү Табылды катуу ооруп калганын аталаш агасы Кудайназар угат да, Олжобай деген уулун Көл башындагы Чалкалмак деген баатырга жиберет. Кабарда Табылдынын ооруп жатканын, ошол үчүн басып келип, малын талап кетишин айтат. Чалкалмак кудуңдап сүйүнүп, он миң кол жыят, өзү тандалган беш жүз баатырын алып, Табылдынын айылын көздөй жөнөйт. Табылды бир аз жакшы болуп, бирок Арчатору баш болгон аттарын көктөмдө отко тойсун, карта байлап алсын деп агытып жиберген экен. Муну Чалкалмак дүрбүдөн көрөт. Табылдынын минген атын карындашы Кардыгач макмалдан кылган дорбого мейиздеп жем салып, жалын тарап, соорусун сылап, күнүгө бир маал багып келчү экен. Чалкалмак Үч-Нуранын башынан, Нарындын кара ташынан Кичи-Нарындын суусунан кечирип Табылдынын жылкыларын айдап кетет.
Чалкалмактын арманы. Жылкыларды айдап баратып Чалкалмак баатырларын токтото туруп мындай деп айтат экен: "Мен Чалкалмак болгону, Чалкалмак атка конгону, кыргыздан жылкы көп алдым, кытайга барып кол салдым, казактан жылкы көп алдым, каңгайга барып кол салдым, Алты Шаар Кашкардан, алтын, күмүш олжо алдым, эрдемсиген кыргызга алда канча кол салдым, бирок менин арманым, алдымдан чыккан тоскун жок, артымдан келген куугун жок, сайышып чыккан баатыр жок, салышып чыккан балбан жок, калдайган калың кол да жок, кармашып чыккан жоо да жок, капилет элди көп чаптым, канчалык олжо мал таптым, туйгун жаткан эл чаптым, Турпандан эчен олжо алдым, же багалчагым майышып, балбандын күчүн көрбөдүм, башты жара сайышып, баатырдын күчүн көрбөдүм". Дагы ушундай сөздөрүн көп айтат, кызыл канга боёлуп жатпаганын арман кылат, алтымыш өтүп жетимишке келгенче чер жазып бир согушпаганын айтат. Жылкыны өйүзгө өткөрүп, семизин союп, бир өргүү кылалы дейт. Өзү ашуу ашып, аны Калмак-Ашуу деп атаган экен, жылкыларды ошол жер менен ашыра бергиле, мен Эрменкан уулу келсе аны менен беш күн удаа сайышып, бир кумардан канайын дейт.
Улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Курманбектин жар тандашы. Эпостон 8 факт
Чалкалмактын Табылдынын айылына келиши. Малды айдатып ийип Чалкалмак Карабоз менен бургутуп, артынан чаңын дыргытып, кең Нарынды бойлоп, ар түрдүү акыл ойлоп, адыр менен өрөөндү аралай чаап жойлоп, Табылдынын айлына келип, "Эр Табылды сенсиңби, элимде эр жок дейсиңби, ээн жаткан жылкыңды ээлеп алдым билдиңби, Эрменканда өчүмдү, эми алдым, балам, көрдүңбү?" деп келип, "өрүштөн жылкың алдырып, өлүк бала жатпай кал, жайыттан жылкың алдырып, жаман бала жатпай кал" деп намысына тийип, аны Балгат деген жерде эки күнү өргүп күтө турарын билдирет. Чалкалмактын шарпасынан матоодо төөлөр бышкырып, улуп-уңшуп ит үрүп, короодо койлор чуркурап, байлоодо уйлар өкүрүп бир башкача болот. Буларды угуп кырк жигит, Элдияр, Эрмек болуп жабыла турду.
Кырк жигиттин жоо артынан түшүшү. Аттары жок калган кырк жигит айласы жок турганда, алп уйкудан Табылдыны ойготкондо ал "атаңдын көрү, калмактын ашуудан алдын тосомун, көп ашууну бүт ашып, Көлгө түшүп кеткиче, Калмак-Ашуу ашканча, Кара-Каман басканча, калың малды чубатып, калмак алыс кеткиче, артынан жөө барамын" деп чамынып, элге айтпай, чуу кылбай, капчыгай менен жүрүп, карышкыр жойлобос жерлерден өтүп, алдын торомок болду. Аксарбашыл алышты, ай туяк атап, арбактарга арнап мал союшту.
Кардыгачтын Арчаторуга барышы. Чалкалмактын келгенин уккан, агасынын уйкуда жатканын көргөн он төрт жашар Кардыгач жылаң аяк, жылаң баш, карбаластап өзүнчө капаланып, бүлүнүп, торко көйнөгүн белине түрүнүп, жан адамга билинбей таң агарып атканда айылдан узап чыкты. Жайытка келсе жылкы жок, жашын төгөт, ичи чок, колундагы мейиз жемин жей турган буудан жок. Калмакка колго түшүп калсам хан абам сөзгө калат деп, Боз-Дөбөдө сурмалуу көздөн жаш агып, суксурдай баштан тер агып, жаш чыбыктай солкулдап, жалооруп ыйлап болкулдап турганда калың чаң көрүндү, коркуп шыраалжынга жашынды. Арчатору буудан, жылкыдан кайып туулган, күндөгү жеген жемин эстеп, кырк бууданды ээрчитип Кардыгач жаткан дөбөгө келди. Кардыгач макмалдан кылган дорбону атка тосту да, тулпардын оң көзүнөн бир өптү, сол көзүнөн бир өптү, солкулдап жашын төктү. Аңгыча калмактар кууп келип калды. Ошондо Кардыгач торкодон кылган көйнөгүн чечип алып бүктөп, Арчаторуну минип, буудандарды баштап, агасынын турагын көздөй чапты.
Чуңкурчак жайлоосундагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Курманбектин Экезди сайышы жана Акканга барышы. Эпостон 8 факты
Эр Табылдынын абалы. Табылды жөө баскан кырк жигитин ээрчитип, койчулар минип жүргөн Көкчолокту минип, эки буту салаңдап, эки көзү алаңдап, нарга кошун артып келе жатса, алдынан уюган калың чаң чыгат, Чалкалмак өзү келе жаткан экен го, эми бир кармашайын деп дүрбүсүн кайра салса, ат көрүнөт адам жок, чаң көрүнөт, черүү жок. Дагы жакшы караса, алдыда келе жатканы – Арчатору. Аны минген Кардыгач. Ошондо Табылды "кагылайын каралдым ай, кыз да болсо медерим, каргадай болгон медерим, Кардыгач менин зирегим, Кадыр алда кудурет, кыз да болсо ушуну, караан кылып бергенин" деп буркурайт. Аңгыча Кардыгач көйнөгү жок жылаңач, топусу жок жылаң баш, саамайы учуп сербеңдеп, көкүлү учуп эрбеңдеп, кырк атты алып келип кырк жигитке тапшырат. Анан алар урушка аттанып, катаган элине Кардыгачтан кат жазып берди.
Кара-Каман – кандуу суу. Ушул суунун этегинде душман жүргөндөй болот. Элдияр өз өнөрү менен калмакка кар жаадырат, кыргызга нур жаадырат. Эр Табылды "Манастап", "Алмамбеттеп" ураан чакырып, Чалкалмакты издейт, беттегенин сулатат, жолукканын жок кылат. Бир убакта бирөө келе жатат. Сырбараң мылтык колунда, алеңгир жаасы жонунда, оозунда канжа бурулдап, чочмору белде култуюп, эки бети тултуюп, оттук ташы сороктоп, найзанын учу короктоп, буурул сакал жайыла. Түз эле кармап алса жечүдөй Табылдыга умтулат. Бала баатыр алма баш менен атты эле, коргошуну карт баатырдын денесине кирбей, майтарылып сууга түштү, найзасын туштап кош колдоп бек сайды эле чоң зүңгү менен тосуп койду, суу ичинде эки дөө айбалтасын алышып, аябай башка салышып, жакадан кармай калышып, жалтанбай башка салышып, калканды баштан жулушуп, канжар менен урушуп көпкө ары-бери болду. Бир убак Табылды көк бөрү тарткандай ээрге жапма салды, саадактай сакалын кармап тартты эле, бир жагын жулуп алды. Бири-бирин таппай калды. Табылды "ашыгып мылтык атыпмын, озунуп найза сайыпмын, чоң дайрадан чыкканча, ошого бекер барыпмын, олжо тапкан немедей, сакалын жулуп алыпмын" деп бир чалга алы келбегенге өкүндү.
Жаралуу Табылдынын күкүк кушка кайрылуусу. Андан кийин да калмактар менен далай согуштар өттү. Чыгарманын бир бөлүмүндө Эр Табылдынын күч жагынан теӊдешсиз урушка кабылып, жараланып жаткандагы арманын угабыз. Табылды Нарындын башы Кара-Ташта жалгыз жатып калды. Кара-Суунун боюнда калың токойдун жээгине Арчаторуну танап жип менен аркандап койду. Бир кезде күркүрөгөн баатыр алмабаш мылтыгын октоп, кылычын жанына коюп, ак каӊкы ээрин башына жаздап, астына ак тердик салып, ичкени чайкалган чалап болуп жатты. Беш күн, беш түн ушул абалда турду. Анан арманын айтып кирди: "Атаңдын көрү дүнүйө, арбыды жараат күнүгө, агын суунун боюнда, агарган таңды көрө албай, арманым айтып жатамын", - деп Арчаторудан башка жолдош калбаганын айтат, жарааты бүт денесине тарап, ашыгынын шишиги алача белге жабышканын айтат, арбак урган куу как баш деп Кудайназарды каргайт. "Кең Нарындын боюнда, кечүү токой оюнда, калың бадал түбүндө, кара суунун четинде, керээз айтып калам деп, эч оюна келбегенин айтат. Катаган биздин эл кана, Кара-Тоо коргон жер кана, кырк жигит, Эрмек дос кана деп арманын төгүп, эптеп чыйралат. Ошол кезде күкүк куш келип конот Ак-Теректин башына. Арманын да, тагдырын да күкүккө айтат. Карындашы Кардыгачка, бешке жашы бара жаткан жалгыз уулу Шайымбетке салам айттырат. Табылды жарааты күчөп, жатып калганда Элдияр келип көрүп, дары коюп таӊып айыктырат.
Курманбектин эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Курманбек менен Аккандын дос болушу. Баатырдын таажы кийиши. Эпостон 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0