Садыр Жапаров япон компанияларын Кыргызстанга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров япон компанияларын Кыргызстанга чакырды
Садыр Жапаров япон компанияларын Кыргызстанга чакырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Президент кыргыз тарап IT-тармагын жакшыртууга Япониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Япония компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы Токиого болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Япония компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Япония компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Япония компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Өлкө башчы Токиого болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн

Өлкө башчы Токиого болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн - Sputnik Кыргызстан
2/3

Өлкө башчы Токиого болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашкан

Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашкан - Sputnik Кыргызстан
3/3

Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашкан

1/3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Япония компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды

2/3

Өлкө башчы Токиого болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн

3/3

Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашкан

Тараптар соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
"Мамлекет башчы Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн реалдуу практикалык кадамдар жасалып жатканын белгилеп, Япониянын компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды. Ал чет элдик инвесторлорду коргоо маселесине жеке көңүл буруп, Кыргызстанга салынып жаткан инвестициялардын корголушуна кепилдик берерин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Президент маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө басым жасап, кыргыз тарап IT-тармагын жакшыртууга Япониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.
Өз кезегинде JETRO компаниясынын башкаруучусу Норихико Ишигуро Кыргызстанда абдан чоң потенциал бар экенин жана япон компанияларынын өлкөгө болгон кызыгуусу өсүп жатканын, аны конкреттүү сунуштар менен толтуруу зарыл экенин белгилеген.
Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен Киотодо чай аземинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен Киотодо чай аземинде. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0