Атасынын Курманбекке Телторуну алып келип бериши. Эпостон 8 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековКурманбектин эстелеги. Архивдик сүрөт
Курманбектин эстелеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Жазылуу
Дервиштин сыры, баланын кырк жигит курашы, алардын аскердик машыгуулары, Курманбектин жана кырк жигиттин дайыны тууралуу фактыдан окуңуз.
Баланын тоо чокусуна чыгып, журтуна көз салышы. Бала эсине келип, жанында өлүп жаткан чаар жолборсту көрөт. Бул чаар жолборстун жөнүн Койчуман нечен жолу сүйлөп берген. Ал неге өлдү? Ким өлтүрдү? Эмнеден өлдү? Бала түшүнгөн жок. Тоонун кылда чокусуна жетти. Мына эми сырдуу турган ак чокунун ары жагы көрүндү. Биринен бири бийик, биринен бири алыс ак чокулар экен. Булуттар болсо кээ бир чокулардын белинде, кээсинин көкүрөгүндө жүрөт. Өзү чыгып барган арт жагына үңүлдү. Өз үйү, токою кичине элежерде, алакандайэкен. Анан ал андан алыска көз агытты. Мейкин талаалар, өзөндөр, кенттер, андан да алыс бүдөмүктө коргон сымал аппак кербен тоолор. Бала улутунуп алды. Ошол мунарыктан көрүнгөн коргон тоолор менен ушул өзү бир чокусунда турган тоолор ортосундагы айылдар менен кенттерге, суулар менен талааларга – баарына ээлик кылган атасын эстеди. Анан эмнеге Койчуман менен мында камалып жатканын түшүнбөдү. Таш үстүндө жайылып жүргөн кийиктер менен жарыша чуркап ойноп кетип, кайра ой-санаанын баарын унутту. Койчуман айтып берген Кожожаш мерген жомогун эстеди. Эликтер менен эзелки достордой кучакташып, секиришти.
Дервиштин сыры ачылды. Бир убакта бала таш артынан бир караанды көргөндөй болду. Дагы бир чаар жолборстур деп ойлоду. Бул жолу аңдоос албай бастырып ийбей, андан мурда акырын сыр алдырбай басып калууга далалаттанды. Улактар менен калп эле ойношуп барып, таш артындагы караанды шап басып калды.
– Жан соога, ханзаада, жан соога! Мен – адаммын! Мен – кишимин! Думанамын! – Чын эле Бала караса ал караан киши болуп чыкты. Жоо-жаракчан, бакубат киши.
– Сен кимсиң!?
– Менмин! – Бала караса эле ай толгондо көрүнүп калчу дервиш.
– А самтыраган кийимиң кана?! – Бала дайыма аны тытылган кийим, башына оронгон чалма менен көрчү. – Жоокер кийим кийгениң эмне?!
– Ушундай болуп калды?
– Болуп калганы кандай? Айт чыныңды! Болбосо элеби! – Бала жапайы кишини төбөдөн ныгыра басты.
– Жо-жок, айтууга болбойт, хан тапшырмасы ошондой! – Тигил киши жалынып-жалбарып жатты.
Бала андан бетер аны ныгыра басып, ташка жалпайтты, ага болсо таш өтүп, жан айласын таппай калды. Айтууга аргасыз болду.
Экөө караңгы киргизип, Бабаш-Атанын башында турушту. Ошондо дервиш бул жер кезип ак урган думана эмес эле Тейитбек хан тарабынан баласына коюлган сакчы экендигин, хан ордодо абал кыйын болуп, сырттан жоо талап, ички душман андан өтүп көбөйүп, элден оолак жүрсүн деп уулу Курманбекти ушул Арстан-Баба токоюнун адамдардан далдоо бир бурчуна атайын калтырып кеткенин Бала түшүндү. Түшүндү да, караңгы түнү, асман толо жылдыздуу кечте сакчы-дервиш Пайызбектин алдында хан ордону кыйсыпыр кылган, элди ээн уктатпай, кызын талап, жашын кары кылбай, малын малдай, алтын-зерин алтын-зердей талап турган ойроттордон өч алуу үчүн касам ичип, ант берди.
Баланын кырк жигит курашы, алардын аскердик машыгуулары.Арслан-Бабанын токоюнан чыккан Курманбек жөн чыккан жок. Көкүрөктө дарты, көздө кубаты, билекте күчү менен чыкты. Койчуман экөө Чарбак менен Кызыл-Үңкүрдөн, анан өтүп Дашмандан жигиттерди курады, элден ат жыйнады. Толуп турган кең далылуу, бүркүт кабак, жылдызы жайнаган алп жигитти көргөндө кыйналган кыпчагы менен кыргызы,мундузу менен тейити, сарыбагышы менен адигинеси, кушчусу менен саруусу, нойгуту, авааты менен найманы – баары кошула берди. Пача-Ата менен Бозбу тоону этектеген айылдардан, Эски-Масы, Сакалдыдан, буягы Кара-Алма, Көк-Арт өтүп Өзгөндүн Доңуз-Тоосунан бери ар айылдан бирден-экиден жигит биригип отуруп, Кызыл-Үңкүр боюнда кырк жигит куралды. Кырк жигиттин камы деп уздары узанды, усталар көлкүлдөтүп темир эритип курал жасады. Тандамал аттар табылды, кызыл алтындан жабуу жабылды. Сайыш үйрөткөн устаз сайышып үйрөтүп, кылыч-найзанын миң түрдүү ыкмасын билишти, алыстан өлтүрөр бараң мылтыктар менен тарсылдатып да көрүштү, ат үстүндө чырм этип уйку кандырууга да көнүштү, кезектешип күрөшкө түшүп күч сынашты. Черүүгө аттанууга көңтөрө ээр, көк жамбочун камдап, көйкөлтө көк туусун саздап, чарайна, чопкутуна темирдин мыктысын тандап, соотун бекем соктуруп, туулгасын туурулап, калканы менен айбалтасына асмандан жааган таштан кошуп уютуп, найза менен кылычын уулап, шалк этмесин шаанилеп, ыктуулары шамал менен ат үстүндө жарышып, ар айылдан билинбей азык келип, түнт токой ичи күрү-гүү түшүп жатты.
Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2016
"Курманбек" эпосу жөнүндө жети факты. Муун-жүндү бошоткон керээз
Тейит хандын думана болуп келиши. Кырк жигит кылдап ат минип, аттарын суутуп, үртүк менен жаап, жоо-жарагын алып, жоого каршы барабыз деп турганда булардын бул кылыгын алыстан угуп жүргөн Тейит кан түн жамына жол жүрүп, думана кейпин кийип, Телтору атын теминип келип калды. Ата-баланын учурашынан ысык нерсе барбы? Коргошундай эришти, көздөн жашын агызып, көлкүлдөп бир бошошту, кубанып кайра токтошту. Эчен жылдык сагынычын Тоскоол-Ата көлүндөй көлкүлдөп айтып алышты. Баатыр болгон баласына сугун артып, атасы батасын берди. Батага кошо минип келген атын тартуу кылды.
– Бул ат кайыптан минаа болгон дулдул ат, – деди. Анан баласына баягы Чаар айгыр баянын айтты. Анын кулун чагында ээсин таап, Папандан алтын-күмүш, зер берип, миң сан жылкыга алмаштырып алганын айтты. – Эми сага буюрсун, сенден ушул атты талашкан адам курусун, – деди.
Ата-баланы көрүп кырк жигиттин жүрөгү эзилип турду. Теке сан, кулжа көөдөн, алтымыш асый болсо да арыбай турган апти бар Телтору ат кайберен как жондо тургандай, Курманбектин алдында көктү карап, көңүлү толуп турду. Телторунун алтын жалы шамалга ыргалып, туяктары жаңгак түбүн омкоро тепчүдөй толуп-ташып атты. Сооруларын сылап, жонун аста-астадан кармап, жалын тарап, тикчийген кулактарын колу менен жапырайтып, көзүнө көзүн кадап Курманбек да Телторунун көркүнө көзү түшүп, чырайына суктанып, ушундай аттуу болгонуна ишенбей турду. Экөө моюндашып, экөөнүн бири ат, бири адам эмес эле экөө тең же ат сымал, экөө тең же адам сымал дидарлары жибишип, дилдери менен сүйлөшүп турду.
Хандыгынан карыптыгы көбөйгөн Тейитбек нечен жыл жан адамга билгизбей, Жаныш саяпкерге таптатып, Өзгөн күрүчкө, Маргалан майизга, Чоң-Алай көдөөсүнө, Кара-Шоронун суусуна баккан Телтору аты жалгыз уулу Курманбек менен эчен жыл бир болгон достордой эзилишип турганга бадани жибип, көзүнө жаш алып, эчен жылдан бери көкүрөккө толгон дартын көөдөндөн чыгарып турду.
– Атка мин, баатыр, атка мин!
– Телтору атты, чаап көр!
– Ат куллук болсун, баатыр, ат куллук!
– Телторуң канатың болсун! – Баятан бери жарданып турган кырк жигит да, ат багарлар да, тамак кылар аялдар да, көөрүк баскан усталар да, жаңгак терген ормончулар да жаалдап кыйкырып, Курманбектин атка минишин күтүп калышты.
Курманбекке куп жарашкан Телтору ат.
– Биссимилла рахманы рахим, Камбар атам колдосун, Арстан Бабам колдосун! – деп Курманбек Телтору атка минүүгө камынды эле тоодой болгон толук ат түлкүдөй боюн ийип берип, боюн жерге жашырып жатып калгандай болду. Мындайды мурда көрбөгөн Бала баатыр Курманбек зоңкойгон сабилети менен ээрге ыргып минди эле, кантип билинбей эңкейип чөккөн болсо дагы ошентип билинбей көтөрүлдү да, шаңшыган бүркүттөй көктү карай үстүндөгү кишиси бир эле теминип койсо булуттуу көктү мекендеп, Бабаш-Атанын аскасын ашып өтчүдөй камынып калды. Жаныбар алты ай минип Алтайга барса талыбас, ташка салса тайгылбас, кумга салса буту батпас, кулжа көөдөн, теке сан, сыпаты сулуу маралдай, учса болчу жагалмай, келишкен бир кер ат экен. Телегейи тегиз жорго болчу убакта жорголугу бар, шамал менен жарышкан аргымактыгы бар, күтүрөгөн күлүктөн башка көркү бар сан буудан экен, сынына сөз жетпеген сайгүлүк экен.
Жаныш саяпкер баш болуп, кырк жигити тегиз туруп, алакан жайып бата беришти.
– Телтору ат жаның болсун, Курманбек! Телтору ат теңиң болсун, Курманбек! Телтору ат шеригиң болсун, Курманбек! Телтору ат жоого киргенде жолдошуң болсун, Курманбек! Минген атың эч качан жайдак калбасын, Курманбек! Артыңдан аскер ээрчисин, Курманбек! Оомийин! – Тоо-токойдун баары бата бергендей зоңкулдап, жаңгактардын ичинен баюлу менен бактек үркүп, аскадагы бүркүт менен көктөгү кулаалы качып, чымчыктар дүрбөп чырылдап, асмандын бети карага толду. Чер ичинен коён менен кыргоолунун жүрөгү жарылып өлүп, түлкүсү түзгө качып, карышкыры карышып, аюусу кышкы чээнине кирип, арстаны аскага чыгып, жолборсу жойлоп камышына кадалып, илбирси үркүп бир ажайып алаамат болуп, бул жерлер дүңгүрөп эле жатып калды.
Озеро Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2016
"Жеңишбек" поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы
Тейит хандын ниетине жетиши, ордого кайра кетиши. Тейит хан бир түнөп, эртеси шам аралаш, жан адамга билгизбей уулу менен жашын төгүп коштошуп, Аллага аманат таштап, ит талаган кепедей тарпы чыккан хан ордосуна кайра кайтты. Жалгыз туягына атаган атын алып барганга ыраазы боло, арманын зил кылып жолго төгүп, чоң жолго эмес, андан буруу деп дайра бойлоп жүрбөй, кыядагы кысылыш жол менен жүрүп баратты кайран хан да, кайран ата...
Курманбектин жана кырк жигиттин дайыны. Жигит курган баатырдын даңазасы далайга, алыстагы Алайга жетти. Ошондой күндөрдүн биринде арык-торук ат минген, атынан өтүп өзү өлөйүн деген бирөө жан соогалап жардам сурап келди. Үч күн, үч түн жол жүрүп, бир жардам кылса ушул Бала баатыр Курманбек жардам кылат деп угуп келиптир.
– Сары-Таштын белинде, Эркеч-Тамдан өтөр берки жерде эки жүз төө кербенибиз, төө айдаган жүз кулубуз, кербен башчы Самсакун кырк жигити менен камоодо жатат, жардам кыл! – деп келет.
Бу сөзгө Курманбек не кыларын билбей кырк жигитке кайрылса, кыркы тең эчен күн, эчен түн уруш көрбөй бук болгонгобу, же тиги матоодогу кишилердин азат болушун чындап эле каалаштыбы, же камоого алган калмактар экенин билип, чын урушту баштайлы дештиби, айтор, жигиттер “барабыздан” башка сөз айтпай туруп алышты. Бул баруу кыргыз-кыпчак үчүн жүз жылдап калмакка басынып келе жаткан күндүн бүтүшү, биринчи жолу баш көтөрүү, чоң согуштун башталышы эле билгенге. Кыргыз-кыпчактын аксакал-көксакалы, улуу-кичүүсү уй мүйүз тартып отура калып, тынч бараткан кербенге кол салган бул салтта жок жорук деп, алтын-күмүш, зери бар, перси килем жүктөгөн төөлөрү бар кербенди эптеп бошотуп, катынчылык кылган калмактын сазайын берүү керек деди.
Кырк жигиттин жоого аттанышы. Ошентип кылкылдаган туу алып, Курманбекти Телтору атка мингизип алдыга салып, кан күсөгөн калмактын катыгын берүүгө кырк жигит жолго түштү. Не болот да, не жок деп Койчуман баш болгон улуураактары кыргыз-кыпчакты түрө кыдырып, коломолуу кол жыйып кирди.
Кырк жигит Жазы бойлой жүрүп, Гүл-Шаадан өтүп, Кызыл-Коргон, Сопудан Терек-Дабан өрдөп, туңгуюктан жол таап, туюк жерден ой таап жер челген Кабылбекти ээрчип, кербен өтөр жибек жолдун бир салаасына түндөп жетти. Тынч жатканда кол салганыбыз болбостур деп Курманбек таң куланөөк салганча камдуу туралы деп жоокерлерди жай койду, ат тизгинин кармашып, чырым уйку алышты. Агарып таң атарда, кырк жигит уктап жатканда айгайлаган чуу чыгып, күн чыгыштан дуу чыгып, кырк жигитти караңгылык басты. Кайдан-жайдан келгени белгисиз, кара кийим кийишкен, чаң-чуң дешип сүйлөгөн, аты пас да, өздөрү андан өтүп пас, ээрдин кашында өбөктөгөн суурдай айкырыгы башкача адамдар кирип келишти. Камдуу жаткан кырк жигит атына ыргып мингенче, эки күнү эзилип жүргөн денесин жыйрып болгончо тигил келген көп караан жайпап өттү бир жолу. Кылычтар калды карсылдап, найзалар сынды тарсылдап, аттар үрктү кошкуруп, адамдар жүрөт док уруп.
Курманбек менен Телторунун кан согушун көрсөтүшү.Бу Курманбекте ылаа жок, неге жаттык тынч алып, өзү болсо манас уйкуга алдырып жатып алды түтөктө деп ачууланган андан көп. Коломолуу кол келип, тарсылдашып аткылап, айбалта үнү асман жарып, Күнгө кошо ый чыгып, дарыя кочкул кан болду, асмандагы булуттай ат туягы чаң эшти, гөөдөө кетип такыр болду, булак кургап какыр болду, адам өлүп бакыр болду, ойрот колу ойрондолуп жакыр болду. Курманбек жүрөт кызыбай, чала уйкулуу көзүн сүртүп, туш келгенин ондон булкуп, бирөө келсе найзага шиш кебек кылып сайып... Телтору ат теминип, уруш көрүп айбыкпай, ушундайды күткөндөй ары жакка бир чыгып, бери жакка бир чыгып, коргошун ок келатса кайкып берет, найза учу көрүнсө жатып берет, ак бараңдын оозу тушталса учуп берет, аң көргөндө атырылат, арчаларды аттап өтөт, караган-черди кайкып өтөт. Курманбек менен Телтору кан согушун көрсөттү.
Кырк эле киши келатат деп кымылдап аңдып турган калмакка, алардын ханы Дөлөнгө, токсондогу карт бөрү Экезге бир Курманбек эле эмне экенин билгизди. Кара чаар жолборстой Курманбек айкырып киргенде калмактар калтырап ары качышты, көп жойлогон жолборстой Курманбек жоон үнүн чыгарса калмактар жондон ары качышты, азуулуунун пашаасы арстандай Курманбек алынып кирсе калмактар ай-талаага качышты. Курманбек деген ушинтип уруштун жайын көрсөтсө кырк жигиттин аманы аларды карап турчубу, найзаларын сунчусу найзасын сунду керилип, жакын келген калмакты айбалталап турушту, саартан кечке урушту...
Теодор Герцен Манас эпосуна тарткан иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Үч баатырдын эсеп жеткис эрдиги. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0