Үч баатырдын эсеп жеткис эрдиги. Улуу баяндан 6 факт

© Фото / Теодор ГерценТеодор Герцен "Манас" эпосуна тарткан иллюстрациясы
Теодор Герцен Манас эпосуна тарткан иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Жазылуу
Манас менен Коңурбайдын сайышын, Бакай баштаган кыргыз колунун келишин, душмандын жеңилип качышын макаладан окуңуз.
Абдыкерим Муратов
Бакай кандын жол карап турушу. Элдин бери четинде ар немени бир ойлоп Бакай санаалуу жүргөн. Алты күндүк жолду ат чабым жерге келтирген турнабайын алды да, аны оң көзүнө салды. Караса көз учунда мунарык, көз жетпеген тунарык, ошончо жерден көрүнөт көккө тозоң буралып. Алмамбет, Манас, Чубак, Сыргак ошондон ары кетпеди беле, алар кеткен Алчалы-Кырдын ар жагынан асманга чаң чыгат. Аны көрүп Эр Бакайдан жан чыгат. Көпкө көз албай карап турду. Бир убак Көкказыкты койгулап, Сырттан Сыргак келатат, артынан чаңы чубурат. Ал уруштан эптеп суурулуп чыккан экен, кулагына чаң толуп, көзү көрбөй көр болуп, көзүнө тозоң жык толуп, кулагы укпай кер болуп, бойдон кетип кара суу, өнө бою тер болуп бир башкача көрүндү Кан Бакайдын көзүнө. Дагы анын көтөргөнү кызыл туу. Сыргакты алыстан көрүп Бакай ак сеңирдин жонунан тосуп чыкты. Бу Сыргак көрөт десе көрбөдү, өкүрсө Бакай түк укпай, өкүмүнө көнбөдү. Бакайдан кыялай салып кылчайбай өтүп барат. Ошондо Бакай "кызыталак кул Сыргак, билгенин да, көргөнүн да айтпай, Манасын алдыргандай баратат" деп, астындагы Бозжоргого камчы басты. Кыйгактуу найза, көк түпөк тегеретип темирин, түпөктөн кармап алып Сыргактын сол жагынан созулуп чыга калды. Кан Бакай тоотпогон сенсиңби деп Сыргактын бөйрөгүн туштай найзасын сайды. "Кыйкырып жатсам карабай, канетесиң" деп койду. Бакай найзасын катуу түрткөндө Сыргак учуп кете жаздады, атын жалдан кармады, эмне болуп кеткенин акылы түк албады. Анан эсине келгендей Бакайды тааный карап, "аба, аба, аба" деп, андан башка кеби жок туруп калды. Ошону угуп Эр Бакай оройго камчы салды, "ачылып келген көзүң жок, аялдап жыйган эсиң жок, адамдыктан кетипсиң, "абадан" бөлөк сөзүң жок" деп, бул ээн талаада кимден эси чыгып коркуп атканын сурайт, Манасың аман-сообу дейт, эрегишкен эки кул аманбы дейт.
Анда Сыргак кеп айтат. Какандын журту кайнаган кара курт экенин, Алмамбеттин алардын кыйласын союп жалмаганын, кылбаганы калбаганын, Каспаң тоонун оюнан, Кара суунун боюнан баш-аягы көз жеткис жылкы айдап чыкканын айтат. Анан да Капкадан чыгып Алмамбет жылкыларды калдайтып жолго салганда, Туңшанын жазы талаага асты келип калганда, кытайлар туюп калып калаба кылганын, канкор өзү баш болуп, Алмамбет, Чубак найзанын учунда, мылтыктын огунда, жазайыл менен тобунда жалын менен чок ичинде жатып калганын, шо кезде Алмамбет кыргыздын колуна барып кабар бер дегенин айтат. Сыргактын ашыгып айткан кебине Бакай баатыр жини келип, "бул мүнөзүң барында Кыраан Манас баатырды кыяматка саласың, омкоро тартып кадаасын, Ногойдун жоюп карасын, ойбойлотуп баласын, ойрон кылып калаасын, талап алып кетпейби алакандай Таласын" дейт да, анын демиккенин бастырат, эсин жыйдырат, бети-колдогу канын жуудурат. Эми "Кадыр алда жар болсо, канкорду айрып алайлы" деп, Бозжорго атты аргытып, ак сакалын жаргытып, артынан чаңды баргытып, кыйгактуу найза зыңкыйтып Бакай жанына Сыргакты алып эч нерсе болбогондой кыргыз колуна жакындап келди. Ошондо кайран Бакай баркылдады, ак сакалы жаркылдады да мындай деди: "Ак жөкөр мылтык атпай кал, айылда жүргөн эмедей ала салып жатпай кал, Койчагыр мылтык атпай кал, короодо жаткан эмедей, которулуп жатпай кал, кудай берип салыптыр, кууп жылкы алыптыр, үргүлтүп айдап жүрө албай, үч баатыр анда калыптыр". Бакайдын бул айтканын угушуп, түзөлүп алган Сыргактын жайнаган көзүн байкашып, бирине бири улашып, миңи, саны чуулашып, найзанын баарын учташып, албарстын баарын курчташып, айбалта ташка кайрашып, ат аттарын кармашып, кылычты кайрап байланып, алтындуу калкан тартынып, каруу-жарак артынып, белдемчи белге байланып, бел булуттай айланып, доолбасын байланып согушка чыкты шайланып. Атынын баары тобурчак, ак ала сакал Музбурчак аламандап аскерин бүт сүрдү, ак куудай мойну созулуп, Анжияндын Санжыбек буркуратып аттарынын тозоңун, ал да жөнөдү. Булардын арты жагынан Эламандын Эр Төштүк эли менен кошулду. Көпкөк темир тон менен, Көк-Арал деген жол менен, жазайыл мылтык октошуп, элүүдөн, жүздөн топтошуп, кыйгачтап калпак кийишип, кыйкырып жолго киришип, Таздын уулу эр Үрбү колу менен баратат. Казатка отуз жүз миң топтолду. Сап артында салтанаты бир башка, сандан чыккан сай кашка кыргыздан чыккан кырк бөрү. Алтын айчык туу аштап, ак асаба буластап, абаң Бакай жол баштап, кырк баатырдын баарысы кырк миң черүү кол баштап, Аккуланы бош коштоп барат...
Үйүр жылкы айдап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Алмамбет баатырдын арманы. Тарттырган жылкыларды табышы. Улуу баяндан 6 факт
Манас менен Коңурбайдын сайышы. Кытайдын колу улам-улам Манас менен Чубакка айгай салып качырып келет. Аскердин арка жагынан Кан Коңурбай көрүндү. Көк күбө соот бөктөрүп, көк найзаны көтөрүп, баданасын жамынып, мас болгон билдей чамынып, өрттөй көзү кызарып, кыр мурундуу, кызыл көз, жоон билек, жолборс төш, кабагы бийик, каар сөз, капталы жазы, бою эңчер Коңур чаалыккан Манас баатырга көзүн агытат. Анын мингени келишкен күлүк Алгара ач маралдай шаңкайып, казандай соору даңкайып, кумдак жерге оонаткан, кудуктуу жерге сугарган, куланды кууса куткарбас, жалы саяң, куйругу аз, салышкан жоого болгон маш өзүнчө бир урушка туулган жаныбар. Коңурбай Алгара атына камчы салып, кара түпөк найзаны мелтирете сунуп Манаска түз жөнөдү. Муну Манас да көрүп турду. Ал: "тиктегеним келди деп, тилекти кудай берди деп, соксоңдогон калча кул, соо кылбасмын сени" деп, кайраты боюна толду. Кытайлар жакын келгенден бери Коңурбай келбейт экен деп, капалык келген оюна, башкасынын баарысын балача көрбөй турган. Кытай канын көргөндө Айкөл томого тарткан бүркүттөй бир жылмайып алды, астындагы Айбанбоз атына камчы салды, ошондо экөө заматта маңдайлаша калды. Манас алтын кемер чети деп, айбалканын бети деп калмак ээр кашына, как жүрөктүн башына айкырып найза салды. Найза төшкө так этип, чарайнага чак этип, алаптаган Коң төрө нардай болгон кара аттын соорусуна башын коюп барып, кулап калды. Баатыр колуна кылыч алып, Коңурбайды чабууга жакын барганда арттан келип чоктуу кара Бороончу Манаска найза салды. Ары жакта көп колду Алмамбет барат жапырып, оңун-солун кылычтап. Эр Манас Бороончу менен сайышып, аны аттан оодарды.
Көл-Кечүүдөгү кармаш. Кытайлар чатакты катуу салды. Жамгырдай кылып жаа тартат, "мөндү, мөндү, мөндүлөп", "жабуу, жабуу, жабуулап" ураандарын чакырат. Манас ошол кезде "кайраты толук эрде жок, капилеттен өлөмбү, кара кыргыз элде жок, баатыр, балбан менде жок" деп арман кылып, Айбанбоз менен болкулдап, ак найза колдо солкулдап Кара-Суу деген Иткечпестин суусун көздөй салды. Бу сууга аргымак түшсө ойнобойт, тогуз найза бойлобойт. Ошого салып ийди Көл-Кечүүгө карап. Артынан душмандар жетип, жалгыз аны жадатып, жамгырдай кылып жаа тартып, жазайыл менен топ атып, көк жалды кыйнап атышты. Баатырды карамалап ага Алмамбет менен Чубак жете барды. Үчөөлөп алыскыны найзалап, жакынкыны кылычтап, Алмабаш мылтык жаңырып, ач кыйкырык чаңырып көбүн сайып кулатты, жанчканын жыгып сулатты. Быжылдап келген кытайды баарылап далай токтотту. Баатыр Көл-Кечүүгө кирди, Айбанбоз атты калкытты, Аккүбө тонду жаркытты, мөндүрдөй окту соот, чопкут, кыягы тоотпойт, чолоосу жок боюнда, өлөмүнбү мындан деп, эч кообу жок оюнда, жан-жагынан ок өтөт, жазайыл тобу зыркырайт. Мингени Айбанбоз сууда сүзөт шыркырап, кош таноосу дербейип, коёндой кулак сербейип. Акыры алактап суудан чыкты кашатка, душмандарды алаксытып баатырды ары өткөргөнгө Алмамбет менен Чубак көңүлү тынды. Анан алар да аттарын чапкылап сууга салды. Булардын артынан кытайдын баары өмөлүп, туталык деп жөнөлүп, кошо кирди дайрага. Жан-жагынан Алмамбет, Чубак баатырга айбалта, кылыч чабышат. Аркы жээкте муну көрүп турган Манастын көөнү бузулду, "көптөсө экөө тутулду, көк жалдардан айрылып, кутулганым курусун, алдын тосуп жөнөйүн, Алмамбет менен Чубакты ажыратып бөлөйүн, ажалым жетсе өлөйүн" деп кайра сууга кирди. Муну көрүп Алмамбет "катыгүн, төрө, келбе" деп айгай салды, "мунун түк акылы калбады" деп ачууланды. Көкжал Манас кез келгендин баарысын кырып келет, Көл-Кечүү болду кызыл кан, өжөрлөнүп кытайлар көтүнөн келди канча жан. Кайта сууга киргенде, душманды кырып ийгенде, Манастын минген аты Айбанбоздун тердеп турган мурду зоңкоюп тоңуп калыптыр, эти жашып калыптыр, кош таноосу дердейип, ичи көөп чердейип бир караса жансыздай агып барат. Муну байкап турган Коң төрө аккан баатырды ээрчип барат, бири – сууда, бири – кургакта. Найза бою келгенде Коңурбай найза кезеп, муну суу ичине соём деп, жутпай кантип коём деп айбаттана тиктеди. Аны Манас өткүр көзү менен тешип ийчүдөй тигилди. Эр Коңурбай эки көздүн ортосун өлчөп эңкейип найза салды эле, таш жүрөктүү баатыр ирмеп көзүн албады. Бетине туштап келе жаткан найзаны түпөктөн кармай калды. Найзанын темири сууда – Манаста, сабы жээкте – Коңурбайда. Экөө бир найзаны ары тарт, бери тарт болуп турганда айкырыгы баш жарып Эр Алмамбет келгени. Алмамбет кыраакы баатыр да, айбаты алгыр жолборстой, алышканда душманды аман-эсен койбостой, өрттөй көзү кызарып, өрдөктөй мойну узарып Коңурбайга барганда, туштап найза кезегенде найзасын Манаска тарттырып ийип Коңурбайы кача берди талпактап. Коңурбайды качырып, колдун четин жапырып Алмамбет, Чубак экөөлөп, камалап келген капырды кайра сүрүп жапырды, чаңды обого сапырды. Бура тартып бул экөө Манасты көздөй салыптыр. Манас Аккүбө тонун суу кылып, эки найза өңөрүп, суудан суурулуп чыгып, "кырылганбы кыргыз" деп турганда колдун асты көрүндү.
Манас баатыр, Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Алмамбет менен Чубактын Макел дөөнү жеңиши. Улуу баяндан 6 факт
Бакай баштаган кыргыз колунун келиши. Манастын жоо-жарагын алышы, жоого каршы барышы. Алдыда аргымагын жалпоочтоп, Аккула атын бош коштоп, Бозжоргону чайкалтып, ак сакалын жайкалтып Бакай аба жете келди. Аккуладай тулпарды, айбандан бүткөн шумкарды Манастын алдына тартты. Артынан Кыргыл чал баштап кырк жигит калың кошуун, түмөн кол менен кыйкырып келип калышты. Аламандап ат койду, аткычылдар жаа чойду, мылтыктын үнү тарсылдады, доолдун үнү карсылдады, саадактын огу шартылдады, кылычтын баары жаркылдады, асаба желек жалпылдады. Кара кыргыз кошууну жашы дебей, кары дебей жапырт кирди урушка. Эр Манас Аккуласын минди. Мандайында багы бар, ай караңгы түн болсо, туман баскан жылчыксыз жер көрүнгүс күн болсо кулагында шамы бар, куюндан бүткөн жаныбар, тумшугунун үстүндө ноктонун кескен тагы бар, кондурдай болгон жаныбар ээсин сагынып, буулугуп калган экен. Манас сыр найзасын карыга илди. Мубакүлдүү сыр найзанын өзүнчө сыры бар: сары камыш кыйдырып, сары атанга жыйдырып, Сал устага кылдырып, тарамышка чаптаган, желим менен каптаган, душман үчүн сактаган, алда кандай жыгач деп, акылын адам таппаган, камыш, желим, тарамыш, сырткы жагын сырдаган, сайган жоого мылгыган, ар түрдүү адам болсо да, аттан жерге ыргыган, тартып алса чоюлган, жанчышкан душман сойлогон, кармай калган душмандын беш манжасы кыйылган. Ошону алып Эр Манас кылычын кындан сууруду. Бул кылычты жасаганда көмүрүнө чыдабай көп токойлор кыйылган, көөрүк үчүн кылычтын көк букалар кырылган, көөрүкчүсү Каратаз алда кудай колдо деп, Ач билекке сыйынган, сугатына бир катар суук булак соолгон, кылганына чыдабай кырк алты уста жадаган, жай-кышында кадаган, учун кайкы чыгарган, уу булактан сугарган, түн ичинде суурса өрттөй жанып кызарган, уруштуу күндө узарган, ажыдаар заарына үч ай таштап чыңаган, тоого чапса таш кескен, бойго чапса баш кескен, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен.
Душмандын жеңилип качышы. Манастын алтындан доолу карс этти, Аккелте мылтыгы тарс этти. Алтымыш кулач найзасын карысына илди, ажыдаар, жыланы артынан сойлоду, көсөө куйрук көк бөрүсү көтүнөн ээрчиди, алп кара кушу арбайып асманда каалгыйт, кара чаар жолборсу, кайып эрен, кырк чилтен – баары түштү артынан. Манас кирди урушка, асманга тозоң бөлүндү, душмандын чети сөгүлдү. Астынан келгенди Акнайза менен сулатты, алыскысын найзалап, жакыныраак келгенин ач албарс менен кайсалап, оң көзүнөн от чыгып, илебинен оп чыгып, сол көзүнөн чок чыгып, Аккелтеден ок чыгып барат. Аккелтеси алыскы-жуук айныбас, ыраакы-жакын ылгабас, ортосу болот, оозу албарс, түтүнү туман, түбү ыспан, кароолу – дажаал, огу – ажал. Аккелте мылтык күркүрөп, астын баштап аскердин, айкырып төрө киргенде, качты кытай дүркүрөп. Темири кулач сыр найза, теминип кирген баатырлар, теше сайып мылгытып, тебетей сайган эмедей, таталатып кытайды, тегеретип ыргытып барат. Акыры кытайлар качты. Кабылан Манас баатыр көздөп турган Коңурбайы да Алгара атка камчы салды. Кан Коңурдун качкан жери калаасы, көзөмөлдөп көтүнөн көк жалың түшүп алды. Аккулага камчы басты эле этине келген как Кула, омурткалуу оң Кула, ойроттон озгон чоң Кула багалчагы малынып, маралдай төшү салынып, куюшкандык узарып, кулжадай көзү кызарып, аркан бою түйүлүп, аягы жерге тийгенде ак күбө чаңы күбүлүп, төрт аяктап тик түшүп, басып кеткен жеринен, баладай ташка жик түшүп, элик сындуу Алгара ат учуп барат зымырап. Арстан Манас жетти да, алтын кемер четине, айдалынын бетине найза сайып кетти. Анын аркасынан кан кетип, жыпжылуу кирди койнуна. Коңурдун шайманы кетти, ат жалына өбөктөй шаарына жетти. Эр Коңурбай тай чагында кара атын адегенде үйрөтүп бир бакса дубал өндүргөн, кийин эки баксадан аттатып көндүргөн, ошентип алтымыш баксадан ашып түшкөн. Аккула токтоп калганда Алгара дубалдан секирип өтүп, базардын орто жерине барып түштү балк этип, баатырсыган Коң төрө, кулап түштү шалк этип, Алгара аттан кулады, мал базарга сулады. Канынын бул абалын көрүп базардагы кытайлар чууга түштү. Кан болбогон жери жок, каны чыгып шоркурап, өңгөчүн тартып коркурап, агы чыгып көзүнөн, акыл кетип өзүнөн баатыры минтип барган соң, баары кытай чуулады. Буларга кайдан барды деп өкүнгөндөр андан көп, табып издеп ар жактан өнтөлөгөн мындан көп.
Манас эпосунан Теодор Герцендин иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Коңурбайдын жылкынын артынан келип уруш салышы. Улуу баяндан 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0