00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:05
40 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Победа с масштабом ЕАЭС: студент КРСУ признан лучшим на международном конкурсе
16:04
42 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Көз мончок
Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Что ждать от форума ЕАЭС в Минске: экономика, бизнес, перспективы
18:05
40 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Туяк
Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?
19:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Против смога — дымоходами: в Кыргызстане обсуждают российские технологии очистки воздуха
08:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
IV Евразия экономикалык форуму — ири иш-чарага Кыргызстан кандай даярданууда?
09:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Штраф за отсутствие страховки: что нужно знать водителям с 1 июля
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлгө поезд менен - “Кыргыз темир жолу” кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу сакталууда — климат, миграция, баанын өсүшү таасирин тийгизеби?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?
17:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как Кыргызстан меняет правила игры для иностранных бизнесменов
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лето, жара и отравления: санэпиднадзор закрывает точки общепита
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Евробиримдиктин ТИМ башчылары Газа секторун блокадалоого каршы чыгышты

© Sputnik / Алексей ВитвицкийБрюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасы алдында “Кирүүгө болбойт” деген белги. Архив
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасы алдында “Кирүүгө болбойт” деген белги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өтүп жаткан жыйынында Газа секторунун блокадага алынышына каршы чыгып, гуманитардык коридорлорду ачып, каалоочуларга аймактан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышты. Бул тууралуу жолугушуунун жыйынтыгы менен сүйлөгөн ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель айтканын РИА Новости жазды.
"ТИМ башчылары түзүлгөн оор жагдайды талкуулап, зомбулукту токтотуу, барымтадагыларды бошотуу зарылдыгын белгилешти. Буга катар блокадага, электр кубатынын өчүрүлүшүнө, суу, тамак-аш алчу жолдорду бууп салууга каршы чыгып, гуманитардык коридорлорду ачып, каалагандарга аймактан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү колдошту", — деген Боррель.

Палестина-Израиль чыры

7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Аксы топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Израилдин АКШдагы элчилиги берген маалымат боюнча каза тапкан израилдиктердин саны 1000ден ашты. Ал эми Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, Газа секторунда 900дөн кем эмес киши набыт болгон.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Газа секторунда Израилдин аба соккусунан жабыркаган имараттардын урандыларынын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Палестина ТИМи Израиль тыюу салынган фосфорлуу снаряд колдонду деп кине койду
Жаңылыктар түрмөгү
0