00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:57
2 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Максимальный репост
10:04
45 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Быйыл өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук 37 пайызга өстү — жапа чеккендердин дээрлик көбү аялдарбы?
15:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Фестиваль людей с ограниченными возможностями – о больших талантах больших сердец
16:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
“Экинчилердин биринчисиби?” Түркиянын экономикасы
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
К чему может привести коклюш, и почему так важно вовремя получить вакцину
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Орто кесиптик адистерди даярдап, жумушсуздукту азайтууга салым кошкон автоэлектрик
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Быйыл өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук 37 пайызга өстү — жапа чеккендердин дээрлик көбү аялдарбы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акчаны казинодо уттурган эмес. Башкы прокуратура кызматкери тууралуу маалымат берди

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКазинонун кызматкери иш учурунда. Архив
Казинонун кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы 21-сентябрда кармалган.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы далил катары алынган 700 миң долларды казинодон уттуруп жиберди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга аталган ведомстводон билдирди.
Маалыматта дээрлик 1,5 миллиард рублди чыгарып кетүү боюнча кылмыш иши тергелип жатканы айтылат. Ишке банктардын биринин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан.
Айыпталуучулар 20 миллион долларды ээсине, тагыраагы, россиялык ишкерлерге кайтарып берген.
Калган 762,5 миң доллар жума күнү кечинде кайтарылган. Бирок банктар бул убакта жабылып калгандыктан, акча андан ары банкка которуу үчүн Р. А. аттуу бөлүм башчынын кызматтык сейфинде убактылуу сактоого коюлган.

“Бирок ал үч күн жумушка чыкпагандыгына байланыштуу, инвентаризация жүргүзүү чечими кабыл алынып, кызматтык сейфинде акчанын жок экендиги аныкталган”, — деп билдирди Башкы прокуратурадан.

Бөлүм башчы акчаны уурдоого шектелип, иш козголгон жана ал камакка алынган. Эртеси эртең менен туугандары 762,5 миң долларды алып келип тергөөгө өткөрүп беришкен.
“Прокуратура кызматкери казиного, кумар оюн жайларына барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Экинчиден, мындай ири сумманы шектүү казиного уттурса, анда алар жогоруда айтылган сумманы кайтарып бермек эмес. Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Р.А. камакта”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы 21-сентябрда кармалган.
Бишкек шаардык сотунун судьясынын пара алып жаткан жеринен кармалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Пара алууга шектелген судья тергөө абагына киргизилди. Иштин чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0