29-сентябрга карата аба ырайы

© AFP / SINA SCHULDTЖамгыр тамчылары түшкөн жалбырактарда. Архив
Жамгыр тамчылары түшкөн жалбырактарда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
29-сентябрга караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл менен Нарында +13...+18 градус жылуу болот.
Бул күнү Бишкек менен Ош калаасында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +20...+22, Ошто +23...+25 градуска жетет.
Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Радио
Кышкысын жарык кандай учурда өчүрүлүшү мүмкүн?
Жаңылыктар түрмөгү
0