Өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 2 миңге жетти. Көбү эмделген эмес

© Depositphotos.com / MilkosКызамык менен ооруган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Кызамык менен ооруган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жазылуу
Дарыгерлер кызамыкты алдын алуунун бирден-бир жолу эмдөө экенин эскертип келет.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыкка кабылган балдардын саны 2 миңге жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Гүлзат Дикамбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бейтаптардын басымдуу бөлүгү Ош менен Бишкек шаарларында катталган.
"Көбү эмдөөдөн баш тарткан 1-5 жаштагы балдар. Кызамык менен ооруган балдардын 50 пайызы эмдөөдөн баш тарткан бишкектиктер, ал эми 30 пайызы 1 жашка чейинки эмдөөгө жашы жетпеген балдар", — деди Дикамбаева.
Учурда Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 52 адам кызамыктан дарыланып жатканын аталган клиниканын дарыгери Гүлзана Жакыпбекова маалымдады.
"Бул оору азайган жок, күндөн күнгө көбөйүп жатат. Ооруканага балдар өтө оор абалда, дене табы жогору болуп, жөтөлүп, ичи өтүп, кусуп, дем ала албай калган абалда түшүп жатат", — деген дарыгер.
Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, аны эмдөө менен гана алдын алууга мүмкүн экенин эскертип келет.
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Министрлик: кызамыктын жайылышына эмдөөдөн баш тартуу себеп болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0