https://sputnik.kg/20230831/oshto-ehgemenduuluk-kunu-sadyr-zhaparov-ish-charalar-1078226757.html
Ошто белгиленчү эгемендүүлүк: Садыр Жапаров бүгүн кайсы иш-чараларга барат
Ошто белгиленчү эгемендүүлүк: Садыр Жапаров бүгүн кайсы иш-чараларга барат
Sputnik Кыргызстан
Облуста кечинде гала-концерт уюштурулат. Ал Эгемендүүлүк күнүнө гана эмес, Насирдин Исановдун 80 жылдыгына да арналат. 31.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-31T10:43+0600
2023-08-31T10:43+0600
2023-08-31T10:46+0600
ош
садыр жапаров
президент
эгемендүүлүк
майрам
концерт
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/104086/71/1040867142_0:307:3008:2000_1920x0_80_0_0_5b094a9d80cc304c1ca52ceb36a94059.jpg
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ош облусунда өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө арналган кайсы майрамдык иш-чараларга катышары белгилүү болду.Маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, алгач мамлекет башчысынын катышуусунда мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болот. Андан кийин Кыргыз эл баатыры Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт.Мындан тышкары "Төлөйкөн" ипподромунда ат оюндары, ошондой эле башка маданий иш-чаралар уюштурулат.Кечинде президент Эгемендүүлүк күнүнө жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке барат.Иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.
https://sputnik.kg/20230830/mamlekettik-syjlyk-berildi-1078219864.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104086/71/1040867142_181:0:2848:2000_1920x0_80_0_0_072ab0ccbb72632d250b971a798bc39e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ош, садыр жапаров, президент, эгемендүүлүк, майрам, концерт, кыргызстан
ош, садыр жапаров, президент, эгемендүүлүк, майрам, концерт, кыргызстан
Ошто белгиленчү эгемендүүлүк: Садыр Жапаров бүгүн кайсы иш-чараларга барат
10:43 31.08.2023 (Жаңыртылды: 10:46 31.08.2023) Облуста кечинде гала-концерт уюштурулат. Ал Эгемендүүлүк күнүнө гана эмес, Насирдин Исановдун 80 жылдыгына да арналат.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ош облусунда өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө арналган кайсы майрамдык иш-чараларга катышары белгилүү болду.
Маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, алгач мамлекет башчысынын катышуусунда мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болот. Андан кийин Кыргыз эл баатыры Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт.
Мындан тышкары "Төлөйкөн" ипподромунда ат оюндары, ошондой эле башка маданий иш-чаралар уюштурулат.
Кечинде президент Эгемендүүлүк күнүнө жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке барат.
Иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.