Борбор Азияга орус тили керекпи? Эксперттик көз караш

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОрус тили сабагында кечки мектептин окуучусу. Архив
Орус тили сабагында кечки мектептин окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Жазылуу
Борбордук Азиянын ажырагыс бөлүгү болгон орус тили региондогу өлкөлөрдүн илим жана билим берүү тармагындагы позициясын калыбына келтире алса, Россиянын өзүнө да өсүп-өнүгүүгө жол ачат. Азыр өткөөл мезгил, позицияны алдырып жиберүүгө болбойт.
Борбор Азия республикаларында улуттук тилдин, жазуу менен билим берүүнүн келечеги үчүн 30 жылдан бери күрөш жүрүп келет. Ар ким алына жараша тилди өнүктүрүүдөгү артыкчылыктарын иштеп чыгып, алфавитти өзгөртүүнүн максаттуулугун аныктап, учурга ылайыктап билим берүү системасын реформалоодо. Мунун баары — региондогу мамлекеттердин суверендүү укугу. Бул маселеде кандайдыр бир ача пикир болушу мүмкүн эмес.

Тышкы көзөмөлдүн табияты

Борбордук Азия ар кыл себептерден улам көптөгөн мамлекеттердин кызыгуусун жаратып келген, бирок баары "тышкы көзөмөл" деген эки сөзгө келип такалчу. Аймакты көзөмөлдөөгө баары ынтызар эле, анткени бул Россия менен Кытайга таасир этүүчү мыкты мүмкүнчүлүк болмок. Регион эки державанын континенталдык коммуникациясынын чок ортосунда жайгашкан.
Регион акыркы эки кылым аралыгында Россия империясынын, кийин Советтер Союзунун курамында болуп келди. Ушул тарыхый процесстердин таасири менен азыркы Борбор Азия калыптанды. Эми Россиянын тагдыры БА элдери менен ажырагыс байланышта болуп турат, кызматташуусуз жаркын келечекке умтулуу мүмкүн эмес. РФ менен БАнын ортосундагы өйдө-ылдый болгон аскердик-саясий, соода-экономикалык жана башка алаканы эсепке албаганда регионду Россия менен узак убакыт бою жалпы тарых, маданият, тил, жазуу, илим жана билим берүү байланыштырып келген.

Жазууну өзгөртүүнүн зарылдыгы эмнеде?

СССР кулагандан кийин жамааттык Батыштын биринчи кадамы кандай болду? Көзөмөлдү жакшылап жүргүзүү үчүн алгач күмөнсүү жаратып, анан араздаштырып, ачууну келтирип, анан барып жаңы тарыхый, маданий, тил чөйрөсүн калыптандыруу зарыл эмеспи. Мына ушунун баарын Батыш БА аймагында 30 жылдан бери жасап келе жатат.
Максатына жеттиби? Кайсы бир деңгээлде, ооба, жетти. Республикаларда коомчулук өткөн чакты түп-тамырынан тангандар жана анын пайдалуу, жакшы жактарын унута электер болуп бөлүнгөн ажырым пайда болду. Бирок кийинки муун кандай болот, кай жактан билим алат, кайсы тилде окуп жазат деген маанилүү маселелер бар. Жазууну кийинки муун эски китептерди окуй албай калсын деп, өз тарыхын билбей калсын деп өзгөртөрү маалым, жаңысын жаза калуу оңой эмеспи. Бирок мындай жасалма аракеттер көп узабай турганы да белгилүү. Борбор Азияда тил жана жазуу дайым эволюциялык жол менен өнүгүп келген.

Тил тарыхына кайрылып

Борбордук Азия — уникалдуу регион. Канчалаган эл байырлады, айрымдарынын изи калды, кээсинин аты тарыхтан өчүп кетти, алар менен кошо тили, маданияты да жок болду. Тарыхка кайрылып көрсөк, Борбордук Азияда жашаган азыркы элдердин тили перс жана түрк тилдеринин карым-катнашынан түптөлгөнүн көрүүгө болот, ал эми ислам дининин жайылышы менен араб графикасы бул элдердин жазуусунун негизи болуп калган. Моңгол чабуулу элдин жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөнү менен тилге тийген эмес. Чыңгызиддердин үстөмдүгү моңгол тилин орток тилге айландыра албады, жакшы өнүкпөгөндүктөн түрк жана перс тилдери менен атаандаша алган жок.
Бирок араб жана перс таасиринен улам илим-билимдин өнүгүү маалы (Х–XII к.) да көпкө созулган эмес. Буга жалаң моңголдорду күнөөлөө да болбойт. Илим кандар менен бектерге гана кызмат кылып калганда, билим акчалууларга гана таандык болуп калганда окууга болгон кызыгуу жоголот, демек, аны пайдалануу чөйрөсү да тарыйт. Натыйжада XVIII кылымдын соңунда Борбор Азия калкынын 90 пайызы сабатсыз эле.
Түркстан Россия империясынын курамына кирген XIX кылымда Борбор Азияда орус тили менен кириллицанын тарыхы башталат. Алгач кескин өзгөрүү байкалган эмес — орус-түркстандык мектептер аз эле. Бул тармактагы реформаны билим берүүгө мамилени өзгөрткөн советтик Россия колго алды: калктын кат-сабатын жапырт жоюу БА элдеринин тагдырында чоң бурулуш болду. Мындан улам советтик Россия Түркстанга келип, араб жазуусун кириллицага алмаштырды, БА менен ислам дүйнөсүнүн байланышын үздү деш туура эмес. Сабаты жоюлган элдин 3-7 пайызы ислам дүйнөсү менен болгон байланышты жоготсо, калганы биринчи ирет тамга тааныды. Кириллица Орто Азия менен Казакстан 1940-жылга чейин колдонуп келген латиницадан кийин акырындап киргизилгенин да айта кетели.
Анткен менен кээде билбестиктенби, же атайылаппы, айтор, орустар менен советтик саякатчылар, географтар, тарыхчылар, археологдор, ботаник менен зоологдор, чыгыш таануучулар, лингвисттер эски булактардан алынган мурунку маалыматтарын сактап тим болбостон, көбөйтүп кеткени көп айтылбайт. Булардын эмгеги болбосо Борбор Азия элдеринин тарыхы, маданияты, тили көпчүлүккө белгисиз бойдон калмак. Демек, орус тилин казак, кыргыз, өзбек, тажик жана түркмөн тилдери сыяктуу эле аймактагы элдердин түпкү тилдеринин бирине киргизип койсок болот.
Саясий илимдердин доктору Токон Мамытов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Борбор Азияга жол табууну көздөгөндөр өтө көп. Токон Мамытов менен маек

Бүгүнкү күндөгү орус тили жана билим берүү

Орус тили Казакстан менен Кыргызстанда расмий тил, Тажикстанда улут аралык баарлашуунун тили, ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстанда өзгөчө макам менен белгиленген эмес. Ал арада Түркмөнстанда быйыл орус-түркмөн жогорку окуу жайынын курулушу башталуу алдында турат, Өзбекстанда РФ окуу жайларынын 14 филиалы иштөөдө, бул жалпы региондогу эң чоң көрсөткүч. Орус тилин үйрөнүүгө дилгирлердин саны да көп, бүгүнкү күндө Россиядан барган жүздөгөн мугалим Өзбекстанда орус тилинен сабак берип келет. Демек, юридикалык макам дайым эле мамлекет менен коомчулуктун чыныгы мамилесин чагылдыра бербейт, буга Ташкент ачык далил.
Орус тили ушу тапта улут аралык баарлашуунун башкы болбосо да эң маанилүү куралы. Кыргыз, казак, өзбек менен түркмөн бири-бирин түшүнөт, бирок узакка сүйлөшө турган болсо орус тилин пайдаланат. Борбор Азиядагы жогорку деңгээлде өткөн бардык жолугушуулар орус тилинде жүрүп келет. Азырынча расмий жамааттык жолугушуулар үчүн англис тили орток тил болгонун элестетүү кыйын.
Буга катар калктын басымдуу бөлүгү үчүн орус тили илим жана билим менен байланыштуу. 2023-2024-окуу жылына карата Россия БА студенттери үчүн квотаны көбөйттү. Ушу тапта ал жакта региондон барган 185 миң киши россиялык бюджеттин эсебинен билим алууда. Борбордук Азияда россиялык окуу жайлардын филиалдарын көбөйтүү да каралып жатат.
Эл эмне себептен россиялык билим берүүнү тандап, балдарын эч коркпостон Россияга жөнөтүп келет? Эң биринчи жана маанилүү фактор — региондун калкы чек арага карабастан өзүн жалпы илимий, маданий жана маалыматтык мейкиндиктин бир бөлүгү катары кабыл алат, ал эми бул тармакта Россия алдыңкы позициялардын бирин ээлеп келет. Экинчиден, Батыш мамлекеттеринен айырмаланып, Россияда жүрүп жаткан процесстер Борбор Азиянын салттуу коомуна түшүнүктүү, кооптуулук жаратпайт, чочутпайт. Үчүнчүдөн, окууну аяктагандан кийин кенен мүмкүнчүлүктөр бар.

Борбор Азиядагы маданий-билим берүү айдыңы

Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийлиги жана калкынын басымдуу бөлүгү орус тилинин сакталышына, өнүгүүсүнө каршы эмес, бирок Батыш тарабынан көзөмөлдөнгөн маалымат айдыңында (интернет-блоктор, ЖМК) орус тили акырындап сүрүлүп бараткандай пикир жасалма калыптандырылып келет. Мында россиялык билим берүү "прогрессивдүү жана цивилизациялык дүйнөдөн" артта калганы, Россиянын өзүндө да кадыры жоктугу, БА жаштары келечегин АКШ жана Европа менен бирге көрөрү айтылат. Кайдан окуй турганын ар ким өзү билет деп кол шилтеп деле койсо болот деңизчи. Бирок бир суроо жаралат: Батыш мамлекеттеринин кысымы жана бардык жактан жааган негативге туруштук берип орус тили азыркы Борбор Азияда ордун таап кете алабы, тагдыры кандай болот?
БА мамлекеттеринде дүйнөлүк маалыматтык жана маданий процесстердин таасири менен социум тез өзгөрүүдө. Өткөөл мезгилде турабыз. Билим алууда, аны жогорулатууда маанилүү курал болгон тилдер менен бирге эле жалпы илимий-маданий мейкиндиктин ажырагыс бөлүгү катары орус тилин коргоодо позицияны алдырбай бекем болуу кажет.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн илим жана билим берүү тармагындагы орус тилинин маанисин, ордун калыбына келтирүү — республикалардын баары, Россиянын өзү кызыкдар болгон процесс. Анткени азыр регион ар кыл идеялар, долбоорлор, билим берүү системалары күч сынашкан аймак болуп турат. Бирок ошону менен катар эле Россиянын өзүндө да илимий, маданий жана башка багытта өсүп-өнүгүү үчүн атаандашчу аянтчага айланды.
Кыргызстан жана Тажикстандын желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азияны өзгөртө алат. Пикир
Жаңылыктар түрмөгү
0