Борбор Азияга жол табууну көздөгөндөр өтө көп. Токон Мамытов менен маек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаясий илимдердин доктору Токон Мамытов. Архивдик сүрөт
Саясий илимдердин доктору Токон Мамытов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
Дүйнөнүн үлкөн өлкөлөрү эмнеликтен Борбор Азиядагы кырдаалга тыкыр сөз салары жөнүндө саясий илимдердин доктору Токон Мамытов менен маектештик.
Афганстандагы жагдай эмне үчүн Борбор Азиянын тагдырында чоң роль ойнойт? Чөлкөмдүн саясий чек араларын жакшы көзөмөлдөө үчүн эмне кылуу абзел? Аймактагы туруктуулук геосаясий оюнчулардын кимисине абадай зарыл? Ушул жана башка соболдорго жоопторду бул маектен окуңуздар.
— Эмне үчүн эзелтен Борбор Азия негизги геосаясий оюнчулардын саясий кызыкчылыктары кагылышкан чөлкөм болуп келген?
— Геосаясий түзүлүштө Борбор Азиянын ролу жана орду кыйла чоң мааниге ээ. Кааласак да, каалабасак да, дүйнөлүк үлкөн оюнчулардын кызыкчылыктары бул жерде кагылышпай койбойт.
Борбор Азия чөлкөмүнө эки глобалдык оюнчу — Кытай менен Россия кошуна турат. Ошондой эле бул жакта Түркия, араб мамлекеттери жана англосактардын да ири кызыкчылыгы жок эмес.
Эң оболу коопсуздук маселеси баарына кызык: Борбор Азия өлкөлөрү кандай нук алат, өздөрүн бир бүтүндүк катары көрсөтө алабы? Экономикалык өнүгүү маселелерин кантип чечип, туруктуулук, дипломатия жана саясатта өзүбүздүн, борбор азиялык архитектурабызды кайсы негизде курабыз? "Мага дүйнөнүн түркүгүн кармат, заматта ааламды ала салдырып берем" деген бир сөз бар. Дүйнөнү көңтөрүп кое алчу ошол түркүк дал Борбор Азияда. Ошол себептен көпчүлүк бул чөлкөмгө жол издейт.
— Аймактагы туруктуулук глобалдык оюнчулардын баарына тегиз керекпи?
— Чөлкөмгө кандайдыр бир деңгээлде таасири чоң өлкө анын туруктуулугу үчүн жан үрөйт. Мисалы, бул жакта байланыштары бекемделип калгандыктан Россия туруктуулук үчүн күрөшөт.
Чөлкөмдү чайпалтууну көздөгөн оюнчулар да жок эмес, анткени өз саясатын жүргүзүү үчүн мейкиндикти тазалоонун ыкмасы ушул. Андайга жол бербөө үчүн чөлкөмдөгү аныктоочу ролду ошол мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктары ойногону оң.
Борбор Азиянын президенттери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп
— Борбор Азиянын чөлкөмдүк чек аралары кандай?
— Саясий жана географиялык чек аралар болот. Чөлкөмдүн географиясы эбегейсиз мейкиндикти камтыйт. Атап айтканда, Монголия, КЭРдеги Синьцзян-Уйгур автономиялык району, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганстан жана ал тургай Ирандын бир бөлүгү да кирет. Ал эми саясий аспектиден алып караганда, биз үчүн Борбор Азия — СССРге кирген мурдагы орто азиялык беш мамлекет.
— Афганстандагы кырдаал эмне үчүн биздин чөлкөмдүн тагдырында чоң роль ойнойт?
— Башка мамлекеттердин тышкы саясатынын концепциясында Борбор Азияны дал Афганстанга байлоодо адистердин көпчүлүгү туура кылат. Афганстан — улуттук да, диний жагынан алганда да өзгөчө өлкө. Ал жакта Пакистан, Ирандын, ошондой эле Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнүн кичине болсо да таасири, ошол эле учурда Россия, Кытай, АКШ, араб мамлекеттери жана Европа биримдигинин ири кызыкчылыктары бар.
Дал ошондуктан бийликте турган "Талибан"* өкүлдөрүнүн ортосунда биримдик жок. СССР менен согушкан болсо да улуу муун Россияга көбүрөөк ыктап, кайсы бир бөлүгү Иран тарапка көңүлсүнүп, басымдуу бөлүгү Кытай менен кызматташууга кызыкдар.
Батыш өлкөлөрү Афганстан менен Пакистан жана араб мамлекеттери аркылуу тыгыз кызматташты. Арабдар да Афганстандын ички саясатына катуу аралашкан. Куугунтукта жүргөн талибдердин өкүлчүлүгү кезегинде Доха менен Эр-Риядда болгонун унуткарбайлы.
Талибдердин азыр бир көйгөйү бар: өлкөнү өнүктүрүп, экономикалык, социалдык маселелерди чечүү абзел. Бирок кантип? Акча жок, каражат жок, насыяны да эч ким бербейт.
Афганстанга карата тышкы оюнчулардын саясий мамилеси да өзгөрүп, көбүнесе салмактуу жана этият болуп калды. Баары маселени жалпылап карап, өздөрүнө кыйла пайдалуу түйүнүн табууга тырышат. Афганстанды "чөлкөмдүн жүрөгү" дешет, көп жагынан мунун чындыгы бар. Эгер ошол "жүрөк" ооруй берсе, туруксуздук жана согуш улана берет. Анан да анын кесепети баарына тиет.
Эгер көйгөйгө батып турган афгандыктарды жалгыз калтырып койсок, ал өлкөдөгү туруксуздукту өз кызыкчылыктарына пайдаланууга тырышкан кайсы бир күчтөр четтен табылат.
© Sputnik / Асель СыдыковаТокон Мамытов: 90-жылдары саясатта Борбор Азия жана дегеле мурдагы постсоветтик республикаларга карата чоң катачылык кеткен. СССР ыдырагандан кийинки "каалашыңарча суверенитет алгыла, каалагандай жашагыла" деген саясат иштеп кете алган жок.
Общественный и политический деятель Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Токон Мамытов: 90-жылдары саясатта Борбор Азия жана дегеле мурдагы постсоветтик республикаларга карата чоң катачылык кеткен. СССР ыдырагандан кийинки "каалашыңарча суверенитет алгыла, каалагандай жашагыла" деген саясат иштеп кете алган жок. . Архивдик сүрөт
— Чөлкөмдөгү өлкөлөр үчүн Россиянын ролу кандай?
— 90-жылдары саясатта Борбор Азия жана дегеле мурдагы постсоветтик республикаларга карата чоң катачылык кеткен. СССР ыдырагандан кийинки "каалашыңарча суверенитет алгыла, каалагандай жашагыла" деген саясат иштеп кете алган жок. Бул бүтүндөй чөлкөмдү дезинтеграцияга кептеп койду. Ал эми биргеликте өнүгүү тынымсыз уланууга тийиш эле.
Натыйжада Россиянын аскердик, экономикалык, гуманитардык таасири чабалдады. Албетте, саясий сахнадан кимдир бирөө кеткенде башкалар ээлеп калууга умтулат. Кудай жалгап, Россия өз убагында Борбор Азия тарапка көңүл бура баштады.
Россиянын быйыл көктөмдө жарыяланган тышкы саясатынын концепциясы – чөлкөмдөгү өлкөлөр менен РФтин өз ара аракеттешүүсүн бекемдөөгө үмүт жандыра турган таптакыр башка деңгээл.
— Борбор Азиянын саясий чек араларын алаканга салгандай көзөмөлдөө үчүн чөлкөмдөгү өлкөлөр кандай аракеттерди көрүшү шарт?
— Албетте, бул — күчтөрдүн биригиши жана экономикадагы интеграция. Борбор Азия мамлекеттеринин Чолпон-Атадагы былтыркы саммити ушуга башат коюунун дурус аракети болгон.
Борбор Азия өлкөлөрү күчтөрүн бириктирүү менен коопсуздук жана экономикалык өз ара аракет этүүнүн өз түзүмүн түптөө абдан орчундуу нерсе, аны өрчүтүү керек. Бирок буга коңшулардын ортосундагы ички пикир келишпестиктердин көптүгү тоскоолдук кылат. Жалпы жыргалчылык үчүн жеке дымагыбыздан баш тарта алабызбы? Чөлкөмдөгү коопсуздук жана өнүгүүнүн пайдубалын түптөө дал ушул соболдон башталат. Биз чек ара жана этникалык жаңжалдардын түйүнүн биргеликте чечип, соода жана экономикалык кызматташуудагы тоскоолдуктарды чогуу жоюуну үйрөнүүгө тийишпиз.
Чолпон-Атадагы саммит коопсуздук, өз ара түшүнүшүү жана бири-бирин колдоо маселелеринде биргеликте аракет көрүүнү жөнгө салуучу узак мөөнөттүү системаны талкуулоонун башаты болду.
Эгер өзүбүз буга чыгынбасак, тышкы саясий күчтөр бул ишти бачым эле колго алып коет. Бирок бөлөк бирөө келип үйүбүздөгү эмеректерди өз табитине төп келтире жайгаштырып, кимдин кайсы бурчта отурарын айтып турушун каалабайт элек.
* Террордук ишмердиги үчүн уюм Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясында.
Нааразычылык акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Батыштын Борбор Азияда чындап көздөгөнү эмне? Талдоо
Жаңылыктар түрмөгү
0