РФ ТИМи: АКШнын Россия Украина боюнча диалогдон баш тартты дегени калп

© Sputnik / Евгений ОдиноковРФтин Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив
РФтин Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Мындан мурдараак мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер билдирүү жасаган.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаментинин Россия Украина боюнча диалогдон баш тартты дегени калп сөз. Бул туурасында РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Мындан мурдараак мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер Москва "тынчтыкка келүү боюнча маңыздуу диалогдон" баш тартты деген сөз тараткан. Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча Россия менен эч кандай сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн жар салган.
"Калпычылар! Өздөрү Зеленскийге 2022-жылы апрелде сүйлөшүүлөрдү токтотуу туурасында айтышып, 2022-жылдын сентябрында Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөргө тыюу салуу демилгесин көтөрүп, азыр сүйлөшө турган мезгил эмес экендигин айтышып, эми Россияны күнөөлөп жатышат", — деп жазган Захарова Telegram каналына.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Путин Украина менен НАТО Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартканын эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0