Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков дүйнө салды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков. Архив
Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
Рустенбеков 2007-жылдан бери элчилик кызматтарды аркалап келген.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков 74 жашында көз жумду. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
ТИМдин жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Жаныш Рустенбеков 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.
Эмгек жолу:
1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-жылдан баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын ("Легендарлуу парламент") депутаты;
1993-1995 — мамлекеттик катчы, президенттин администрациясынын жетекчиси;
1995-1996 — Ош облусунун губернатору;
1996-2000 — Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
2000-2005 — Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты;
2005-2007 — Өзгөчө кырдаалдар министри;
2007-2022-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.
Белгилүү акын Гүлжамила Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Акын Гүлжамила Шакирова дүйнөдөн кайтты
Жаңылыктар түрмөгү
0