Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Контрчабуул максатына жетпесе АКШ менен НАТО кандай абалга тушугат? Сереп

© AFP / DIMITAR DILKOFFУкраин аскерлери. Архивдик сүрөт
Украин аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
Контрчабуулдун 4–7-июнь аралыгындагы жүрүшү Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын Запорожье, ошондой эле Артемовск, Белгород жана башка тилкелер багытындагы пландары оңунан чыкпаганын көрсөттү.
Украина тараптын чабуулдук бөлүктөрүнүн биринчи эле катарынын шайы ооп, ал тургай катуу талкаланып калды. Киев салгылашка экинчи эшелон бригадаларын, колунда калган артиллерия жана ок өткөрбөс техника резервин бүт салууда. Ал эми Россиянын коргоо багыты фронттун бардык чегинде бекем экенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автордун бул жолку макаласы да атайын аскердик операциядан кеп салат.
Украина чабуулунун алгачкы үч суткасында эле бардык багыттарда 3 715 жоокеринен ажырап, 52 танк, 207 ок өткөрбөс машина, 134 автомобиль, беш учак жана эки тик учагынан кол жууп калды. Киевдик режим Азов деңизи жана Крым жарым аралына жиреп кирүүнү гана көздөп, алды-артын түк ойлонбостон болгон резерв, ресурстарынын баарын Запорожье багытына жумшоодо. Украина Куралдуу күчтөрү Орехов калаасына жакын жерде биринчи ирет Leopard 2A4 танкаларын колдонушту.
Ал эми россиялык аскердик бөлүктөр Запорожье багытында 8-июнга караган түнү чабуулдук аракеттердин бир нече толкунун бузуп, Украина Куралдуу күчтөрүнүн 1 000 жоокер, 30 ок өткөрбөс техникасын жок кылышты. Россиялык коргоо позицияларына карай HIMARS жана M270 залптык ок тутумун колдонуу аракети да РФтин Аба-космостук күчтөрүнүн аба чабуулдан коргонуу тутуму жана фронттук авиациясынын соккулары менен токтотулду. Мизи кайтарылган тарап андайда катуу майтарылып, аргасы түгөнөт.
Киевдин Артемовск районунда украиналык күчтөрдүн "1 100 метрге" ары жылышы жөнүндөгү жалган маалымат, Кахов ГЭСи кыйратылгандан кийинки Херсон облусундагы жасалма уюштурулган суу ташкындын сүрөттөрү контрчабуулдун ийгиликсиздигин, Украина Куралдуу күчтөрүнүн ички курамынын чоң жоготууларын, толгон-токой техникасы кыйраганын жымсалдай албайт. Иш жүзүндө Артемовскинин бүтүндөй территориясы Россиянын аскердик бөлүктөрүнүн көзөмөлүндө.
Украина жана НАТО желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев жаңжал бүтмөйүнчө өлкө НАТОго мүчө болбой турганын моюнга алды
Клещеевканын жанында украиналык аскердик бөлүктөрдүн биринчи толкуну мина тосмолоруна кабылып, алардын артынан экинчи толкун башталганда россиялык артиллерист жана авиаторлор ыкчам аракет эткен. Натыйжада Украина Куралдуу күчтөрүнүн согуш талаасындагы 13 танк жана ок өткөрбөс машиналарын өрт чалган.
Украиналык контрчабуулдун башталганын катуу талкууга алган Батыштагылар атайын аскердик операция зонасында өрттөлгөн натолук танк жана аба чабуулдарынан коргонуучу каражаттарды да көз жаздымда калтыра алышпайт. Leopard 2 танкаларынын майдандагы тажрыйбасын да белгилебей коюшпас. Анткени кезегинде Ирак жана Сирияда жергиликтүү кошуундарга каршы аларды пайдаланган түркиялык армия да чоң жоготууларга дуушар болгону маалым. Чыгыштагылар Украинанын Кошмо Штаттардын шыкактоосу менен "Жердеги тозоктун филиалына" айланып калганына катуу нааразы болушууда.
Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун Азовдун айланасындагы жеңилери эмитен эле байкалууда: чабуулдук бөлүктөрдүн биринчи эшелонунун мүмкүнчүлүктөрү бүт түгөнүп, экинчи эшелонун да россиялык күчтөрдүн кебелбес позициялары тосуп алууда. Андан ары киевдик режимди жаңы, балким өзөктүк кырсык күтүп, Батыш Украинанын аймагына альянстын айрым өлкөлөрүнүн отряддары киргизилип же НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн үлкөн өкүлдөрү эки жакты жараштыруу сунушу менен келерин да болжоого болот.
The Hill басылмасы: "Украинада октун токтотулушу Американын кызыкчылыгында", — деп маалымдады. Британиялык The Time: "Контрчабуул дээрлик он алты айдан бери уланып келе жаткан согуштун чечүүчү учуру болушу да ыктымал. Бул Киев үчүн бир топ айдан бери алсыратып келе жаткан жаңжалдын жетер чеги болуп, согуштун натыйжасын аныктап калышы ажеп эмес", — деп жоромолдоду. Германиялык Focus маалымат аянтчасы Украинанын ири контрчабуулу тууралуу маалыматты "самаган ойду чындык катары кабылдоо" катары баалады.
Украиналык чабуулдун ийгиликсиз жыйынтыгы АКШ менен НАТОнун да кыйрашын туюндурары баарына түшүнүктүү. Алар "украиналык долбоорго" жүздөгөн миллиард доллар жана евро салганы кимге жашыруун?! Кандай болгон күндө да Батыш жакынкы келечекте Украинага коопсуздук кепилдигин бере албасы анык. Пентагондун жаңжалдын көп жылга созулары жөнүндөгү эскертүүсү Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун чабалдыгын айгинелейт. АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер кенже Роберт Кеннеди кечээ Киевди Россияга каршы жаңжалга америкалык бийлик аралаштырып, "Украинаны 350 миң жаш жаранды набыт кылган "касапканага" айлантканын" айтты.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинаны кайсы учурда колдоодон баш тартары айтылды
Америкалык талдоочулар Ирак менен Афганстанды оккупациялоодогу ачуу сабактарын эстөөгө аргасыз. Ал жактарда каршылаш тараптын "Солнцепёк" оор огнеметтук системасы же бешинчи муундагы истребителдери, С-400 зениттик-ракеталык тутуму болгон эмес. 5 000 чакырымдан ашуун аралыкты багындыра турган таамай канаттуу ракеталарга, атомдук субмарина жана чексиз аралыкка ылайыкталган термоөзөктүк куралга ээлик кылчу эмес... Россиянын армиясы Артемовскиден Батышка карай активдүүлүгүн улантып, Угледарга чабуул коюп, Марьинканы алууда. Болгону киевдик режимдин РФ территориясындагы терактылары гана америкалык президенттин үмүтүн жандыра алар.
Украиналык "контрчабуул" жана россиялык атайын аскердик операция эмне менен аякташы ыктымал? Украина Куралдуу күчтөрүнүн виртуалдык жеңиштеринен кийин Киевдин багынып берүүгө кол коюшу да мүмкүн. Батыш Европадагы тынчтык үчүн кымбат кун төлөөгө мажбур, ал эми Украина 1991, 2014 же 2022-жылдын башындагы чек аралары боюнча калары арсар. НАТО чет өлкөлүк аскерлерди 1997-жылдагы чекке алып чыгышы керек. АКШ "гегемон" макамынан куру калып, качандыр бир өз алына жараша жашоону үйрөнөт чыгар.
Дүйнө чындап көп полярдуу жана салыштырмалуу түрдө коопсуз болот. Ал эми Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы үчүн набыт болгон жүз миңдеген украиналык жаран Американын калган башка колония жана айтканын аткаргандар үчүн ачуу сабак болот.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия аскерлери эки багытта Украинанын сооттолгон 50 техникасын жок кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0