Давлесовдун уулу: атам менен Калый байке гимндин музыкасын үйдөн бүтүрүшкөн
20:33 10.06.2023 (Жаңыртылды: 10:05 11.06.2023)
Жазылуу
Кыргыз эл артисти, композитор, өлкө гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесов чыгармачылык жолунда сахнада 300дөн ашык түрдүү жанрдагы чыгарманы коюп дирижерлук кылган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу маэстрону эскерип, анын уулу Баатырбек Давлесов менен маек курду.
— Сөздү атаңыздын балалыгы, музыкага болгон кызыгуусунан баштайлы. Элеттик 14 жаштагы өспүрүм кантип борборго келип оркестрдин курамына кирип калган?
— Атамдын балалыгы айылда өтүп, кичинекей кезинде комуз чертчү экен. Жети жылдык мектепти аяктап Фрунзеге келгенде Финансы техникумуна тапшырган. Бирок ал жактагы окууга кызыкпай, көп өтпөй аны таштап коет. Бир күнү сейилдеп жүрүп эл аспаптар оркестринин жамааты чыгарма аткарып жатканын көрүп, алардын ишмердүүлүгүнө кызыгып калат. Республикада биринчилерден болуп түзүлгөн элдик музыкалык аспаптар оркестрин жетектеген Петр Шубин комуз черткенди билген өспүрүмдү ишке чакырган. Атам залкарлар менен айылдарга концерт коюп барып жүрүп, маданий чөйрөгө ошентип аралашкан экен. Чогуу окугандардай болуп нота эмне экенин деле билчү эмес. Ошондон улам Шубиндин сунушу менен өспүрүм Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык училищеге өтөт. Үйдүн эң кичүүсү, жалгыз эркек баласы болгондуктан чоң атам "эмнеге маскарапоздун окуусуна өтүп алгансың" деп урушуп, уулунун тандаган кесибин жактырбай, көпкө чейин кабыл алгысы келбей жүргөн. Атам жатаканада жашап, оркестрде иштеп жүрүп окуусун артыкчылык менен аяктаган. Кийин чоң атамды атайын концертке алып барып, өзүнүн оркестрге дирижер болгонун көрсөтүп чоң атамдын көз карашын өзгөртүптүр.
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүКыргыз эл артисти, композитор, өлкө гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесов
Кыргыз эл артисти, композитор, өлкө гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесов
© Sputnik / Мамадалиев
/ — Кийин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн Москвада окуган экен. Бир топ эле кыйынчылыктарга кабылса керек?
— Москвага барганда тил жагынан кыйналыптыр. Алгач мамлекеттик консерваториянын алдындагы улуттук студияда бир жыл, андан соң ошол эле консерваториянын опералык-симфониялык дирижёрлук бөлүмүндө билим алган. Ал жактагы мугалимдери союздук деңгээлдеги атактуу профессорлор болуптур, алар жатаканада жашаган кыргыз баланы өз үйүнө тамакка чакырып, маектешип акыл-наасатын айтышчу экен. Атам бара-бара Москваны жакшы билип, тилди өздөштүрүп, башка союздук республикалардан келгендер арасынан дос күткөн. Кийин алар биздикине да мейманга келип жүрүштү.
— Жогорку окуу жайды бүтүп келген жаш дирижерду Фрунзедегилер кандай кабыл алыптыр?
— Фрунзеге келгенде Опера жана балет театрында орун жоктугунан Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик эл аспаптар оркестринин дирижеру болуп дайындалып, төрт жыл иштеген. Анан узак убакыт Опера жана балет театрында эмгектенип жүрдү. Бир топ ыр, романс, хорлорду, симфониялык бий, поэмаларды, опера, спектакль, балет көрсөтүүлөрүн сахнада коюп дирижерлук кылды. Жашоосун чыгармачылык менен өткөрүп гастролго көп чыкчу, кээде айлап көрбөй калчубуз. Африка, Азия, Европа өлкөлөрүнө чейин барып кыргыз маданиятын таанытты. Ал убакта жыл сайын бир ай чыгармачылык үчүн өргүү алып, СССРдин Композиторлор союзунун Подмосковьедеги дачасына чыгармачылык менен алектенгени кетип калчу. 70-жылдардын башында "Аста-секин, колукту" музыкалык комедиясын жазып Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган. Ал драма 40 жылдан ашык убакыт коюлуп жүрдү. 1991-жылы "Курманбек" операсын жазып көрүүчүлөргө сунуштаган.
— Насыр Давлесов чыгармачылыктан сырткары мугалимдикти да аркалап, кафедра жетекчиси, ректор болгонун билебиз. Маэстро көп эле шакирттерди тарбияласа керек?
— Башында Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасынын башчысы, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору болду. Көп эле шакирттерди тарбиялады окшойт. Мисалы, элге жакшы эле таанылган дирижерлордон: Эсенгул Жумабаев, Жумакадыр Каниметов, Бакыт Алишеров бар. Анан белгилүү композитор Түгөлбай Казаков атам ректор болуп иштеп жүргөн кезде студент экен. Ал киши "жаш кезде тентектик кылып, балдар менен мушташып милицияга түшүп калчубуз. Укук коргоо органдары институтка баланча деген студентти окуудан кетиргиле деп кайрылчу. Ректор ортого түшүп, студенттерди урушуп куткарып калчу" деп эскерген жайы бар. Андан сырткары, ал кезде республикадагы жогорку окуу жайларда билим алган студенттердин баары айыл чарба жумуштарына чыкчу экен. Атам чоңдорго чейин кирип студенттердин таламын талашып, "булар болочоктогу музыкант, артисттер. Алардын колдору сахнага чыкканда керек болот. Балдарды картошка, кызылчага, пахтага чыгарбай жеңил жумуштарга жөнөткүлө" дечү экен. Атамдын ошондой аракеттерин, жан тартканын азыркыга чейин маданият кызматкерлери айтып жүрөт.
© Sputnik / Акбар АкжигитовБаатырбек Давлесов: атам чоңдорго чейин кирип студенттердин таламын талашып, "булар болочоктогу музыкант, артисттер. Алардын колдору сахнага чыкканда керек болот. Балдарды картошка, кызылчага, пахтага чыгарбай жеңил жумуштарга жөнөткүлө" дечү экен.
Баатырбек Давлесов: атам чоңдорго чейин кирип студенттердин таламын талашып, "булар болочоктогу музыкант, артисттер. Алардын колдору сахнага чыкканда керек болот. Балдарды картошка, кызылчага, пахтага чыгарбай жеңил жумуштарга жөнөткүлө" дечү экен.
© Sputnik / Акбар Акжигитов
— Атаңыз менен белгилүү композитор Калый Молдобасанов ынак достордон болгону айтылып жүрөт. Кесиптештеринен дагы кимдер менен жакшы катташчу эле?
— Калый байке менен атам кичинекей кезинде эле таанышып, эл аспаптар оркестринде бирге иштешип, кийин Москвада чогуу окуган. Атам үйлөнгөндө ал киши күйөө жолдош болуп барган. Кесиптештеринен: Мукаш Абдраев, Абдылас Малдыбаев, Асанкан Жумакматов менен катышып жүрдү.
— Кийин Калый Молдобасанов экөө өлкөнүн гимнинин обонун жазып автору болушту. Алар кантип тандалып калганын атаңыз айтып калчу беле?
— Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекеттик символикалар кабыл алыныш керек болуп, чыгармачыл инсандар арасында сынак жарыяланган. Анда атайын түзүлгөн комиссия алгач акындар арасында конкурс өткөрүп, Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдин текстин тандаган. Андан соң ага композиторлор обон жазган. Мен ал учурду жакшы билем, себеби ошол кезде Ак үйдө иштечүмүн. Сынакка көптөгөн композиторлор катышып, депутаттар ар бир катышуучунун обонун угуп чыккан. Тандагандардын башында СССРдин эл артисти, залкар дирижер Асанкан Жумакматов турган. Анда атам менен Калый Молдобасановдун варианты тандалып, эл өкүлдөрү экөөнүн музыкасын бириктирип бир чыгарма иштеп чыгууну табыштаган. Ошентип экөө гимндин музыкасын үйдө бүтүргөн.
— Композитор үйдө кандай ата эле, уул-кыздарына кандай кеп-кеңеш, акыл-наасаттарды айтчу эле?
— Мен үйдүн улуусумун, менден кийин карындашым бар эле. Ал 2010-жылы кайтыш болуп калды. Анан кичүү иним бар, экөөбүздүн ортобуз 14 жаш. Банк тармагында иштейт. Арабыздан чыгармачылык менен кеткендер болгон жок. Мен болсо көп жыл мамлекеттик кызматта иштедим, Кыргызстандын эмгек сиңирген экономистимин. Азыр пенсиядамын.
Атам үйдө талапты катуу койчу эмес, ага караганда апам катуу болчу. Атам көбүнчө жумушта, гастролдоп жүргөндүктөн тарбия иштери менен негизинен апам алектенди. Аша чаап, чектен чыгып кеткенде гана атам катуу айтып койчу. Анан ал киши "кел, балам, отур, сен мындай бол" деп айтчу эмес, иш үстүндө учурдан пайдаланып кыстырма кылып кеңештерин берип койчу. Биринчиден, өз ишиңердин профессионалы, иш билги болгула, экинчиден, абийириңерди сактагыла дечү. Анан искусство өкүлдөрү арасында ызы-чуу, көрө албастык, түрдүү жаңжалдар болуп калчу. Атам андайдан оолактап, аралашкан жок, андайды жактырчу да эмес. Улуттук каада-салт, үрп-адатты унутпагыла, тууган-туушкандарыңар менен катташкыла деп бизди айылга көп жиберчү. Жашы өтүп калганда туугандардын жамандык-жакшылыктарына катыш, алардан алыстаба деп жүрдү.
© Sputnik / Акбар АкжигитовБаатырбек Давлесов: атам үйдө талапты катуу койчу эмес, ага караганда апам катуу болчу. Атам көбүнчө жумушта, гастролдоп жүргөндүктөн тарбия иштери менен негизинен апам алектенди. Аша чаап, чектен чыгып кеткенде гана атам катуу айтып койчу.
Баатырбек Давлесов: атам үйдө талапты катуу койчу эмес, ага караганда апам катуу болчу. Атам көбүнчө жумушта, гастролдоп жүргөндүктөн тарбия иштери менен негизинен апам алектенди. Аша чаап, чектен чыгып кеткенде гана атам катуу айтып койчу.
© Sputnik / Акбар Акжигитов
— Дирижердун өмүрүнүн акыркы жылдары кандай өттү?
— Атам өмүрүндө такыр чылым чеккен жок, автоунаа айдаганды билчү эмес. Пенсияга 75 жашында чыгып ЖОЖдо профессор болуп иштеп жүрдү. Ортодо белинен операция болуп калып, жаштарга жол бошотуп институттан кетип калды. Кийин кант диабети менен кыйналып, ал арада карындашым онкологиядан кайтыш болду. Ага чейин Бакиевдер "силер Акаевдин кадрларысыңар" деп иним экөөбүздү кызматтан алып коюшту. Атам ошонун баарын көрүп, сарсанаа болуп жүрүп 2011-жылы 82 жашында бул дүйнө менен кош айтышты.