Театрдан айдалганда Бакуда иштеген. Маэстро Асанкан Жумакматовду эскерүү

© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматов
СССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Жазылуу
Быйыл белгилүү дирижер Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгы белгиленет. Бир топ музыкалык чыгармаларды оркестрге салып, далай таланттарга жол көргөзгөн улуу устатты эскерип Sputnik Кыргызстан агенттиги анын уул-кызы менен баарлашты.
СССРдин эл артистинин уулу Эрик Жумакматов менен кызы Асел Жумакматова маэстронун турмушу, чыгармачылыктагы кызыктуу окуяларын айтып беришти.
— Асанкан Жумакматовдун балалыгы Украинада өткөнүн билебиз. Ал жакка кандайча барып калган?
© Фото / из семейного архива ЖумакматовыхСССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматовдун уулу, музыкант Эрик Жумакматов.
Музыкант Эрик Жумакматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
СССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматовдун уулу, музыкант Эрик Жумакматов.
Эрик Жумакматов: — Чоң атам Жумакмат Ысык-Атада болуш болуп, 1929-жылы Сибирге сүргүнгө айдалып кеткен. Атам анда алты жашта экен. Чоң энем балдары менен эл душманынын аялы делип Украинага жөнөтүлгөн. Алар Одесса облусунун Скадов районундагы Чалбасы айылында отурукташып, кичинекейлер балдар үйүндө чоңоюптур.
— Чоң атаңыздын Сибирге айдалгандан кийинки тагдыры белгилүүбү?
Э.Ж.: — Чоң атам жаза мөөнөтүн өтөп, Кыргызстанга келип үй-бүлөсүн, бала-бакырасын таппай калган. Алар Украинада эле да. Жергиликтүү тургундар да аны "эл душманы" деп үйүнө киргизгенден коркушуптур. Ошентип жакындарын, туугандарын издеп жүрүп дайынсыз болуп кеткен экен.
— Атаңыздын өмүр баянына көз салсак, 1938-жылы мекенге аман-эсен кайтыптыр. Кыргызстанга кантип келишкен?
Э.Ж.: — Атамдын эң улуу агасы Сүлүктүдө шахтер болуп иштечү экен. Ал 30-жылдары нормадан көп көмүр казып стахановчу болуп сыйлык алат. Анан жогору жактагыларга кат жазып, үй-бүлөсүн бошотууну сураныптыр. Ошентип ал каттын жардамы тийип кайтып келишкен. Ошол маалда атам 13-14 жаштарда экен, урма аспаптар боюнча музыкант катары Фрунзедеги Опера жана балет театрына кириптир. Украинада атам музыка менен алектенип, мандолина, гитара, урма аспаптарда ойноп өнөрүн өркүндөткөн экен.
© Фото / из семейного архива ЖумакматовыхКичинекей Асанкан Жумакматов жана аны менен кошо окуган балдар-кыздар.
Народный артист СССР, известный дирижер Асанкан Жумакматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Кичинекей Асанкан Жумакматов жана аны менен кошо окуган балдар-кыздар.
— Кийин Улуу Ата Мекендик согушта Асанкан Жумакматов да фронтко аттанып, ал жактан жарадар болуп келиптир.
Э.Ж.: — Ооба, Атам 18 жашка чыкпай эле согушка аттанган. Ал кезде патриоттук сезими күчтүү жаштар курагына бир-эки жаш кошуп жаздыртып алып фронтко кетишчү тура. Атам да бир жаш коштуруп жаздырып, фашисттик Германияга каршы аттанган. Жарым жылдай Грозный шаарында аскердик даярдыктан өтүп оор күндөрдү баштан кечирген. Себеби ал жылдары Сталин чечендерди ар кайсы республикага көчүрүп, аймакта абал тынч эмес экен. 1942-жылы жайында Сталинград шаарынын жанындагы беттешке катышып оор жаракат алган. Жарылгыч ок анын көкүрөгүнөн кирип далысынан чыгып кеткен. Бала кезде ок кирген жери кичинекей болуп, ок чыккан далысынын жарымынан операциянын тагын көрүп калчубуз. Дарыгерлер ага төрт жолу операция жасап аман алып калышыптыр. Ооруканада да шарт анча жакшы эмес экен. Атам ойгонуп жараатын караса курт чыгып, кайра ичине кирип кетчү дейт. Көрсө, ал курттар ачык жарааттын ириңин азайтып турушчу экен. Ак халатчандар атамдын колун кесмек болушат. "Музыкантмын, дирижермун" деп жатып кестирбей алып калыптыр.
— Согуш майданынан кайтып келгенден кийин турмушу кандай болду?
Э.Ж.: — Фронттон кайтып келген жигитти мекени жакшы тосуп алган. Ал кезде эркектердин баары согушка кетип, Фрунзеге башка союздук шаарлардан завод, фабрикалар, көптөгөн адамдар эвакуацияланып шаар такыр эле башкача болуп калган экен. Андан сырткары, далай чыгармачыл топтор да келип, элдин маанайын көтөрүп байма-бай концерт уюштурчу экен. Атам 1945-48-жылдары Москвадагы консерваториянын эки жылдык студиясында билим алып, Кыргызстанга келип 25 жашында дирижер болуп иштей баштаган.
© Фото / из семейного архива Жумакматовых Асанкан Жумакматов18 жашка чыкпай эле Улуу Ата мекендик согушка аттанган. Ал бир жаш коштуруп жаздырып, фашисттик Германияга каршы кан майданга кеткен. Согушта катуу жарадар болуп, бир нече операция жасалып, кийин Мекенине кайтып келет.
Народный артист СССР, известный дирижер Асанкан Жумакматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Асанкан Жумакматов18 жашка чыкпай эле Улуу Ата мекендик согушка аттанган. Ал бир жаш коштуруп жаздырып, фашисттик Германияга каршы кан майданга кеткен. Согушта катуу жарадар болуп, бир нече операция жасалып, кийин Мекенине кайтып келет.
— Жай турмуш орногон жылдары Москвада жогорку окуу жайдан окуп, СССРдин борборундагы театрлардын биринде дирижер болуп да иштеп калыптыр?
Э.Ж.: — Ооба. Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияда билим алып, аны кызыл диплом менен аяктаган. Студент кезинде аталган окуу жайдын комсомолдук уюмунун катчысы болсо, белгилүү композитор Мукаш Абдраев бильярд боюнча Москванын чемпиону болуптур. Ал жылдары ошол ЖОЖго дүйнөнүн булуң-бурчунан келип, жаштар билим алышчу. Ошондой эле консерваторияда окуп жүргөн кезинде Москвадагы театрлардын биринин башкы дирижеру болуп иштеп, тыйын тапкан жайы бар. Кыскасы, ал кезде кыргыздар кыйын эле болушчу экен.
— Асанкан Жумакматовду мыкты дирижер, залкар талант катары көбүбүз билебиз. Атаңыздын чыгармачылыгындагы кандай өзгөчөлүктөрүн белгилейт элеңиз?
Э.Ж.: — Атам дирижерлук кылганга жаралган инсан деп эсептейм. Оркестр өзү эле чыгарманы ойноп жатат, таякча көтөргөн дирижердун эмне кереги бар деп ойлогондор деле жок эмес. Дирижер оркестрди сахнага чыгарганга чейин жумалап репетицияларды уюштуруп, музыканттын ар бирин даярдайт. Менин балалыгым деле Опера жана балет театрында өттү, репетициясын, гастролдорго даярдангандарын көрүп калдым. Бир-эки жолу оркестрдин даярданганын көрүп, дирижер диктатор болушу керек экен дегем. Алардын эс тутуму, угуусу күчтүү болот тура.
© Фото / из семейного архива ЖумакматовыхСССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматовдун кызы Асел Жумакматова.
Дочь известного дирижера Асанкана Жумакматова Асел Жумакматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
СССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматовдун кызы Асел Жумакматова.
Асел Жумакматова: — Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин дирижеру болуп иштеп жүргөндө мен да репетицияларына барып калчумун. Ал оркестрдин курамына 85 музыкант кирчү. Атам оркестрди отургузуп, таякчасын көтөрүп, чыгарманы музыканттар аткара баштаар замат эле бир аспапта ойногон артисттин кемчилигин угуп шак токтотчу. Мен бери жакта туруп алып "ондогон музыкалык аспаптын арасынан ошол жаңылган бир аспапты кантип байкады" деп таң калчумун. Мага алар жакшынакай эле ойноп жаткандай сезилчү. Атамдын жашоосу, өмүрү музыка менен өткөндүктөн, өзүн ага арнагандыктан ар бир нотаны, музыкалык аспапты жан дүйнөсү менен сезе билчү деп ойлойм.
— Биз Асанкан Жумакматовду биринчи профессионал кыргыз дирижеру десек болобу?
Э.Ж.: — Менимче, ооба. Анткени атама чейин иштеген кыргыз дирижерун атай албайм. Атаман кийин Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов иштеп калышты. Бирок алардын чыгармачылыгынын негизги бөлүгүн композиторлук түздү. Негизинен өз чыгармаларына гана дирижерлук кылышкан. Атам дирижерлукка гана басым жасап, өмүрүн ошону менен өткөрдү. Замандаштары "Асанкан композитор эмес, бирок чыгармаларды Асанканчалык эч ким оркестрге сала алган жок" дешчү.
© Sputnik / А. Гивенталь / Медиабанкка өтүүСССРдин эл артисти, маэстро Асанкан Жумахматов дирижерлукка гана басым коюп, өмүрүн ошону менен өткөрдү. Замандаштары "Асанкан композитор эмес, бирок чыгармаларды Асанканчалык эч ким оркестрге сала алган жок" деп баа беришкен.
Дирижер Асанхан Джумахматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
СССРдин эл артисти, маэстро Асанкан Жумахматов дирижерлукка гана басым коюп, өмүрүн ошону менен өткөрдү. Замандаштары "Асанкан композитор эмес, бирок чыгармаларды Асанканчалык эч ким оркестрге сала алган жок" деп баа беришкен.
— 60-жылдары Күлүйпа Кондучалова менен тил табыша албай театрдан айдалып, Азербайжанга иштеп кеткени айтылат. Маданият министри менен тирешинин себеби эмне болгонун билесизби?
Э.Ж.: — Атам 1953-жылдан баштап борбор калаадагы Опера жана балет театрынын башкы дирижеру болуп иштеген. Театр 1962-жылы Алматы шаарына гастролго даярданып, ал курамга СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева кирбей калган экен. Ага "Аида" операсындагы 17 жаштагы чырайлуу Аиданын ролун бербей койгон. Ордуна жаш опера ырчысы Гүлхан Сатаева бармак. Ал кезде алдыңкы операларды аткарып жүргөн Кийизбаеванын жаш курагы да өтүп калган экен. Көздөгөнүн албай калган ырчы курбусу, ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова барып арызданган. Ызы-чуу министрликтин коллегиясына чейин жетип, атамды кызматтан алып салышат. Атам да эч бир компромисске барган эмес. Ал темирдей тартипти сүйчү, башкалардан да ошону талап кылчу. Ишсиз калган атам убагында Москвада консерваторияда чогуу окуган курсташтарына кат жазат. Аны азербайжандык кесиптеши Ниязи Гаджибеков чакырып, атам Бакуда Мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижеру болуп, чыгармачыл топторду даярдаган.
— Ал окуя ошол кездеги Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге чейин жеткен жайы бар экен.
Э.Ж.: — Ооба. Бийликке жаңы келген Усубалиев Жумакматовдун Бакуда ийгиликтүү иштеп жатканын угуп, Азербайжандын биринчи катчысына чалып кайра Кыргызстанга кайтарган. Келери менен жаңы түзүлгөн Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине көркөм жетекчи, башкы дирижер кылып дайындаган. Аны атам башынан түзүп, чыгармачыл жамаатты топтоп, СССРдин ири шаарларына чейин гастролго чыгып улуттук музыканы тааныткан. Оркестрди он жыл жетектеп, кийин кайра Опера жана балет театрына мурдагы жумушуна кеткен.
© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматовдун кызы Асел Жумакматова: Атам (Асанкан Жумакматов – ред.) оркестрди отургузуп, таякчасын көтөрүп, чыгарманы музыканттар аткара баштаар замат эле бир аспапта ойногон артисттин кемчилигин угуп шак токтотчу. Мен бери жакта туруп алып "ондогон музыкалык аспаптын арасынан ошол жаңылган бир аспапты кантип байкады" деп таң калчумун.
Маэстро, дирижер Асанхан Джумакматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
СССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматовдун кызы Асел Жумакматова: Атам (Асанкан Жумакматов – ред.) оркестрди отургузуп, таякчасын көтөрүп, чыгарманы музыканттар аткара баштаар замат эле бир аспапта ойногон артисттин кемчилигин угуп шак токтотчу. Мен бери жакта туруп алып "ондогон музыкалык аспаптын арасынан ошол жаңылган бир аспапты кантип байкады" деп таң калчумун.
— Тартипти катуу талап кылган дирижер үйдө кандай ата эле?
Э.Ж.: — Чынын айтканда аны үйдө деле көп көрчү эмеспиз. Театр, репетиция, гастроль деп эле жүрдү. Жумуштан келип кечки саат жети-сегизде эле жатып алып, биз уктап үй тынч болуп калганда түндө туруп ноталарды жазып, боло турчу концертке даярданчу. Анан эртең менен эрте туруп жумушка кетип калчу. Биз ойгонуп аны таппай калчубуз. Жөө басканды жакшы көрчү. Кызматтык автоунаасы биздин үйдөгү иштерге эле колдонулчу.
Анан үйдөгү телефонго түндө ар кайсы жактан чалышчу. Мисалы, милициядан чалып "артистиңер арак ичип алыптыр, биз камап салдык" деп чалышчу. Атам "кокуй, аны сабабагыла, ал үйлөмө аспапта ойнойт" деп шашып жөнөп калчу. Жаш музыканттардын жашоо шартынан кабар алып, кадырын салып артисттердин отун-суусун үйүнө чейин жеткирип берчү. Чыгармачыл тобун, артисттерди калкалап турар эле.
© Фото / Александр ФедоровМаэстро, дирижер Асанкан Жумакматов үй-бүлөсү менен.
Маэстро, дирижер Асанхан Джумакматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Маэстро, дирижер Асанкан Жумакматов үй-бүлөсү менен.
— Асанкан Жумакматовдун быйыл белгилене турган 100 жылдыгына даярдыктар кандай?
А. Ж.: — Адамдын тирүү кезинде жасаган иши бааланып, көзү өтүп кеткенден кийин көбү унутуп калат экен. Жүз жылдыкка карата күзүндө бир жумалык концерт, Тарых музейинде көргөзмө жана кичи мекенинде өкмөттүк деңгээлде иш-чаралар пландалууда. Атам Кыргыз Республикасынын Баатыры, аны өлкөдө саналуу эле адамдар алган. Негизи ага татыгандардын көзү өтүп кетсе эстелик тургузулуп, ысымы ири жайларга берилмек, бирок андай болбой жатат. Биздин үй-бүлө мэрияга Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги паркка ысымын берүүнү сунуштаганбыз, негедир иш алдыга жылган жок. Жанында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети да жайгашкан. Эгер ага атамдын ысымы ыйгарылса, символикалуу болмок деп ойлойбуз.
КРдин эл артисти, белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Бухгалтерликти окуп, кинону эңсеген. Нуртай Борбиевдин небереси менен маек
Кыргыз эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Табылды Актанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Тыныбек манасчынын эл билбеген өнөрү, касиети. Небереси Табылды Актанов менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0