Чындыкка кыянаттык жасаган жок. Баратбай Аракеевди эскерүү

© Фото / Жумагул БарктабасоваЖурналист, публицист, Даңк медалынын ээси Баратбай Аракеев. Архив
Журналист, публицист, Даңк медалынын ээси Баратбай Аракеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Жазылуу
Калеми менен бийликтен акыйкаттыкты талап кылып, аткаминерлерди камчылап турган чыгаан журналист Баратбай Аракеевди окурман журту жакшы билет. Жакында эле кыргыз журналистикасынын корифейлеринин бирин эскерген кече болуп өттү.
Журналист, публицист, Даңк медалынын ээси Баратбай Аракеевдин өмүрү жана чыгармачылыгын эскерип Sputnik Кыргызстан агенттигинде карындашы Дамира Аракеева, жээни Самат Асанов жана кесиптеши Жүмагүл Барктабасова болду.
— Агайдын маңыздуу жашоосунан кеп салардан мурда анын балалыгына кайрылсак...
Дамира Аракеева: — Үй-бүлөдө Баратбай абам улуусу, төрт карындашы жана бир иниси бар. Балалыгы да башкача өткөн. Чоң атамдын биринчи небереси болгондуктан абдан эрке эле, чоң энемдин эмчегин 1-класска чейин эмген. Мектепке барганда мугалимине "уяткарып, ушунусун койдуруп койсоңор" деп суранышат. Анан эжекеси "биздин класста чоң энесин эмген окуучу барбы?" деп сурайт. Балдар "жок, жок" деп баары чурулдап жатса, Баратбай абам ручкасын алымыш болуп столдун астынан такыр чыкпай коюптур. Ошондон келип эле эмгенин таштаптыр. Балалыгы Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылында өттү. Кичинесинен эле китепке жакын болуп, бир томдукту таң аткыча окуп бүтүрчү. Биз ага таң калчубуз. Тамак ичип отурганда да дайыма жанында китеп же гезит-журнал болор эле. Спортко да кызыкчу. Бокс менен машыгып, туугандардын балдарын чогултуп мушташтырып, бири ыйлап калса каткырып күлүп, кайра тургузуп эркелетип абдан оюнкараак эле. Атамдар алгач Караколго, анан политехке окутушкан. Бирок жакшы окуганы менен көңүлү чапкан жок. Көрсө, журналистикага кызыгыптыр. Армияга барып келип, үйлөнгөндөн кийин гана окуп калды. Филология факультетин мен 1974-жылы бүтсөм, ал 1975-жылы аяктады.
© Sputnik / Асель СыдыковаСестра журналиста, публициста Баратбая Аракеева Дамира Аракеева
Сестра журналиста, публициста Баратбая Аракеева Дамира Аракеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
— Бетке айткан мүнөзү бар эле дешет...
Д.А.: — Жанда жок орой, чарт-чурт эткен курч кыялы бар болчу. Бирок аны менен катар эле аябай боорукер эле. Кезинде үйүндө жашап окуп калдым. Бир жолу окуудан бери буту жооруп жөө келиптир, себебин сурасак досунун жол киреси жок, акчасын ага берип коюптур. Ушундай ак көңүл болчу. Бир ирет жеңем кымбат, анан ошол кездеги дефицит, жакшы баркыт алып келсе "мага бир костюм тиктирип берчи" дейт. Жеңем макул болот. Негизи абам дүкөнгө да кирчү эмес, базарга да барчу эмес. Анан жеңем үйдөн улам абамды ченеп кетип, тикмечиге эки-үч жолу барып, бир айда сонун костюм тиктирип келди. Абама сонун жарашып, ага сүйүнүп жатсак Жакып деген досу келип калды. Ага кийгизип көрүп эле "сага сонун жарашты, чечпе, кийип кет" деп койду. Анан ал кеткенден кийин аял киши да, жеңем "бекер эле бир ай жүрдүмбү, ушунуң жаман да" деп сүйлөнсө, "былжыраба, сураба, бирдеке десең көрөсүң" деп урушуп койгон. Машинаны деле кийинчерээк айдап калды. Жол тоскондорду боору ооруп бекер эле салып алчу. Акча сунган кишини "жөн эле кой" деп, ага да болбосо "ай, жогол деп жатам" деп урушкан жайы бар. Бир туугандарын аябай жакшы көрчү. Чогулганда сүйүнүп, кетиргиси келбей баарыбызга тегиз карачу. Ооруп калсак саат сайын эле чалып сурай берер эле. Ичип жаткан тамагыбызга чейин кабардар болуп турчу. Атабыз менен апабызга бир да жолу баш көтөрүп, моюн толгогон жок. Аябай сыйлачу.
© Фото / Жумагуль БарктабасоваЖурналист, публицист, Даңк медалынын ээси Баратбай Аракеев
Журналист, публицист Баратбай Аракеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
— Жүмагүл эже, кесиптеши катары да жакшы билип калсаңыздар керек?
Жүмагүл Барктабасова: — Баратбай Аракеевди белгилүү журналист, жазуучу жана курч публицист катары таанышат. Мына ушул үч багытта тең өз жолун салып кетти. Аны "кыргыз журналистикасынын корифейи" деп жүрүшпөйбү, чын эле анын жазгандары элден өзгөчөлөнүп турчу.
Теңтуштары "жаакка чаба сүйлөгөн, жалтанганды билбеген, өкмөттүн өкүм балдарын, өз уулундай тилдеген" деп айтышчу. Ушундай кандан, бектен кайра тартпай, бийлик өкүлдөрүн, Акаевден бери эле көзгө сайгандай сындап, чындыкты жазып келген журналист болду. Бир муун журналист аралыктан болсо да тарбия алышты. Кайсы гезитке иштегени барса ошону таап, издеп окуган окурмандары аябай көп болду. Ондон ашык китеби кайра басылып чыккан. Сүйүү жана детектив жанрындагы чыгармаларын гезиттерге сандан-санга беришти. Улуттук университетти бүтүп, Илимдер академиясында иштеп жүрүп Ташкентке командировкага барып, ошол жерден эң биринчи чыгармасы "Айсалкын" повестин жазат. Ошондон кийин эле илимди да таштап чыгармачылыкка кетет. Бул киши публицистикалык макалаларын курч, кыска-нуска, чучукка жеткидей кылып жазган. Агайдын сынына кабылган бир да аткаминер каяша айтып, сотко берген жок. Себеби сынды да аргументи менен жалпак тилде жеткире айтып койгон.
© Sputnik / Асель СыдыковаКоллега журналиста, публициста Баратбая Аракеева Жумагуль Барктабасова
Коллега журналиста, публициста Баратбая Аракеева Жумагуль Барктабасова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
— Аналитикалык макалаларды, сынды жазууда устаты ким болгон?
Ж.Б.: — Устаты катары эч кимди деле айткан эмес. Бул киши китепти абдан көп окучу. Интеллектуалдык жактан абдан жогору, дүйнө таанымы кенен болчу. Кайсы жагынан болсо да кабардар болуп, макалалары философиялык ойду камтып, муну менен катар эле куйкум, юмор менен укмуштуудай жазып койчу. Каармандары да турмушка жакын, реалдуу жашоодон алынган. Мисалы, "Сокур кемпир көрөгөч" тасмасы да Баратбай Аракеевдин "Кыз-күйөө" чыгармасынын негизинде тартылган.
— Курч калемдин ээси үйдө чарба иштерине кандай эле?
Д.А.: — Жеңем 13 жылдан бери ооруп төшөктө, ошол жыл аралыгында Баратбай абам бакты. Кызы менен уулу алып кетели десе жеңем үйүнөн кеткиси келбей "Бакем менен эле болом" деп койчу. Абамдын чыдамкайлыгына баа бердик. Жеңемди жаш баладай эле бакты. Ага баары эле көнө бербейт. Биз да барып калганда "азыр отуруп тургула" деп эле тамакты да сонун кылып заматта жасап койчу. Бирөө тууралуу да эч жаман сөз айтчу эмес. Өздөрү мурда үч бөлмөлүү үйдө карапайым эле турчу. Бир жолу уурулар чоң машинаны токтотуп коюп үйүн күндүз эле көчүрүп кетишиптир. Муздаткычтагы тамактардан бери алып кеткен. Эртеси Баратбай абам командировкадан келди. Жеңем "Баке" деп болгонун айтып баштаганда эле "болду, уктум" деп токтотуп, портфелин коюп барып шкафты ачса эч нерсе жок. Анан "ой, булар жинди немелер го. Эртең жумушка эмне кийип барам, жок дегенде бир костюм калтырып койбойбу" деп жатпайбы. Мен да "ууру неме сиздин жумушуңузду ойломок беле" деп байкемдин жүрөгүнүн агына күлүп жибердим. Ошентип милицияга берген да жок, сөгүп-саккан да жок.
© Фото / Жумагуль БарктабасоваЖурналист, публицист, Даңк медалынын ээси Баратбай Аракеев
Журналист, публицист Баратбай Аракеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
— Бир убакта Баратбай Аракеев иштеген "Асаба" гезити бийлик менен жалгыз чабышып калган дешет. Макалаларын окуп коркчу эмес белеңер?
Д.А.: — Коркчубуз. Аскар Акаев президент кезде анын башкаруусунда элдин жашоосу кайсы тарапка баратканы байкалып, оош-кыйышы билинип баштаганда бир ирет абамдын "Акаевдин закону элди оңолтобу же омолтобу?" деген макаласы чыкты. Анда "азыр керек болсо үйүндө талканы жок үй-бүлөлөр бар. Акаев эмнеге барган жеринде чучукка тайгаланган боюнча кетет. Ал эл аралабайт, турмушун билбейт да" деп жазганы эсимде калыптыр. Аны окуп коркуп, чурулдап калдык. Ал убакта президентке каршы чыккан киши жок болчу да. Атам да кооптонуп капаланды. Кийин-кийин абамдын жазганы туура экенине көз жетип, түшүнүп, көнүп калдык.
— Агайдын башынан бир топ эле кызыктуу окуялар өтө керек?
Ж.Б.: — Баратбай аба бир маанилүү нерсени эстеп кетсе кимге, кайсы убакта болсо да чалат. Ал киши түндө чалса да алуу керек. Албаган кишини министр, депутат, жазуучусуна карабай эртеси тилдечү. Бир ирет Аман Саспаевге чалса негедир албай коюптур. Ал киши Караколдо жашачу. Анан түндө милицияга чалып "баргыла, барып жакшы эле бекен, абалын билгиле. Жөн барбай азык-түлүк ала баргыла" деп дайындайт. Анан Аман агайдын айтуусунда, түндө эле эшик чырылдайт, ачса эле милициялар турат, колунда пакети бар дейт (күлүп).
Д.А.: — Студент кезинде атамдар бир кап картошка, анча-мынча азык-түлүк салып узатышат. Жатаканага келип кечинде уктайын деп жатса эле эшик тыкылдайт. Ачса бир бала картошка сурап келген экен, ага салып берет. Ошентип эки-үч жолу келет. Үчүнчүсүндө "коё тур" деп туруп, бир мүшөк картошканы коридорго төгүп, "кимге картошка керек, алгыла" деп кыйкырып, өзү кирип кетип калыптыр. Эртең менен караса бир да картошка калбаптыр. Ушундай кызык окуялары бар.
© Фото / Жумагуль БарктабасоваЖурналист, публицист, Даңк медалынын ээси Баратбай Аракеев
Журналист, публицист Баратбай Аракеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
— Таякеңиз элесиңизде кандай сакталып калды?
Самат Асанов: — Абдан жакшы киши эле. Кээде түшүмө кирсе жакшылыкка жоруп, бейишин тилеп коём. Ал киши өмүрүнүн акырына чейин чынчылдыгына кыянаттык кылган жок. Эскерүүсүндө Эмил Каптагаев "Бакемди конокко чакырып сыйлап жатсаң да, бир нерсе жакпай калса сөгүп туруп кетип калчу же баары бир эле сындай берчү" деди. Бирөөлөргө көз каранды болгонду каалачу эмес. Баарын байкап турчу, эч кимди жашсынтпай, басынтпай сөзүн угуп, анан дасторкон башында айтылган ар бир сөздү эсине сактап койчу. Өзүнүн башкача бир чыгармачылык аяр дүйнөсү бар эле. Ага бир тууганын, жакынын да жолотчу эмес. Жогору интеллектин, билимин ар кайсы жерге сала берчү эмес. Ким менен сүйлөшүп жатса да анын деңгээлине түшүп сүйлөшө берчү. Жаман көргөн адамын "ал шүмшүк" деп койчу. Бирок такыр жамандачу эмес. Бирөөнү "шүмшүк эмес экен" деген баасы, аны жакшы билгендер үчүн жогору баа болчу. Таякемдин кеткени жүрөгүмдүн бир толтосун жулуп кеткендей болду. Кечээ эскерүүсүндө да ал кишини дагы башка жагынан тааныдым. Чалганда балдардын акыбалын сөзсүз сурачу, анан тез-тез сүйлөшүп коюп койчу. Каза болоруна жарым саат калганда чалып аябай көпкө сүйлөштү. Таң калгам. Жакшы маанайда сүйлөдү. Телефонду койду, анан жарым сааттан кийин эле кабар келди.
© Sputnik / Асель СыдыковаПлемянник журналиста, публициста Баратбая Аракеева Самат Асанов
Племянник журналиста, публициста Баратбая Аракеева Самат Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
— Чынчылдыгына, бетке чабарлыгына таарынган учурлар болду беле?
Д.А.: — Таарынсак да ичибизде болчу. Анткени абамдын мүнөзүн жакшы билчүбүз. Таарынганыбыз ал кишиге эч мааниге ээ эмес эле. Ысык-Көлдөгү сиңдим мектеп директору болуп иштейт. Анан абамдын Көлгө келгенин угуп, козу союп тамакка чакырат. Ошол учурда мектепти ремонт жасашып, арткан сыр менен үйүн сырдап жаткан экен. Аны көргөн абам урушуп, кийин гезитке жазып салган.
Ж.Б.: — Баратбай аба бир да жолу бийликке же кызматка жулунуп, байлык топтогонго аракет кылган жок. Жаңы эле Канттагы үйүн сатып, Бишкекке келип батир алган. Ошого китеп текче жасатып алып аябай сүйүндү. Бул киши сыйлык алам деп да чуркаган жок. Отунбаеванын учурунда 2011-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын өздөрү беришти. Элдикиндей эле оокаты бар. Ашып-ташкан эчтекеси жок. Бирок дайыма кыйналып жашагандарга азык-түлүк ташып берчү.
© Фото / Жумагуль БарктабасоваЖурналист, публицист, Даңк медалынын ээси Баратбай Аракеев
Журналист, публицист Баратбай Аракеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
— Шакирттери кимдер?
Ж.Б.: — Негизи өкмөт менен биргеликте 75 жылдык мааракесин өткөрүп алсак, анан эмгектерин басып чыгарсак деген максатыбыз бар. Эрнис Балбаков, Айбек Шамшыкеев, Алмаз Темирбеков, Тилек Рыскулов, Каныбек Сапаров, Мирлан Алымбаевдер — шакирттери. Ар бирибизге баласындай мамиле кылчу. Баарыбыздын жашообузга кызыгып турчу. Достукка абдан бекем болчу. Достору Кыялбек Урманбетов, Бекташ Шамшиев, Абдылдажан Акматалиев, Келдибек Ниязовдор эле. Шайлообек Дүйшеев эң жакын досу. Бөкөнбай Боркеев, Жолдош Бузурманкулов каза болгондо абдан стресс болгон. "75 жашка чыксам эле абдан ыраазы болом, досторумдун баары жер алдында жатса мен кантип басып жүрөм" деген макаласын жарыялаган. Бирок ал куракка да жетпей калды.
— Акыркы кезде ооруп калдыбы?
Д.А.: — Мындан беш-алты жыл мурун агаларыбыз каза болуп, Каракол жакка келе жатканда абамдан тер кетип, чалкалап жаман боло баштады. Машинаны токтотуп бир аз эс алдырып, дароо ооруканага алып бардык. Ошондо биринчи жолу инфаркт болуптур. Былтыр бир кармаган. Ушу каза болор алдында үчүнчү жолу кармады деп ойлойм. Бийик китеп текчеге китептеринин баарын тизип бүтүп, үстүнө ата-энесинин, досторунун сүрөтүн тизиптир. Карап отуруп ойлонуп кеткен окшойт. Ошондон эле кете берди. Экөөбүз абдан сырдаш болчубуз. Тагдырында көп арманы өзү менен кетти. Жаш кезинде жетпей калган сүйүүсүн өмүр бою эстеп жүрүп өттү. Эки уул, бир кызы бар. Бир уулу дайынсыз жоголуп кеткен. Эч кимге ичиндеги арманын, уулунун күйүтүн айтчу эмес. Бир ирет жуурканга чүмкөнүп алып, шолоктоп ыйлап жатканын көргөм. Балдары азыр үйлүү-жайлуу, Гүлчоро деген небереси ыр жазат. Абам "бул дүйнөдө чайналып жүрүп өттүм" деп калчу.
Акын, педогог, журналист Кемел Бакашов кызы Жылдыз менен. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Атам өмүр бою китепке кызмат кылды. Кемел Бакашовдун кызы менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0