Президент Жапаров эл аралык Астана форумуна катышууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Жапаров эл аралык Астана форумуна катышууда
Президент Жапаров эл аралык Астана форумуна катышууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине арналган.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн "Астана" Конгресс-борборуна келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Иш-чара саламдашуу аземи жана Форумга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен келген өлкө лидерлеринин жана делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүүсү менен башталды.
Форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине арналган.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров "Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда" темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.
Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси жана колдоосу астында өтүп жатат. Анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелер талкууга алынат.
Бүгүн, 7-июнда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Катар эмиринин Кыргызстанга сапары. Салтанаттуу иш-чарадан сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0