00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чолпон-Атада президент кеп кылган депутат кармалды. Чоо-жайы

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
44 жаштагы эл өкүлү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты А.У. алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кеп жакында эле президент Садыр Жапаров "Ысык-Көлдө инвестордон акча талап кылды" деген Урмат аттуу жергиликтүү кеңештин депутаты туурасында жүрүп жатат.
30-майда райондук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын улук ыйгарымдуу оперкызматкери Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына кайрылган. Ал социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты инвестордун ишине тоскоолдук кылып, андан ири өлчөмдө акча талап кылып жатканы тууралуу маалымат жарыяланганын билдирген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин иликтей баштаган.
"Ал 44 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, шаардык кеңештин депутаты А.У. болуп чыкты", — деп айтылган маалыматта.
А.У. 2015-жылы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен шаардын пляж тарапта жайгашкан жалпы пайдалануудагы жер тилкесин пляждык зонаны уюштуруу үчүн беш жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча келишим түзгөндүгү аныкталган. Ижара мөөнөтүн узартуу максатында кайрадан Чолпон-Ата шаарынын мэриясына кайрылып, бирок калаа бийлиги мөөнөттү узартуудан баш тарткан. Депутат пролонгацияга таянып, Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аталган жер тилкеси камакка алынып, учурда сот процесси уланып жаткандыгы аныкталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө 2022-жылы инвестор Чолпон-Ата шаарынын мэриясына беш жылдыздуу мейманкана куруу максатында жер тилкесин ижарага берүү үчүн кайрылгандыгы белгилүү болгон. Депутат А.У. менен Чолпон-Ата мэриясынын ортосунда соттук териштирүү жүрүп жаткан жер участогуна жакын жайгашкан аймактан жер тилкеси бөлүнүп берилгендиги маалым болгон.
"Мейманкананы куруу үчүн инвесторго кошумча жер тилкеси керек болуп, коңшу жер тилкеси боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын билбестен сөз болуп жаткан депутатка кайрылган. Ал эми шаардык кеңештин депутаты инвесторго соттук териштирүү жана жер тилкеде курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча жалган маалымат берип, инвестордун ишенимине кирүү менен бул чыгымдардын ордун толтурууну сунуш кылган. Натыйжада шаардык кеңештин депутаты А.У. инвестордон 12 000 доллар акча каражатын алдоо жолу менен алганы аныкталган", — деп билдирилген маалыматта.
Буга байланыштуу кылмыш иши Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматынын өндүрүшүнө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен ("Опузалап талап кылуу") 209-беренесине ("Алдамчылык") кайра квалификацияланган. 5-июнда А.У. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген. Милиция козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланып жатканын билдирди.
Кишен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
ИИМ: Аламүдүндө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0