Садыр Жапаров: желген акчаны эки эмес, 5-10 эсе кылып өндүрүүнү карап жатабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы эс алуу жана маданият паркынын ачылышында сүйлөп жатат
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы эс алуу жана маданият паркынын ачылышында сүйлөп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Жазылуу
Президент жакында эле Тамчы аэропортунун жанына курулуп, кайра алынган аялдамага, андагы коррупциялык фактыга токтолду.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Желип кеткен акчаларды эки эсе эмес, 5-10 эсе кылып кайра төгүп берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата калаасындагы паркты ачуу салтанатында сүйлөп жатканда айтты.
Өлкө башчы коррупция аралашкан бир нече фактыларды келтирип, инвесторго болгон мамиле туурасында айтып, акча талап кылган деп бир катар ысымдарды атады.
Беш жылдыздуу отель, урматы жок Урмат туурасында
"Былтыр ушул жердеги резиденцияга чогултуп, "беш жылдыздуу мейманкана кура турган өзүбүздүн ички инвестор, бай балабыз бар экен. Депутаттар тарабынан "салдырбайбыз, акча бер" деген сындуу бут тосуулар болуп жатыптыр, биз талаадан, сырттан инвестор издеп, тартып келип жатабыз, андай кылбагыла" деп айттым эле. Тилекке каршы, аны эч ким укпаптыр. Беш жылдыздуу отелдин курулушу жүрүп калышы керек, бир жылдан ашып кетти, бүгүн да баштала элек экен. Бир депутат... аты Урмат экен. Аты Урмат деп жакшы экен, бирок өзү урматсыз экен. "Каршы чыгам, депутаттардын бардыгын каршы үндөйм, салдырбайм" деп туруп бир миллион сом алыптыр. "Жаштар каршы чыгабыз" деп жаштардын атынан келип 10 миң доллар алыптыр. "Булардын оозун басайынчы деп бердим. Эми баштап жатам, 1,5 жыл ичинде тургузам деп жатат", — деди Жапаров нааразы боло.
Президент отель курулуп, иштеп кетсе каражат шаарга, элге түшөрүн, бут тосуучулук болуп жатканын айтып, "ушундай капачылык бар" деп бул факты боюнча сөзүн жыйынтыктады.
Андан соң коррупциялык иштердин дагы бир өзү маалымдар болгон фактысына токтолду.
Эске салсак, бир нече күн мурда Башкы прокуратура Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортунун маңдайындагы баасы миллион сомго чукулдаган эки аялдаманын курулушу боюнча маалымат тараткан.
"Бир жарым ай мурда Тамчынын аэропортуна барып кондум да, бери кайрылдым. Орой сүйлөсөм кечиресиздер, бир туалет турат, эми... аялдама (күлдү). Анын ким курганын тактадым. Башкы прокуратура бир нече күндөн кийин маалымат берди. Карасам, айыл өкмөт Кумтөрдөн түшкөн каражатка салып, 840 миң сом коротулуптур. Ошону мен 40 миңге да курбайт элем... 20 миң сомго салып коймокмун. Анан камалды, бүгүн эки эселеп төгүп жатат (жеген акчасын – ред.). Ал эми ошол жерге долбоорун чийдирип, жерге эки тарапка кеткен аялдаманы замандын талабына ылайык кылып, 328 миң сомго жасаттык. Беш күндөн кийин даяр болот. Ары-бери өткөндө өзүңүздөр мурункусу менен салыштырып көрөсүздөр. Эмне үчүн өнүкпөй келгенбиз... 30 жылдан бери жеп-ичип көнгөнбүз", — деди президент.
Жапаров бул сыяктуу Таласта болгон дагы бир фактыга токтолду. Ал жерде балдар аянтчасын жасоого 4 миллион 800 сом "жумшалганын" айтып, бирок "ал жерге 800 сом да кетпейт эле" деди.
"Азыр 2-3 эселеп төгүп жатат. Ал жерди да жасайбыз, канча акча кеткенин көрсөтөбүз", — деди.
Өлкө башчы бул акимдерге, мэрлерге, министрликтерге, мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү экенин айтты. Ал ичип-жегендерге карата мыйзамды катуулатып, чара колдонуу туурасында иштер жүрүп жатканын белгиледи.
"Бүгүнкү мыйзамдар боюнча корогон акчанын өзүн же эки эсе кайтарсын деген эле нормалар, беренелер бар. Биз беш эсе, он эсе кайтармайын түрмөдөн чыкпайсың деп мыйзамга өзгөртүү киргизели деп жатабыз (элдин арасынан туура деп колдогон үн чыкты – ред.). Жеген акчасынын өзүн эле кайтартып койсоң, "кайра төгүп берип коюп, түрмөдөн чыгып кете берем" деген көндүм адат болуп калат экен. 5-10 эсе кайтармайын чыкпайсың дегенде коркобу деп жатам", — деди Жапаров.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2023
УКМК Таластын вице-мэри менен шаардык кеңештин вице-спикерин кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0