Киевде Patriot кантип талкаланып, америкалык миф кандайча жокко чыкты? Сереп

© AFP / JACK GUEZАмерикалык Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив
Америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Жазылуу
Америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекси россиялык гиперүндүү ракеталар менен тиреште ийгиликке жете албайт. Анткени алар секундасына 2 200 метрге чейинки ылдамдыктагы буталарды да аныктап, кармай алышат.
Буга РФ Аба-космостук күчтөрүнүн МиГ-31К истребители 16-майда Киевде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин "Кинжал" гиперүндүү ракетасы менен жок кылышы таасын далил. Россиялык "Кинжал" 10 Махтан ылдамдыкта, башкача айтканда, секундасына 3 400 метрден ашуун учарын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул сапар көбүнесе эки державанын аталган аскердик бирдиктерин мүнөздөгөн.
Patriot зениттик-ракеталык комплексинин радарлары технологиялык жактан "Кинжал" гиперүндүү ракеталарын "байкап" да, "кууп жетип" талкалай да албайт. Америкалык зениттик ракеталардын эң жогорку ылдамдыгы – секундасына 1 700 метр. Ошондуктан украиналык согуштук аракеттер театрында Patriot зениттик-ракеталык комплексинин жок кылынышы акыркы ирет эмес.
Дагы бир ирет РФ Аба-космостук күчтөрүнүн МиГ-31К истребители 16-майда Киевде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин "Кинжал" гиперүндүү ракетасы менен жок кылганын белгилей кетели. Ошол эле учурда Россиянын каршылаш тарабынын согуштук эсеби зениттик комплексин коргоп кала албады. Экөө гана бет келишкен учурда россиялык "Кинжал" америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареясын жарактан чыгарары турулуу.
Америкалык комплекс жарыяланган мүнөздөмөсүнө ылайык, эң узак 80 чакырым аралыктан бутасын жок кылат. Иш жүзүндө үч ракетанын бирөө гана бутасына тиет. Ал эми "Кинжал" 80 чакырым аралыкты 23 секундада учуп өтөт, демек, аталган ракеталык комплекс батареясын кайра кубаттамак тургай, качууга да үлгүрбөй калат.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу киевдик бийликтин аба чабуулунан коргоочу украиналык тутумдардын алты "Кинжалды" атып түшүргөнү жөнүндө мурдагы күнкү билдирүүсүн төгүндөдү. Россия эч качан андай санда гиперүндүү ракеталарын кое бербейт. Киевдегилер америкалык кожоюндарына жагынууга канча аракет кылышпасын АКШ менен НАТОнун аба чабуулунан жана ракетага каршы коргонуучу учурдагы жана келечекте чыгарыла турган комплекстери технологиялык жактан гиперүндүү буталарды кармоого дарамети жетпейт.
"Кинжалдын" 10 Махы – бул саатына 12 250 чакырым же секундасына 3 402 метр.
Patriot зениттик-ракеталык комплексинин эч бир модификациясы кырк жыл аралыгында эч бир өлкөдө, жер-жерлердеги жаңжалдарда касташкан тараптын бир дагы учагын атып түшүрө алган эмес. Ракета, дрондор менен кармашта да америкалык комплекстин өнөкөт мүчүлүштүктөрү көп. Балким, Вашингтондо Ак үйдү асмандан жергиликтүү Patriot эмес, норвегиялык мүнөздөгү NASAMS зениттик-ракеталык комплекси күзөтүп турганы да көп нерседен кабар берер.
Ошентсе да АКШнын аскер-өнөр жай комплекси дүйнөгө дагы бир ирет уят болду. Эгер дүйнөдө "мыкты атыккан" америкалык зениттик-ракеталык комплекс өзүн-өзү коргой албаса, маанилүү аскердик объектилер же калааларды калкалай алары туурасында кантип кеп козгоого болсун?! Ошондуктан Вашингтон Россия менен болгон тирештеги аскердик-технологиялык жеңилгенин болушунча жымсалдоого тырышууда.
Кошмо Штаттар мурдагы күнү Украинада Patriot зениттик-ракеталык комплексине урулган россиялык ракеталык соккунун майнаптуу болгонун тастыкташты. Бирок чоо-жайын ачыктоодон баш тартышты. Ак үйдүн өкүлү комплекс "Кинжал" гиперүндүү ракетасы менен толук эмес, бирок жабыркаганын гана белгиледи. Америкалык адистер жеринде аны оңдоо жагын караштырып жатышкан имиш.
АКШдагы жашыруун расмий булактардын дагы бири ремонттон кийин Patriot тутуму Украинада каларын маалымдады. Себеби бул – абдан кылдат тема, себеби жок кылынган "патриоттук" батареянын наркы – 1,1 млрд доллар. Ар бир зениттик ракетанын баасы 2-4 миллион доллардан айланат. Украина Куралдуу күчтөрү алардын ондогон бирдигин куру бекер сарптады.
Киевде 16-майда россиялык соккудан улам Patriot зениттик-ракеталык комплексинин ок атуучу түзүлүштөрү, жарык берүүчү, бутасын мээлөөчү радиолокациялык станциясы, ошондой эле башкаруу станциясы жабыркаган. Батареясы 4 – 8 ок атуучу түзүлүшкө ээ (алардын ар биринде төрт ракета жайгашат), көп функциялуу радар жана колдоочу башка машиналар (90 чакты адис карайт) бар.
Замбиректен атып жаткан украин аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинанын "контрчабуулун" жылдырууда
Patriot зениттик-ракеталык комплекси америкалык көркөмдөлгөн мифологияда душмандын учактары, баллистикалык жана канаттуу ракеталары менен кармашууга багытталган аба чабуулунан коргоочу каражаттар тутумунун эң алдыңкыларынан экени айтылат. Дүйнөдө аба чабуулунан коргоочу каражаттардын заманбап модификациядагы тутумунун "эң мыктысын" согуш талаасында жоготууну моюнга алыш кыйын, бирок башка арга жок. 40 жылдан бери Иракта "Скаддардан" йемендик учкучсуздар улам оңтойсуз жагдайларга кабылып келгенин эске алсак, акыры украиналык согуштук аракеттер театрында катуу уятка калганы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Перс булуңундагы согуштан туура он жылдан кийин Пентагон өз "Патриотторун" кыйла майнаптуу PAC-3 конфигурациясына чейин заманбапташтырган. Кыска аралыктагы бир нече ракетаны, учкучсуздарды согушта жабыркатканы менен көп буталарына тийбей калганы маалым.
Иракта жаңылыштык менен АКШ жана анын союздаштарынын учуучу аппараттарын – F-18 Hornet, RAF Tornado, UN-60 Black Hawk атып алган. Экинчи жагынан америкалык F16 да Иракта Patriot зениттик-ракеталык комплексинин ракеталык батареясын талкалаган. Аба чабуулунан коргоочу тутумдун эсеби катачылык менен истребителди мээлеп, атууга даярданган.
Орто аралыкка ылайык аба чабуулунан коргоочу америкалык комплекстин мифологиясы бюджеттик максатты гана көздөгөн. 2023-жылга АКШ конгресси ракетага каршы коргонуучу программага 30 млрд доллар бөлгөн. Бирок Украинага мурда бөлүнгөн 48 млрд доллардан резервде 6 млрд доллары гана калды. Кошумча дагы алууну макулдашуу кыйынга турары бышык. Батыштын киевдик кол куурчактары аба чабуулунан коргонуучу тутумдарды мурдагыдан эки эсе көп талап кылып жаткан чагы. Конгресс майнапсыз чыгымдарга анчалык чоң каражат бөлөрү күмөн.
Россия менен прокси согуш Батышка улам кымбатка түшүп, бушайманга да салууда. Украиналык согуштук аракеттер театрында РФ күчтөрү суткасына жети британиялык Storm Shadow канаттуу ракетасын жок кылууда, бул жалпы 7 млн долларды түзөт. Андан тышкары, ондогон HARM радиолокацияга каршы ракеталар, HIMARS реактивдүү дүрмөттөр жок болууда.
Батыштын эскалацияга улам жол бериши, чечилбеген маселелер топтому дүйнөнү улам өзөктүк согушка жакындатып, АКШ менен НАТОну туңгуюкка кептөөдө. Алар мындан сайгондук же кабулдук сценарий боюнча гана чыгышы ыктымал.
The American Conservative басылмасы жазгандай: "Украинанын Россияны жеңүүдө Мексиканын Кошмо Штаттарга каршы тап беришиндегидей эле мүмкүнчүлүгү бар, реалдуулук ушундай. Жаңжалды узартуу бул теңдемени өзгөртүп жибербейт".
Москва Батышка каршы "эсти оодара турган" чараларды камдап туру, америкалык жана европалык компаниялар РФте өз активдеринен кол жууп калышы толук ыктымал. Кремль алардын мындай кастыгы үчүн Америка менен Европаны катуу жазалаары айдан ачык.
Росимущество федералдык агенттиги АКШ жана Европа биримдигинин санкциялары менен РФтеги ишмердиги токтолгон батыш компанияларын өз көзөмөлүнө алууга акысы бар. Россия президентинин буйругу менен мекеме чет өлкөлүк активдерди баалап, аларды аукциондон россиялык сатып алуучуларга сатмакчы. Ары арзан, ары жакшы, бирок бул дагы азырынча согуш эмес...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Patriot зениттик ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский "контрчабуул" үчүн Батыштан эмне сурап алды? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0