https://sputnik.kg/20230523/zhkkkbb-aymatagy-zhetekchiler-rotaciyalandy-1075561860.html
ЖКККБнын Ош, Бишкек жана Нарындагы жетекчилери ротацияланды
ЖКККБнын Ош, Бишкек жана Нарындагы жетекчилери ротацияланды
Sputnik Кыргызстан
Жаңы дайындалган жетекчилерге жол кырсыктарын алдын алуу сыяктуу тапшырмалар берилген. 23.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-23T12:33+0600
2023-05-23T12:33+0600
2023-05-23T12:33+0600
кыргызстан
иим
жкккбб
жетекчи
алмаштыруу
ротация
https://sputnik.kg/img/104724/28/1047242865_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_41e89aeba4cf6b924c47fe03dfa0f064.jpg.webp
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облус жана шаарлардагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.ЖКККББнын кызматтарын чыңдоо максатында ротация жүргүзүлгөнү белгиленди. Жаңы дайындалган жетекчилерге, жол кырсыктарын алдын алуу, санын кыскартуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырмалары берилди.Дайындалган жетекчилер:
https://sputnik.kg/20230307/naryn-chuy-militsiya-zhetekchi-rotatsiya-tizme-1073413680.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104724/28/1047242865_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_a0cb9beb86b63124daed7cd4fbdcde51.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, иим, жкккбб, жетекчи, алмаштыруу, ротация
кыргызстан, иим, жкккбб, жетекчи, алмаштыруу, ротация
ЖКККБнын Ош, Бишкек жана Нарындагы жетекчилери ротацияланды
Жаңы дайындалган жетекчилерге жол кырсыктарын алдын алуу сыяктуу тапшырмалар берилген.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облус жана шаарлардагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
ЖКККББнын кызматтарын чыңдоо максатында ротация жүргүзүлгөнү белгиленди. Жаңы дайындалган жетекчилерге, жол кырсыктарын алдын алуу, санын кыскартуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырмалары берилди.
Абдукеримов Альберт Маматбекович — Ош шаардык Кайгуул милициясынын башчылыгынан бошотулуп, Талас ЖКККБнын жетекчиси кызматына;
Чалыбаев Мирлан Райымбекович — ЖКККББнын финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекчилигинен бошотулуп, Нарын ЖКККБнын жетекчиси кызматына;
Жумагулов Айбек Рыскулович — Бишкек Кайгуул милициянын башчысынын орун басарлыгынан кетип, Ош шаардык Кайгуул милициясынын жетекчиси кызматына;
Жангабылов Бактыбек Кемелович — Нарын ЖКККБнын башчылыгынан бошотулуп, ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн жетекчиси кызматына;
Кошматов Асылбек Абдыганиевич — ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнүн кесиптик даярдык жана өздүк курамы менен иштөө тобунун улук тескөөчүлүгүнөн бошотулуп, финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекчиси кызматына;
Исаков Алмазбек Карыпович — Талас ЖКККБнын башчысы кызматынан кетип, укук коргоо органдарынан бошотулду.

7 Жалган Куран 2023, 22:40