Нарын менен Чүйдүн милиция жетекчилери ротацияланды. Тизме

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Жазылуу
Жаңы дайындалган башкармалыктардын жетекчилерине иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар берилди.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин тутумунда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы дайындалгандар:
Сапарбек Асаналиев Чүй ОИИББнын башчысы кызматынан бошотулуп, Нарын ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды;
Дамирбек Исаков ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды;
Каныбек Абдырахманов Чүй ОИИББнын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы болуп дайындалды;
Талантбек Аттокуров Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Жайыл РИИБдин начальниги кызматына дайындалды;
Искен Базаркулов Чүй облусунун Жайыл РИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББ башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү;
Руслан Кадыров Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.
“Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны алдын алуу тапшырмалары берилди”, — деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Бир катар район, шаардык милиция бөлүмдөрүнүн башчылары алмашты. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0