Баткенде үй кургандар, ишкерлер акчасын ала албай дагы Бишкекке келишти

© Sputnik / Аяна Байтемирова Баткендеги талкаланган турак жайларды куруп иштеген усталар жана курулуш материалдарын саткан соодагерлер акчасын ала албай жатканын айтып президентке кайрылышты
 Баткендеги талкаланган турак жайларды куруп иштеген усталар жана курулуш материалдарын саткан соодагерлер акчасын ала албай жатканын айтып президентке кайрылышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Жазылуу
Соңку айларда чек арадагы кагылышта өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүү иштерине катышкан жарандар эмгек акысын өндүрө албай байма-бай арызданып чыгууда.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Баткендеги талкаланган турак жайларды куруп иштеген усталар жана курулуш материалдарын саткан соодагерлер акчасын ала албай жатканын айтып президентке кайрылышты. Жеринде маселе чечилбегендиктен алар Бишкекке чейин келишкен.
Алардын айтымында, Баткенде үйлөрдү салган усталар, жеке ишкерлер, курулуш материалдарын, азык-түлүк саткан дүкөндөр акчаларын ала албай жүрүшөт. Подрядчы фирмалар 300дөй адамга 70 миллион сомдой карыз. Андыктан башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы жана ал жалдаган "Алмалуу доор курулуш", "Келечек ЛТД" аттуу субподрядчылардын үстүнөн арызданышууда.
Куруучулардын бири Талант Кубатбеков аталган фирмалар каражат мамлекет тарабынан бөлүнбөгөнү үчүн бербей жатканын айтканын билдирди.
"Биз Баткенде октябрь айынан фервалга чейин үй салып иштедик. Бирок акыркы айдын акчасын бардык 300дөй куруучуга ар кандай шылтоолорду айтып бере элек. Ар бир адамга 85 миң сомдон карыз. Сурасак өкмөт которо элек деп жатышат", — деди куруучу.
Курулуш материалдарын саткан дүкөндүн ээси Тагдырбек Кошматов буга чейин арызданып келгендерге гана акчасы берилгенин айтып, башкаларга азыркыга чейин төлөнө электигин белгиледи.
"Өткөндө президентке кайрылып Бишкекке келген курулушчулар акчасын алды деп угуп биз да келдик. Мен дүкөндөн түрдүү материалдарды бергем, бирок 10 миллион сомдой акчамды бербей жатышат", — деди Кошматов.
Жабырлануучулардын бири Максат Абдиллаким уулу 650 миң сомун ала албай жатканын айтты.
"Биз ал жерде такси кызматын аткарганбыз. Анан дүкөндөн нан, эт, күрүч, май сыяктуу азык-түлүгүн ташып бергенбиз. Биз деле ал акчаны насыяга алып жүргөнбүз. Айлабыз кеткенде Садыр Нургожоевичке кайрылганы келдик. Бул ишти көзөмөлүңүзгө алып, оң жагына чечип берүүңүздү өтүнөбүз. Чек арадагы кагылышта талкаланган үйлөрдү курууда тендерден уткан башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" "Алмалуу Доор курулуш" жана "Келечек ЛТД" деген сыяктуу субподрядчыларды жалдаган. Президент буларга ишенип берсе шалаакылык кылып жатат. Депутаттарга кат менен кайрылдык, бирок жооп келе элек", — деди Абдиллаким уулу.
Буга чейин аталган көйгөйдү Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев да айтып чыккан.
Бир нече куруучулар Бишкекке чейин келип, 300дөй адам 30 миллион сомдук акысын ала албай жатканын айтып президентке кайрылуу жасашкан. Алардын айтымында, башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" Капчыгай айылына "Алмалуу Доор курулуш" аттуу субподрядчыны жалдаган. Андан соң ал дагы жети-сегиз суб-субподрядчы жалдап, ар бирине беш-ондон үй бөлүп берген. Кийинчерээк президенттин администрациясы карыздар төлөнө баштаганын билдирген.
Деген менен арадан көп өтпөй эле курулуш компаниялары менен кызматташып, бирок акчасын ала албай калган баткендик ишкерлер бийликтен жардам сурап облустук администрацияга келишкен.
Белгилей кетсек, Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын куруп бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын убадалаган. Бирок мөөнөтү кайра-кайра жылып отуруп, эми майда бүтөрү айтылууда. Курулуш иштерин көзөмөлдөө президенттин иш башкармалыгына тапшырылган.
Баткен облусунда турак уйлерду куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Баткенде курулуш материалын саткан ишкерлер акчасын ала албай бийликке кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0