00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
On air
14:07
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткенде курулуш материалын саткан ишкерлер акчасын ала албай бийликке кайрылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевБаткен облусунда турак уйлерду куруу. Архив
Баткен облусунда турак уйлерду куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
Арыздар укук коргоо органдарына өткөрүп берилип, териштирүү иштери башталган.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө курулуш компаниялары менен кызматташып, бирок акчасын ала албай калган баткендик ишкерлер бийликтен жардам сурап кайрылды. Алар бүгүн, 11-майда, Баткен облустук администрациясына келишкенин маалымат кызматы билдирди.
Ишкерлер менен президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жолуккан. Нааразы тараптар курулуш компанияларына убагында курулуш материалдарын жана азык-түлүктү карызга берип, акчасын ала албай жаткандыктарын айтышкан.
Бул маселе боюнча ишкерлердин арызы укук коргоо органдарына өткөрүп берилип, териштирүү иштери башталганы белгиленди.
Буга чейин аталган көйгөйдү Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев да айтып чыккан.
"Канчалаган дүкөндөрдөн материалдарды алышкан, тамак бышырган ашпозчулары болгон экен. Субподрядчы менен суб-субподрядчылардын ортосундагы маселеден биздин эл кыйналып жатат. Акчасын алган, бирок ал жакка жеткирип берген эмес, качып жүрөт дейт. Андан сырткары, Өзбекстандан куруучулар келип иштеген экен. Аларга да акчасы берилбей кете албай жүрүшөт. Ушул маселени өкмөт катуу көзөмөлгө алып берсеңер", — деген депутат.
Куруучулар да Бишкекке чейин келип, 300дөй адам 30 миллион сомдук акысын ала албай жатканын айтып президентке кайрылуу жасашкан. Алардын айтымында, башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" Капчыгай айылына "Алмалуу Доор курулуш" аттуу субподрядчыны жалдаган. Андан соң ал дагы жети-сегиз суб-субподрядчы жалдап, ар бирине беш-ондон үй бөлүп берген. Кийинчерээк президенттин администрациясы карыздар төлөнө баштаганын билдирген.
Белгилей кетсек, Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын куруп бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын убадалаган. Бирок мөөнөтү кайра-кайра жылып отуруп, эми майда бүтөрү айтылууда. Курулуш иштерин көзөмөлдөө президенттин иш башкармалыгына тапшырылган.
Баткен облусунда курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Баткенде үйлөрдүн курулушу эмнеге кечеңдегенин текшерүү үчүн комиссия түзүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0