АКШ гиперүндүү куралдардын "сырын" таптыбы? Аскердик сереп

© Фото / Air Force / Giancarlo CasemАКШнын гиперүндүү ракетасын сыноо. Архив
АКШнын гиперүндүү ракетасын сыноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Жазылуу
Пентагондун жетекчилиги бюджеттен көбүрөөк каражат бөлдүрүү үчүн эмнеге гана барбайт... Бул ирет гиперүндүү курал чыгарууга белсенди.
Мындай аракеттер кандай аяктайт? Эмне менен бүтөт? Ушул өңдүү соболдорго аскердик баяндамачы Александр Хроленко жооп издеп көргөн.
АКШ аскер-аба күчтөр министри Фрэнк Кендалл 27-апрелде конгрессмендерге ARRW гиперүндүү ракеталары алардын прототиптери менен иштер аяктаганда сатып алынарын билдирди. Гиперүндүү куралдардын "сырын тапканы" туурасындагы бүйүр кызытып ашкере жар салынган бул билдирүү AGM-183A ARRW программасы расмий түрдө жабылганынан бир нече апта өтпөй жасалды.
Мындай карама-каршылык Пентагондун жана аскер-өнөр жай комплексинин олчойгон суммадагы акчага болгон чексиз арзуусу менен гана түшүндүрүүгө болот окшойт. Ал эми каражаттар куралдарды сыноонун жүрүшү менен эмес, АКШ Конгрессинин чечимдерине жараша экени белгилүү.
Пентагондун башка планетадан келген гиперүндүү тоскоолдуктарга каршы күрөшүндө колго илинерлик эч кандай жыйынтыгы жок болсо да, жыл сайын миллиарддаган доллар сарпталат. AGM-183A ARRW ракетасынын прототибин сыноо иштери улантыла берет. Ага катар эле HACM (Raytheon Technologies менен 985 млн долларга келишим түзүлгөн) долбоору бышып жетилип калды. Кошмо Штаттар бир эле убакта ондогон гиперүндүү программаларды иштеп чыгууда. Пентагон гиперүндүү изилдөөлөргө келерки жылы 11 млрд доллар сурамакчы. Анткен менен саны сапатка өтө албай келет.
ARRW (Air-launched Rapid Response Weapon – бомбалоочудан атыла турган ракетага орнотула турган гиперүндүү пландоочу аппарат) жана HACM (Hypersonic Attack Cruise Missile – истребителдер көтөрө турган таамай аба-реактивдүү кыймылдаткычка ээ канаттуу ракета) техникалык мүнөздөмөлөрүнө жараша 7 Махка чейинки ылдамдыкта 1000 жана 500 чакырымга чейинки аралыкка уча алышат. Андан мурун айрым сыноолордо макеттер гиперүндүн эң төмөнкү чеги – 5 Махка чейин жете алышкан.
ARRW программасынын өнүгүү жолу татаал, жолу катаал болгон. Ал эми HACM долбоору америкалыктарга кыйла туура келгени жашыруун эмес. Анткени "көп платформалар менен интеграциялоого" ылайык. Ошентсе да качан даяр болору дайынсыз, улам узартылат.
ARRW жана HACM долбоорунун укмуш даңазаланган макеттери туруктуу жана тескелүүчү гиперүндүү ылдамдыкта учууга качан жарап каларын болжоо кыйын. Россиялык экинчи муундагы 10 Махка чейин уча алган "Кинжал" менен "Цирконго" жетүүгө аларга дагы далай жыл бар.
РФ күчтөрү Украинадагы атайын аскердик операция зонасындагы гиперүндүү ракеталарды ийгиликтүү колдонуп жатканын эсиңиздерге сала кетейин. Мурдараак АКШ Аскер-аба күчтөрү Конгресстен 161 млн доллар сурап, 2022-каржылык жылында ARRW ракетасынан 12 бирдик сатып алууну көздөгөн. Ал эми быйыл Пентагон 46,6 млн долларга алгачкы гиперүндүү ракетаны сатып алууну пландаган. Бирок жок нерсени кантип сатып алышсын?! Фактылар АКШда жогорку технологияларды өнүктүрүү каржылоого гана байланыштуу эмес экенин айгинелейт.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина "контрчабуулунун" үч сценарийи. Артемовскидеги кырдаал
Миллиарддаган долларларды басып чыгара калып, бөлүп коюу бачым эле чыгар, бирок гиперүндүү бөгөттү жоюуга эбегейсиз суммалар да көмөкчү боло албайт тура. Тегин жерден АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн жетекчиси Фрэнк Кендалл дегеле гиперүндүү куралдарга сын көз карашта. Анын пикиринде, гиперүндүү ракеталык комплекстерге мурдатан ээлик кылган Россия менен Кытайга каржы жана стратегиялык жактан атаандашуу акылга сыярлык эмес.
Америкалык Lockheed Martin корпорациясы гиперүндүү технологияларды иштеп чыгып жатканына 60 жылга чукулдап калды. Мыкты жыйынтыкка 2023-жылдын январында жетишишкен. Ошол маалда HAWC макети B-52 бомбалоочусу менен 550 чакырымдан ашуун аралыкка, 18 чакырым бийиктикте (демек, стратосферада), ал эми 5 Махта саатына 6 100 чакырым аралыкка атылат.
Ракеталардын буталарына кандай тийгени туурасында айтылган эмес. Мындай өндүрүмдүн сериялык өндүрүшү азырынча эрте, маңызсыз жана майнапсыз. Бир топ жыл керек. Ошентсе да гиперүндүү куралдын жоктугу АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнө жана Lockheed Martin корпорациясына чыгарыла элек ракеталык тутумду ZUMWALT классындагы көзгө көрүнбөс, бирок кырсыкка көп кабыла турган эсминецти айкалыштыруусуна жолтоо болбойт өңдөнөт.
АКШ Аскер-деңиз флоту менен Ingalls Shipbuilding аскердик кеме куруучу компаниясы жыл башында 10,5 млрд долларга Zumwalt стелс-эсминеци жана USS Michael Monsoor (DDG-1001) эсминецин заманга бапташтырууга кол коюп, аларга 12 гиперүндүү ракетаны жайгаштырууну пландашкан.
РФ менен КЭРден технологиялык жактан артта экенине карабастан, Пентагондогулар гиперүндүүлөрдү америкалыктар 2025-жылы багындырат деп үмүт артарына ынанышат. Баасы да эбак аныкталып, ар кыл модификациядагы сериялык гиперүндүү ракеталардын ар даанасы 18–41 млн доллардан бааланган. Ар бир модификациядагы сериялык 300 ракетаны чыгарууну эсепке алганда башка гиперүндүү программалардын ар бири 15 млрд доллардан 18 миллиардга чейин турат. Аскер-аба күчтөрү жана Кургактагы күчтөр Пентагондун 2019-жылдан бери гиперүндүү иштелмелерге 8 млрд долларды бөлгөнүнө кызыкдар эле. 2023-2027-каржылык жылдарына карата коргоо планынын алкагында дагы 13 млрд доллар сарптоону пландайт.
Конгресстин берешендиги да кызык жагдай, америкалык гиперүндүүлөргө жаңы технологиялардын, өндүрүштүк кубаттуулук, таланттуу окумуштуулардын айкалыштыгы жетишсиз. Жеңил жана оор шарттарда гиперүндүү бирдиктерди сыноонун так пландары жок. Вашингтондогу акча агымын айлантуу улуттук коопсуздук жана куралдануу жаатындагы реалдуу илимий-технологиялык секириктен да маанилүү экени даана көрүнүп турат.
Аскердик баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Patriot зениттик ракеталык комплекстери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Patriot менен F-16: суу кечпей калган америкалык мифология
Жаңылыктар түрмөгү
0