Россияга балык жана сүт азыктарынын экспорту кандай шартта жанданары айтылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСупермаркеттеги кардар. Архив
Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
Россельхознадзор бир катар эреже бузууну аныктап, Кыргызстандан сүт азыктарын алууну токтоткон.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстан сүт жана балык азыктарын экспорттоону Россельхознадзордун инспекциясынан кийин гана жанданта алат. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Сергей Данкверт айтканын маалымат кызматы кабарлады.
24-апрель күнү Кыргызстандын айыл чарба министри Самат Насирдинов Москва шаарында Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушкан. Бул мамлекеттик ветеринардык көзөмөл, мал ылаңынын эпизоотикалык мониторинги жана Кыргызстандын тиешелүү органдарынын лабораториялык ишиндеги айрым кемчиликтерге байланыштуу өтүп жаткан эки өлкөнүн ведомстволор аралык консультациясынын уландысы болду.
"Россельхознадзордун инспекциялык сапарынан кийин Кыргызстандын ветеринардык адистери ЕАЭБ өлкөлөрүн продукция менен камсыздагандардын реестрине жергиликтүү компанияларды киргизүүгө жана Россияга продукция жөнөтүүнү көзөмөлдөөгө үстүртөн мамиле жасаганы такталды", — деп айтылат маалыматта.
Сүт азыктарын чыгарган компанияларды кароо учурунда бодо малды лейкоз, паратуберкулез жана контагиоздук плевропневмонияга карата текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле шарпка каршы эмдөөнүн майнаптуулугун тастыктаган документтер жок болуп чыккан.
"Ишканалардын фермаларда колдонулган дары каражаттары тууралуу маалыматы болгон эмес, демек, өнөр жайды көзөмөлдөө программалары кагаз жүзүндө эле жазылып келген. Мындан тышкары, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн айрымдары заводдо маркаланбай сакталган чийки сүттүн кайдан кантип келгенин айтып бере алышкан жок", — дешти мекемеден.
Россельхознадзор Кыргызстандагы балык чарбаларында да ушундай эле көрүнүш өкүм сүрөрүн белгилеген. Булардан сырткары, республика аймагында сырье ветеринардык коштоочу сертификаты жок ташылганы аныкталган. Ишканаларга балык эч кандай документи жок маркаланбай алып келинген.
"Данкверт Кыргызстанда ветеринардык көзөмөлдүн заманбап системасын түзүп, санарип технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул соода өнөктөштөр үчүн коопсуздук менен сапаттын кепилдиги болуп берет. Аталган багытты жолго коюуга Россельхознадзордун көп жылдык тажрыйбасы үлгү боло алат", — деп айтылат билдирүүдө.
Россия чет жактан продукция алууга РФ менен ЕАЭБдин мыйзамдары сакталган учурда гана даяр болору белгиленди.
"Данкверт Кыргызстандан балык жана сүт азыктарын алуу Россельхознадзордун инспекциясынан кийин гана жанданарын айтты. Жакын арада тиешелүү органдардын өкүлдөрү балык өндүргөн эки компанияны текшерет, андан кийин тизме сүт азыктарын чыгарган компаниялар менен толукталышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар кыргызстандык адистер экспортчулардын тизмесин кайра түзүп чыгып, Россияга жөнөтүү процессине жеринде көзөмөл кылуусун макулдашышты.
"Насирдинов Данквертке конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, ветеринардык көзөмөл системасын жакшыртууга даяр экенин билдирди", — деп айтылат кабарда.
Эскерте кетсек, жакында эле Россельхознадзор бир катар эреже бузууларды аныктап, Кыргызстандан сүт алууну токтоткон. Февралда аталган мекеме Кыргызстандын Ветеринардык кызматына кайрылып, Россияга жөнөтүлүп жаткан форель менен форель икрасын экспорттоого лицензия берүүнү токтотуу өтүнүчүн билдирген. Буга тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашыкча экени себеп болгон. Айыл чарба министрлиги экспорт жандана турганын, бирок бул тизмеге кемчиликтерин жойгон компаниялар гана кирерин айткан болчу. Кечээ Кыргызстандагы төрт компания жакын арада Россияга товар жөнөтүүгө уруксат алары маалымдалды.
Форельди кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Форель алтынга тете пайда алып келет. Экономика министрлигинин программасы
Жаңылыктар түрмөгү
0